Menu

Азимбек Бекназаров: Унчукпай коюуга акым жок – 3, чырга айланган «мегакомдогу» коррупция

Бөлүшүү:

Уландысы

Ошол эле учурда “Мегакомдун” 100% акциясына арест салынып, аны эч кимге ээлеп алганга жол берилген жок. Чындыгында, “Текебаев, Салянова, Шыкмаматовдордун “Мегакомдо” 5–6% акциясы оффшордо бар”-деген сөз наадандык. Бирдемени айтардан мурда Кудайдан коркуш керек!

2010-жылдын сентябрь айында Башкы прокурор болуп Б. Ибраевдин ордуна келген К. Байболов жогоруда айткандай, “Тут много вопросов. Разберитесь и доложите соображения”-деп өз ишин “Мегакомдун” кылмыш ишинен баштаган. Мурда козголгон № 150–10–17 сандуу кылмыш иши кайра “ревизияга” алынат. Акырында “Penwell Bussiness Limitedге” убактылуу сактоо үчүн берилген 51% акциясы кайра дагы арестке алынып, эми сактоо үчүн Кыргыз мамлекеттик мүлк комитетине берүү менен бүтүп, (бул чечим “Р. Рыкунова А. Бекназаровдун адамы болушу мүмкүн” деген шек менен гана кабыл алынса керек деп ойлойм) кылмыш иш сотко өткөрүлөт.

Андан бери 7 жыл өтүүдө. Байболовдон кийин да эки Башкы прокурор, 6 Өкмөт алмашты. Ал кылмыш иш ушул күнгө чейин 1-май райондук сотто каралбай жатат. Эмне үчүн? Атамбаев менен Текебаевдин жаңжалы, “Мегакомдун” чыры кайрадан эл аралык денгээлге чыгып жатканынын түйүнү ушул жерде.

Урматтуу мекендештер! Ошол 2010-жылдагы июнь коогалаңында өлкөбүз каржы таппай кыйналганда Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Р. Отунбаева: — ​“Түштүктө абал курчуп, эл кыйналып жатат, акча жок, “Мегакомдун” 49% акциясын сатсак кандай болот?”- деп сунуш киргизген. Мен ошондо, эже, биз убактылуу бийликтебиз, эртең келген бийлик Отунбаева менен Бекназаров “Мегакомдун” улутташтырылган 49% акциясын миллиард долларга сатып, казынага 300 млн доллар кириштептир, калганын жеп коюптур дейт. Улутташтырылган бир дагы обьектиге, акцияларга тийбейли, алардын тагдырын жаңы шайланып келген Жогорку Кеңеш чечсин, дегем. Ал макул болду. Эми эже, “Ээ Азимбек сени укканым абийир болгон экен”- деп жүрөт.

Азыркы чырдын башы Убактылуу Өкмөттүн ордуна келе турган саясий партиялардан башталат. Убактылуу Өкмөттүн улутташтырылган обьект, акциялардын тагдырын чечпей турганын билишкен “Penwell Bussiness Limited” компаниясы, ж. б. А. Елисееви, Е. Гуревичи, Н. Надель да бийликке келе турган партиялардын лидерлери менен тымызын сүйлөшө баштаган. Албетте, биринчи кезекте бийликтин партиясы болгон СДПК жана “Ата-Мекен” партиялары менен сүйлөшөт. А. Елисеевдер жөн жатпай “Республика”, “Ата-Журт” партияларынын лидерлери менен да тымызын сүйлөшүү жүргүзөт. Анткени “Республика”, “Ата-Журт” партияларында Айдар Акаев, Максим Бакиев, А. Елисеев ж. б. менен “табакташ”, “чөнтөктөш” болуп, Максим Бакиевдин өкмөтүндө эн жогорку кызматтарда жүргөн адамдар бар эле. Албетте, бул ошол кезде алынган айрым маалыматтар боюнча менин жеке гана пикирим, ким, кайсыл жерде жолукканы тууралуу менде так фактылар жок.

Ошолордун кесепетинен 2011-жылдан ушул мезгилге чейин сотко өткөрүлгөн иштер ордунан жылбай турат. Орто жолдо нечен адамдарга жөн эле кылмыш иштери козголду. 2012–2013-жылдагы Текебаев менен Бабановдун “согушунун” өзөгү да ушунда. Бүгүнкү Текебаев менен Атамбаевдин “согушунун” сыры да ушул жерде жатат.

Эмне үчүн? Себеби, “Penwell Bussiness Limited” компаниясы 2010-жылдын октябрь айындагы Парламенттик шайлоодо “кеминде 60% орунду жеңем”-деген “Ата-Мекен” партиясына үмүт этет жана реалдуу бийликтин партиясы СДПКга да ишенет. “Шайлоо бүтсө сот иши бүтөр”-деп үмүттөнөт. Бирок Парламентке Убактылуу өкмөтчүлөр менен “реваншисттер” да “ит жыгылыш” болуп келип, Кыргызстандагы саясий күч күтүүсүз кескин өзгөрүлөт.

Эми “Penwell Bussiness Limited” компаниясы 2011-жылдын күзүндөгү Президенттик шайлоонун жыйынтыгын күтөт. Ошол учурда “Ата-Мекен” партиясы “Penwell Bussiness Limited” компаниясынын СДПКга ооп баратканын байкап “Бимокомдун” 100% акциясын мамлекетке алабыз”-деп айтып чыгат. Ал эми Президенттикке талапкер, Өкмөт башчы А. Атамбаев болсо Россия Федерациясынын Президенти В. Путиндин деңгээлинде “Мегакомдун” (“Бимокомдун”) акциясын “Альфа телекомдон” толугу менен “Penwell Bussiness Limited” компаниясына алып берем”-деп убада бергени тууралуу сөз тараган. Ошентип алар А. Атамбаев Президент болгонго чейин дагы күтүштү.

А. Атамбаев Президент болуп шайланды. Бирок, жогоруда айтылган кылмыш иш ордунан жылган жок. Эмне үчүн?-деген мыйзамдуу суроо туулат. Анткени, ал ишти жылдыра турган жаңы Башкы прокурор К. Байболов, А. Саляновалар шашпады. Алар “эки кожоюндун” ортосунда чайналып калышты. Кылмыш ишти карап жаткан соттор да эки оттун ортосунда калып, ортого кыпчылгандай болгон Ө. Бабанов, ж. б. карьералык тагдыры эмне менен бүткөнүн жакшы билесиздер.

2012-жылдын февраль айында 7-апрелден кийин козголгон кылмыш иштер сотто жатып калгандыктан, мен Президент А. Атамбаевге “Унчукпай коюуга укугум жок‑1” деген ачык кат жазып (ал ошол кездеги ММКларга жарыяланган) минтип билдирген экем: “…Чуулгандуу “Мегаком” боюнча сотко өткөрүлгөн кылмыш иш бир жарым жылдан бери токтотулуп, “Мегакомду” талашкандар граждандык тартипте Жогорку Сотко чейин 2–3 жолу дейре каралды. Эмне үчүн кылмыш иштин алкагында Максим Бакиевдердин мафиясындагы 51% акциянын ээлерин кылмыш жообуна тартып конфискация же чыныгы ээси бул экен деп чекит коюуга болбойт? Болот эле, эгерде бийлик кийлигишпегенде.” (А. Бекназаров. “Унчукпай коюуга укугум жок” 26-бет. ОсОО “Continent Print” басмасы. 2012-ж.) Ушул китепчени атайын жолдомо кат менен Президент А. Атамбаевге, 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин бардык депутаттарына бердим. Себеби, китепте Кыргызстандын эгемен доорундагы (1991–2012-жж.) коррупциялык схемалары, анын катышуучулары, кесепеттери жазылган эле.

“Мегакомдун” маселесинде Ө. Текебаевдин Президент А. Атамбаевге караганда чапчаңдыгы далилденди. Ал А. Салянованын жардамы менен А. Елисеевди башка кылмыш иши менен соттоттуруп, “Альфа телекомдогу” А. Елисеев “Бимокомдон” тартып алган 100% акциясын А. Елисеев кылмыш жолу менен тапкан өздүк мүлкү катары мамлекетке конфискациялатып салды. Түздөн-түз “Мегакомдун” акциясына тиешеси бар кылмыш иш азыр да чаң басып 1-май райсотунда жатат.

Ал эми Президент А. Атамбаевдин Россиянын Президенти В. Путинге убада бергени чын болсо, аны ал аткара алган жок. В. Путин А. Атамбаевди “человек слова” деп өзүндөй ойлоп, экинчиден, Кыргызстандагы Акаев, Бакиев доорундагы коррупциялык схемалар жоюлду го деп ишенип ага айтса керек… Анткени ал Россиядан Кыргызстанга жардам катары берилген 300 млн. АКШ доллары Максим Бакиевдин жеке банктарына которулуп кеткенин жакшы билген адам. Маселе чын эле ушундай өнүккөн болсо, эмне үчүн А. Атамбаев В. Путинге берген убадасын аткара алган жок?

Биринчиден, Ө. Текебаев андан чапчаңдык кылып кетти. Экинчиден, Башкы прокурор А. Салянова Ө. Текебаевге көбүрөөк милдеттүү болчу. Үчүнчүдөн, Ө. Текебаев Кыргызстандагы коомдук пикирге туура келген маалымат согушун убагында туура жүргүзө алды. Ө. Текебаев узакка созулган тартыштан кийин “мага да жок, сага да жок” деген принцип менен, өчөшүп бул жолго барды окшойт. Коомчулук “Мегакомдун” 100% акциясын мамлекетке алганды колдомок. Эгерде А. Атамбаев 51% акцияны “Penwell Bussiness Limited” компаниясына алып бергенде, коомчулук алдында “соо эмес, ири акча алды”-деген жасалма күнөө жабышмак.

Төртүнчүдөн, А. Атамбаевдин юрист-кеңешчилери, тергөө, прокуратура, сот органдарында олтурган кадрлары, б. а. командасы кесипкөйлүк кыла алган жок (мүмкүн атайылап кылышкан жок), алар негизинен өзүнүн жардамчылары, катчылары, же өмүр бою “хоп-майлиден” башканы билбеген адамдар болду окшойт. Бешинчиден, өзү да мыйзамды толук түшүнүп, жакшы талдай албайт. Алтынчыдан, “Мегакомдун” акцияларынын чыныгы ээси кимдиги жөнүндө коомчулукка чыныгы чындыкты так айтып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн “коррупционер аталып каламбы”, деп коркту деп ойлойм, ага саясий эрки жетпеди. Жетинчиден, 25 жылдан бери Акаев, Бакиевдердин туура эмес, коррупциялык бийлик жүргүзүүсүнөн коомчулукта бийликке болгон ишеним нөлгө түшүп калып, бийликтин айтканына коомчулук шектүү карап калган. Азыр коомчулукка чындыкты айтсаң ишенбейт, тилекке каршы, жалган айтсаң туура деп калды. Акты кара кылыш бир жумалык иш, (аны бийликтин ММКлары эле жасап коет) кайра ак болуу өтө кыйын.

Ушуга окшогон объективдүү жана субъективдүү себептер менен 2010-жылдын күзүнөн бери түздөн-түз “Мегакомдун” акциясына байланыштуу кылмыш иши каралбай келүүдө. Бул дагы коррупцияга кирет. Жыйынтыгында Максим Бакиевдин тобуна өз акцияларын тарттырып жиберген “Penwell Bussiness Limited” компаниясы Кыргызстандын Президентине, сотторуна, В. Путинге ишенип жүрүп, кайрадан эле өздөрүнүн акциясын үчүнчү жолу эми Кыргызстан мамлекетине тарттырып жиберди. Ушул факты менен “Кыргызстан — ​рекет” мамлекет катары каралып, эми алар аргасыз эл аралык сотко кайрылышы мүмкүн.

“Мегакомдун” ээси менимче “Penwell Bussiness Limited” компаниясы болгон. Муну А. Атамбаев, Ө. Текебаев, Ө. Бабанов, ж. б. бизнес чөйрөсүндөгүлөр, Айдар Акаевдин, Максим Бакиевдин тобу менден жакшы билишет. Ал 150–10–17 сандуу кылмыш иши менен толук далилденген. Сот, прокурорлор да билишет. Анда эмне үчүн азыркы кыргыз бийлиги ачуу чындыкты моюнга алып, “Мегакомдун” чыныгы ээсинин атын атабайт? Мен бул жерде убагында тергелген кылмыш иштердин материалдарына гана таянып айтып жатам. Дагы бирөө “Бекназаров бир компаниянын кызыкчылыгы үчүн өз пайдасын көрүп жатат”-деп айтышы мүмкүн.

Мунун негизги түйүнү мен эсептеген жана айтпаган 25 жылдан бери бекем түзүлүп калган коррупциялык схемалардын кадимки көрунүшкө айланып калганында. Эч ким коомчулук алдында чындыкты айтпай калганында. Андан көрө мыйзамсыз болсо да элге, коомчулукка жаккан, популисттик жалган сөздөр, иштер ачуу чындыктан жогору экендиги бекем орноп калган.

Эгерде өлкө башчысы Россиянын Президентине чейин убада берип, бирок адилеттүү, мыйзамдуу ачуу чындыкты айталбай, ага күчү жетпей олтурса, ага ким батына алат? Анда “Бекназаровго эмне жок” дегендер да чыгат. Мен Акаевдин, Бакиевдин, азыр Атамбаевдин доорунда да ачуу чындыкты айтканым үчүн жаман көрүнүп, бийлик уюштурган жалаа-ушактардын каарманы болуп келатам. Токсонунчу жылдары эски кирпичтен салган эки кабат үйүм менен жалгыз машинам, ага бирөөлөрдүн кафеси кошулуп эбегейсиз байлык болуп көрсөтүлүп, КТР менен ЭлТРдин экранынан түшпөй келүүдө.

Бүгүнкү “Мегакомдун” үстүнөн болуп жаткан Атамбаев менен Текебаевдин чыры жөн эле мыйзам талаасында адилет чечилүүгө мүмкүн экенине көзүм жеткенинен, ачуу чындыкты билгенимен, коомчулук өкүлдөрүнүн суранычынан үн чыгарууга туура келди. Экинчиден, эки адамдын интригасынан Кыргызстандын имиджине доо кетип, инвесторлор келүүдөн чоочуп турганына мен карамандай каршымын. Үчүнчүдөн, мурдагы маселелер боюнча кайрадан эле жасалма кылмыш иштер токулуп, күнөөсү жок адамдар жок эле дегенде мамлекеттик деңгээлде караланып, сурак кылынып жатканына карап туруп чыдабадым.

“Мегакомдун” үстүнөн козголгон кылмыш иштин каралбаган себеби, бул кылмыш иш каралса А. Елисеевдин тобу “Бимокомдун” 100% акциясын тартып алганы далилденип, алар жоопко тартылып, кылмыш иш боюнча чыгарылган өкүм менен 100% акция кайра “Бимокомго” кайтарылмак. Мыйзам ушундай. Анда сот өз өкүмүндө “Бимокомдун” 100% акциясын буюм далили катары баалап, кайра “Penwell Bussiness Limited” компаниясына кайтарып берүүгө аргасыз болот. Буюм далили катары 100% акциянын тагдырын чечүүдө, сот анын 49% акциясын алардын өз ыктыяры менен 2010-жылдын май айында Кыргызстанга өткөрүп бергенин эске алуу менен 49% акцияны Кыргызстанга калтырууга милдеттүү. Бул албетте, кыргыз бийлигине, кыргыз коомчулугуна да жакпаган чындык.

Эгерде “Мегаком” боюнча сот иштери жүргүзүлсө “Penwell Bussiness Limited” компаниясынан башка дагы Айдар Акаевдин, Максим Бакиевдердин жасалма фирма, адамдары “биз каражат кошконбуз” деп чыгышы мүмкүн, бирок алар сотко келип далилдеп бериши керек. Бирок мен андай каражат кошулганын билбейм.

А. Елисеев башка кылмыш иши менен сыртынан соттолуп, анын “рейдерлик жол менен” “Бимокомдон” тартып алган 100% акциясын “Альфа телекомдуку” деп Елисеевдин мүлкү катары билип туруп конфискация кылуу бул жаңы рейдерлик болот. Же, Елисеевге жан тартуу, же Атамбаевге өчөшүү, болбосо эмне үчүн негизги иш каралбай токтотулуп коюлган? Азыркы кылмыш иш менен ушул фактынын бетин ачуу керек.

Мындай жасалма жол менен тартып алынган “Альфа телекомдогу” “Бимокомдун” 51% акциясынан Кыргызстан байып кетпейт, себеби Максим Бакиевдин тобу, Айдар Акаевдин тобу да тартып алышкан, бирок аларга аш болуп, буйруган эмес. Эми кыргыз элине деле аш болбойт. Кыргыз элине өз ыктыяры менен, элдик революциянын жеңиши менен келген 49% акция аш болушу мүмкүн.

Кыргыз эли адилеттикти сүйгөн эл, саясатташтырбай ачуу чындыкты мыйзамдуу жол менен түшүндүрсө туура түшүнөт, жыйынтык чыгарат. Кызыкчылыктарды мындай коюп, ушундай эле жол менен “Кумтөр” маселесин да чечсек болот. Ал үчүн өлкө башчысынын саясий эрки керек.

Мен бул токтобой жаткан чыр боюнча үнүмү чыгарып, өзүмө каршы дагы кошумча ушак-айыңды чакырып алдым деп ойлоймун. Элден чогулган салыктын эсебинен иштеп жаткан массалык маалымат каражаттарын, мамлекеттик имараттарды жеке кызыкчылык үчүн пайдаланган туура эмес. Албетте, менин айткан мыйзамдуу фактыларым кимдир бирөөлөргө жакпайт. Ошол эле учурда мыйзамды, чындыкты, акыйкатты сүйгөн мекендештеримин да үнүн уккум келет, кайдыгер болбойлу кыргыздар. Ал эми үзөнгүлөш “досторума” мурда да өздөрүнө айткандай, сабырдуулук кылып, “күйүттүү катын кошокчу” дегендей болбой, келишип, кечиришип, бардык ишти ачык-айрым, мыйзам жолунда чечүүгө чакырат элем.

Азимбек  Бекназаров

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: