Menu

Азамат Кыязов, журналист: “Атамбаев туткунун бошотсо – утулат. Бошотпосо – андан бетер утулат!”

Бөлүшүү:

Журналист Азамат Кыязов өзүнүн Facebook  социалдык түйүнүндөгү баракчасына жаңы пост жарыялады:
“Интернет тиктеп отурсам, узун-кыска болуп эшиктен эки досум кирип келди. 4-5 күн көрүшпөй калсак эле сагыныша түшкөнсүп “бака-шака” боло кетебиз, экөө жарыша: “Азаке, не жаңылык?!”, – дешти эле, – Текебаевди камап салыптыр, – дедим. Бири-бирин карай (экөө тең Атамбаевге ыктагандар) жылмаңдаша: “Эми эмне болот?”, – дешти эле, – Эми Текебаев президент болот! – дедим. “Азаке философиясын баштады”, – деп каткырып алышты да, анан күлкүлөрүнөн чочуган немедей мостойо отуруп калышты.
Атаганат, философия деген эмне экенин түшүнүп жашасак кана?! Философия – бул Мухаммед пайгамбар, Конфуций даанышман, Калыгул олуя, Арстанбек казалчы, Раззаков кеменгер экенин, “уурдаба”, “алдаба”, “өлтүрбө” деген сөздөрдүн ээси ошолор болгонун таанысак кана?! Алардын атынан кубаттуу сөз айткан аксакал барбы азыр? Маселен, минтип: Кырчындай өмүрлөрдү кырктырып, кан кечип бийликке келдиңер эле, кыларыңар ушул беле?! Айкырык, ызы-чуу менен Акүйдү алдыңар эле, аткарар вазийпаңар ушул беле?! Ок, жолуңар болгурлар… Кыргыз журтчулугуна бийлик жүргүзүү – бул ооматтын ооматы! Ооматтан кол жууган пенденин оозунан сөзү ирийт, кылган-неткени кыйшайып ийрейет, каргыш угат. Каргыш өткөн жандын кутун Кудай алып коёт. Анткени, бийликтин чыныгы ээси – Кудай! Эсиңерге келип, этегиңерди жапкыла! Элди эзбегиле! Фейктериңердин жаагын баскыла! Ата-бабаларыңардын арбагына шек келтирбегиле!.. ж.б…
Атамбаев – Текебаев тиреши – зор полотного өлкөбүздүн бүгүнкү кейпин келиштире тартып берди. Ал полотнодон Атамбаевдин таянар “сабаттуу армиясы” кимдер экенин, Текебаевдин кудугунан суу ичкен “бомбардирлер” кимдер экенин, позициясын билдире албаган саны бар сапаты жок партиялардын жана президенттикке талапкерлигин койгондордун “бала таарыныч”, “сойку-кыял” чама-чаркы кандай экенин, карапайымдардын канчасы жарык, канчасы караңгы экенин, интеллигенциянын “ит минип” калганын, улут тагдырына кимдер күйүп, кимдер сийип атканын даана көрүүгө болот. Рембранттын шедевриндей, 21-кылымдын кыргыздарынын аң-сезимин чагылдырып “Абийир согушу” аталган, боёгу кургай элек бул сүрөт, дээринде бар кыргыздын көзүнө сөзсүз жаш айлантат. Бир эсе, муну президенттик шайлоонун алдында “кимдин ким экенин көрүп алгыла” таризиндеги Жараткандын шек-шоораты катары кабылдасак да болот.
Текебаев «миллиондук кылмыш» жасап жатканда жанында шам кармап турбаган соң «ак» же «көк» дей албайм. Ал тарабын «соломон» соттор аныктап, Кудай таразаласын. Олуттуу кине коюлуп аткандан кийин, ички «ириң-жижиңине» кийилигишпесем да «чоң казаттын» сырткы формасы жөнүндө калыс көз-карашымды билдирүүгө акым бар.
Так талашуу – абийирге сыйбас мүнөздө өнүгүүдө. Оппонентке каршы саясий күрөш жүргүзүүдө качаңкы даанышман карт тарыхты мындай кой, кечээки эки ажонун тагдыры эске алынбады. Жок дегенде эзелтен эркектер ортосунда жашап келе жаткан жазылып-жазылбаган эрежелер сакталбады. Эрлердин жекеме-жеке эрөөлүндө куралсызына куралдуусу жарагын колдонгон эмес. Намыс! Демек, саясий күрөштө да сөзсүз Намыс өз ордунда турганы эп. Гомердин «Илиадасынан» алынган драмада Троя паашасы Приам: «Душманды да урматташ керек!», – деп Ахилл душманынан уулунун сөөгүн сурап келгенде айтып атпайбы. Мындай сөз – Приамдан бөлөк кайсы падышанын оозунан чыгат десең…
Соңку кыргыз саясатында Өмүрбек Текебаев адамдык сапаты, билими, топтогон тажрыйбасы менен үзөңгүлөштөрүнөн ат чабым айырмалана алды жана өзүнөн сом коротпой улут лидерин жасап чыкты. Көөлөгөн сайын агарып отуруп, Атамбаевди коргонууга кептеди. Бирок, ажо өз деңгээлинде “татыктуу коргонбостон”, калпыс жүрүш жасап алды. Эми, туткунун бошотсо – утулат. Бошотпосо – андан бетер утулат. Шахматта мындай абалды «мат» дейт. Кырды-бычак, кыжаалат кырдаалды кыйгап өтүп, элдин-жердин тынчтыгын, бейкүнөө тагдырлардын талкаланышын токтотуп калуу маселеси өзүнөн-өзү биринчи орунга чыкты.
Хандын байлыгын да, бийлигин да эң күчтүү обозгер сактайт. “Обозгер жакшы – хан жакшы” деген улуу накылдын наркына биздин ажолорубуз жеткен жок. Эгер жеткенде… Аскар Акаев – Насирдин Исановдун өмүрүн сактап калмак, Курманбек Бакиев – Медет Садыркуловдун өмүрүн сактап калмак, Алмазбек Атамбаев – Өмүрбек Текебаевдин өмүрүнө коркунуч келтирмек эмес…”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: