Menu

А.Кожошев КР Экономика министрлигиндеги мамлекеттик тилдин абалын жакшыртууга убада берди

Бөлүшүү:

Кечээ 10-мартта КР Экономика министрлигинин жыйындар жайында министрликтеги иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы боюнча КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен жолугушуу болуп өттү. Бул туурасында комиссиянын басма сөз катчысы Сезим  Толукбаева билдирди.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан Мамлекеттик мекеме-уюмдардын иш кагаздары менен жеринен таанышуу максатында түзүлгөн атайын топ 2-3- мартта аталган министрликте иш жүргүзүп, иш кагаздары менен таанышып, практикалык жардамдарды көрсөтүп келген. Текшерүүчү топтун берген маалыматына караганда Министрликтин өндүрүштүк иш жана кадрлар иштери боюнча буйруктары мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат. Буйруктар мамлекеттик тилде жүргүзүлгөндүгү менен, ага тиркелген иш кагаздарынын (жоболор, иш пландар ж.б.) 90%ы орус тилинде. Министрге жазылган кызматтык каттар кыргыз тилинде жазылганы менен, министрдин орун басарларына, статс-катчыга жана башкармалыктын башчыларына жазылган кызматтык каттардын дээрлик басымдуусу орус тилинде.

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Экономика министрлигинде бардык иш кагаздарын жүргүзүүнүн жалпы саны 78 393 бирдикти түзгөн. Анын ичинен мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздары 5638, башкача айтканда 7,1% гана түзөт. Ал эми 2017-жылдын 1-январынан 28- февралына чейин жүргүзүлгөн жалпы иш кагаздарынын саны 11 052 болсо, 427си (3,8%) мамлекеттик тилде. Демек, Мамлекеттик тилге мамлекеттик деңгээлде мамиле жасалбаса, анда кыргыз тили өз өлкөсүндө декларациялык гана мүнөздө, кагаз жүзүндө гана калыптанып, иш жүзүндө ишке ашпай калары талашсыз аксиома деп билдирди топтун мүчөлөрү.

Жолугушууда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев жогоруда берилген маалыматтарга таянуу менен, КР Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын 3-4- главасынын айрым статьяларына токтолуп, алардын аткарылбай жаткандыгын белгиледи. Өз кезегинде министр А.Кожошев министрликте жүргүзүлгөн иш кагаздарындагы мүчүлүштүктөрдү жоюу менен, мамлекеттик тилдин абалын жакшыртууга убада берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: