12-17-январь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында окуучулар арасында математика, информатика жана физика сабактары боюнча XIII Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадасы болуп өттү.
Кыргызстандын командасы 21 окуучудан түзүлүп, анын ичине Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин 15 окуучусу кирди.
Тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча:
Информатика сабагынан «Ош-Сема» лицейинин 10-класстын окуучусу Мадаминов Акбар алтын медалга ээ болду. Ал эми Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-класстын окуучусу Жусубалиев Амангелди күмүш медалга жана Х.Карасаев атындагы Каракол лицейинин 10-класстын окуучусу Касымов Арсен коло медал ээ болушту.
Математика сабагынан Х.Карасаева атындагы Каракол лицейинин 10-класстын окуучусу Жекшеев Дослан жана «Талас Манас-Ата» лицейинин 11-класстын окуучусу Чикетаев Бегаалы коло медалдар менен сыйланышты.
Физика сабагынан Х.Карасаева атындагы Каракол лицейинин 10–класстын окуучусу Мырзабеков Азамат жана «Семетей» атындагы Кадамжай лицейинин 11-класстын окуучусу Садиков Артур коло медалга ээ болушту.
Бул олимпиада 2005-жылдын январь айынан тартып 13 мамлекеттин арасында өтүп келет. Негизги максаты – физика,математика жана информатика илимдерин пропагандалоо, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле талантуу жаштарды ачуу, маалыматтык технологияны өнүктүрүү жана маалыматтык маданияты жогорулатуу болуп эсептелет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ