Menu

Жалал-Абадда 8-Март – Аялдардын Эл аралык майрамы белгиленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-мартта Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында 8-Март – Аялдардын Эл аралык Тилектештигинин Күнү майрамы салтанаттуу маанайда белгиленди. Бул туурасында Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдык жыйынга облусттун район, шаарларынан келишкен ар кыл тармактарда эмгектенишкен аялдар менен “Баатыр Энелер” катышты. Майрамдык салтанаттуу жыйындын катышуучуларын өкүл Кыянбек Сатыбалдиев куттуктады:

– Кымбаттуу энелер, асылзаада кадырлуу айымдар! Сиздерди алдыбызда келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктаймын! Урматтуу асылзаада айымдар, Сиздерди биз алмустактан бери теңдешсиз ыйык нерселерге салыштырып келебиз. Ай ааламга нурун чачкан айга, күнгө, Жер жайнаган жыпар жыттуу түркүн гүлгө, мөлтүр булак тунук сууга, көлдүн көркү болгон чүрөк кууга салыштырып келебиз.

Чындыгында сулуулуктун да, улуулуктун да, назиктиктин да теңдеши жок асылзат айымдар Сиздерсиздер. Ушундай улуулук менен сулуулуктарыңыздарды ырга да, күүгө да, обологон обонго да, даңазалуу дастандарга кошуп, бал татыган баалуу сөздөр менен даңктап да , барктап да келебиз.

Кылым карыткан кыргыз элинин көөнөрбөс тарыхында аялзатынын баркын ыйык да бийик тутуп келген кан Манастагы Каныкей энебизден баштап Айчүрөк, Айганыш, Кыз Сайкал жана Жаңыл Мырзаларды даңктап келсек, Кыргыз журтчулугунун өз алдынча Мамлекет болушуна өрнөктүү өбөлгөсүн кошкон даңазалуу Курманжан Датка энебизди кошсок орундуу болоор.

XIX кылымдын орто ченинде орус падышачылыгы бардык улуттардын башын бириктирүүдөгү саясатында келишпестиктер жаралып турган мезгилде Курманжан Датка энебиздин орус падышачылыгына койгон эки ооз талабы менен элибиздин  тынчтыгы, жерибиздин бүтүндүгү сакталып калган. Ал мындай айтылат:

– Биздин түпкү тегибиз, ата-бабаларыбыз сүйлөп келген ыйык тилибизге тийбеңиздер жана баш ийип, сыйынып келген ыйык динибизге тийбеңиздер!,- деп шарт коюу менен кошулган экен. Мына ушундай улуу көсөмдүк баалуу сөзү менен элибиздин биримдиги жана ынтымагы сактап калган. Куттуу үйдүн коломтосунун очогун өчүрбөй, кутун байытып чачыраткан, балдарыбызга бешик ырын ырдап, мээримин төккөн энелерибиздин мамлекет жана коом алдындагы ак эмгектери тоо көтөргүс оор жүк десек жаңылбайбыз. Асылзат аялдар коомдук турмуштун активдүү катышуучулары жана жаратмандары десем дагы аша чапкандыкка жатпайт. Алсак, билим берүү менен саламаттыкты сактоо тармагынын оор жана түйшүктүү жүгүн кабагым-кашым дебей татыктуу алып бараткандардын басымдуу бөлүгү асылзат аялдар экендигине терең сыймыктансак болот. «Аял жылмайса, аалам кошо жылмаят», «Аял – үйдүн куту» деп кыргыз эли асылзаада аялзатына ар дайым терең урматын жана сый – кадырын көрсөтүп келишкен. Бүгүнкү күндө областыбыздын аймагында 8075 “Баатыр Эне” ордени жана 2500 “Эне даңкы” медалынын ээлери болушкан энелерибиз мамлекетибиздин эртеңки келечек-тиреги болушкан уул-кыздарына татыктуу таалим-тарбия берип келе жатышат. Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршенович быйылкы жылды “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялады. Коомдук турмушту жакшыртууда, өсүп келе жаткан жаш муундарыбызды ыймандуулукка, адеп-ахлак менен жогорку маданияттуулукка тарбиялоодо Сиздердин эмгегиңиздер өзгөчө орунда тураары талашсыз. Сиздер эриш-аркак иштеген жерде тазалык дагы, тартип дагы, тактык дагы бар экендиги талашсыз. Куттуу үйдүн коломтосун өчүрбөй келе жаткан энелерибизге, дүйнөдөгү эң башкы бакытты – бизге Өмүр бергендиги үчүн аларга миң мертебе башыбызды ийип, таазим этсек жарашат. Алардын энелик мээримине, талыкпаган кажыбас эмгегине, боорукердиги менен чыдамдуулугуна чын жүрөгүбүздөн алкыш айтабыз! Анткени “Бейиш – эненин таман алдында” деген улуу накыл сөз тек жеринен айтылган эмес. Ар дайым аман жана бар болуңуздар кадырлуу энелер жана асылзаада айымдар. Келе жаткан 8-март – Аялдардын Эл аралык майрамы баарыңыздарга куттуу болсун. Нур тамган жүзүңөрдөн эч качан жылмаюу менен күлкү кетпесин. Бактылуу балдарыбыздын шаңдуу күлкүсү ар бир үйдө жаңырсын. Дагы бир жолу майрамыңыздар менен! Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев облусттун аймагындагы саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук коргоо, аскер, маданият, тейлөө жана башка тармактарда эмгектенишкен жана өздөрүнүн өрнөктүү иштери менен айрымаланган бир катар асылзаада айымдарды өкүлчүлүктүн Ардак Грамоталары жана Алкыштары менен сыйлады.

8-Март – Аялдардын Эл аралык Тилектештигинин Күнүнө арналган майрамдык салтанаттын катышуучуларын Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов куттуктап, ар кыл кесиптерде жигердүү эмгектери менен айрымаланган жана Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымдары үчүн шаардагы мекеме-ишканалардын бир катар асылзаада айымдарын Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана шаардык Кеңештин Ардак Грамоталары жана Алкыштары менен сыйлады. Мындан сырткары Жалал-Абад шаарынан 200 асылзаада айымдар 500 сом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Майрамдык салтанаттуу жыйындын катышуучулары болушкан асылзаада айымдарды облусттук мамлекеттик улуттук коопсуздук башкармасынын башчысы Канжарбек Бокаев, областтык аялдар кеңешинин төрайымы Дамира Алимжанова, Ала-Бука райондук аялдар кеңешинин мүчөсү Салима Аллакулова жана Кыргызстан Элдеринин Ассемблеясынын мүчөсү, облустук тажик диаспорасынын төрагасы Бахрам Марасулов куттукташты. 8-Март – Аялдардын Эл аралык Тилектештигинин Күнүнө арналган майрамдык салтанаттуу жыйындын жалпы катышуучуларына өнөрпоздор тарабынан кеңири программадагы концерт тартууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: