Menu

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: «Мамлекет башчысынын ата-тегине байланыштуу изилдөө менин изилдөөлөрүмдүн бир күкүмү гана»

Бөлүшүү:

 

— Кыяс агай, сыйлыгыңыз кут болсун, “Манас” ордени менен сыйлануу ар кимдин эле бактысына буйруй бербесе керек.

— Рахмат, ошондой бактыга мен туш болуп отурам. Бул менин тарыхчылык кесибимде эмгектенген 30 жылдык аракетимдин жыйынтыгы деп билем. Тарыхчылык мени такшалтты, элге таанылтты. Такшалтты дегеним, тээ союз учурунда айлап, жылдап Москва, Ленинград, Ташкент, Алматы архивдеринде отуруп, көптөгөн жаңы материалдарга туш болдум. Аларды жазып элге жеткирем деп макала жазганды үйрөндүм. 1987-жылдан баштап ар кыл басылмаларга архивдик жаңы табылгалардын негизинде макалаларды жаза бштадым. Натыйжада жогоруда айткандай жазганды өздөштүрүп, журналисттик кесипке аралаштым. Ошол жылы Кыргызстанда туруп кыргыз элинин тарыхын мектептер менен ЖОЖдордо окутууга тыюу салуу улутка чыккынчылык экенин алгачкылардан болуп ачык жазып чыктым. Жазып эле тим болбой тарыхты окутуу боюнча демилге көтөрүп, акыры аны кесиптештерибиз менен чогуу ишке ашырдык. Кыргыз тарыхына бери дегенде эле ондон ашуун тактоо киргизип, жаңы көз караштарды орнотууга салымымды кошо алдым. Айрым кесиптештерим таарынышпасын, тарых илимине омоктуу жаңылык киргизе албаган аалымдар көп экени коомчулукка маалым. Бул жагынан элибиздин алдында менин жүзүм жарык жана айтаарга сөзүм арбын.

— Сыйлык алууда кайсы эмгегимди өтө жогору баалашты деп ойлойсуз?

— Эми аны элибиз айтаар. Анткени өлкөбүздүн кайсыл чөлкөмүнө барбайын тарыхчы катары сый-урмат мамилеге туш болом. Алайдагы бир чоң иш-чарада саясатчылар, арасында министрлер да бар, мерчемдүү жерге чейин жөө кетип баратсак, ак боз ат минген айылдын карапайым адамы “сиздей тарыхчыны кантип жөө бастыралы” деп атынан түшүп, ошончо лөктөрдүн арасынан мени атка мингизгени эч качан эсимден чыкпайт. Чолпон-Ата шаарына кире бериш жериндеги айтылуу күмбөздүн жанында мен тааныбаган 70тен ашкан аксакал далдалактап бүркүтүн ала чуркап келип колума кондурганы, же болбосо Көлдүн аркы өйүзүндөгү Көк-Жайыктан эзели көрбөгөн Тилек аксакал кетирбей боз үйүнө ээрчитип барып бүркүтүн колума кондуруп, алкыш сөздөрүн айтканын кантип унутайын. Мындай көрүнүшкө Кыргызстандын бардык жеринен кабылам. Мен үчүн башкы сыйлык, элимдин мага жасаган сый-урмат мамилеси. Мен ар дайым кең пейил кыргыз элиме таазим этем!

— Ал эми өз кесибиңизге байланыштуу конкреттүү далилдерди келтире аласызбы?

— Эми 30 жыл тарыхчылык кесибимдеги эмгектеримди санасам гезит бетине сыйбас. Балким, Алымбек датка менен Курманжан датканын, Полот хан (Исхак Асан уулу) менен Шабдан баатырдын, Мамыр Мерген менен Абдылдабектин, Байтик баатыр менен Тилекмат акенин, Жаркын айым менен Зыйнат датканын, Жусуп Абдрахманов менен Абдыкадыр Орозбековдун, Исхак Раззаков жана башка кыргыздын чыгаан инсандары тууралуу жаңы маалыматтарды элге жеткиргеним үчүн сыйлангандырмын. Балким, эчендеген аалымдар кандидаттык, докторлук диссертацияларында, жазган эмгектеринде тактоого ала албаган Токтогул Сатылгановдун өмүр таржымалын архивдик документтердин негизинде тактоого алган эмгегим, же болбосо мен тактоого алганга чейин эл билбеген Зиябиддин Максым деген кыргыздын чыгаан тарыхчысы Кокон хандыгынын ордосунда 1666 беттен турган “Фаргана хандарынын тарыхы” аттуу чагатай тилинде жазылган эмгегин 10 жылдан ашуун артынан түшүп, кирилл тамгасына которттуруп, китеп кылып чыгарууга кошкон салымым, анын кыргыз экенин далилдеген эмгегим эске алынгандыр. Балким, өзбектер өз акыны катары энчилеп, окуу китептерине киргизип алган Молдо Калбек аттуу XIX кылымда жашаган жазма акындын кыргыз экенин далилдеп, учурда урпактары Ноокен районунун Чоң-Багыш айылында жашаарын таап бергеним үчүн берилгендир. Же жээрип келинген 167 жыл тарыхка ээ Кокон хандыгы кыргыздарга да тийешелүү экенин далилдөөгө алып, Кыргыз тарыхын байытканым баалангандыр. Же болбосо үй-бүлөөмөн бөлүнүп, 3 жылдай Алматыдагы архивдеги 100 миңдеген документтердин арасынан кыргызга тийешелүүсүн иргеп чыгуудагы аракетим бийликке жетип, канча жылдан бери тарыхчылар жасабаган ишти акыры ишке ашырып жатат деп сыйлыгын ыйгаргандыр. Балким, өткөн жылкы Тарых жана Маданият жылында белгиленген 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөшкө байланыштуу жаңы архивдик документтерди табууга аракетим баалангандыр. Жыйынтыгын окурмандар өздөрү чыгараар. Эгерде арабызда башка кесиптештерим ушул сыяктуу иштерди жүзөгө ашырышса, аларга да орден берилишин суранаар элем.

— Сиздин оппоненттериңиз дароо эле “Атамбаевдин тегин изилдегени үчүн орден менен сыйланды”- деп жатышат. Сиздин жооп кандай болот?

— Эми мамлекет башчысынын ата-тегине байланыштуу изилдөө менин жогорудагы изилдөөлөрүмдүн бир күкүмү гана. Бөйрөктөн шыйрак чыгарган айрым адамдар, арасында мен урматтагандары да бар, сыйлык алганымды Атамбаевдин тегин тактоого алганым менен байланыштырууга аракеттенип жатышат. Чындыгында, бул изилдөөмдүн жыйынтыгы айрым саясатчылардын тилегин таш каптырып койду. Анткени алар “Кыргызстанды башка улуттун өкүлү башкарып жатат” деген ушак-айыңды таркатып, коомдук терс пикирди түзөбүз деп шымаланып киришкен эле. Шойкомдуу санжыраны ойлоп чыгышып, үстөкө-босток макалаларды басылмаларга, интернет сайттарына жарыялай баштады. Анан эле архивдик далилдүү документтерге таянылган изилдөөдөн соң бозоруп отуруп калышты. Эми анын ичкүптүсүн чыгарып, ириген пикирлерин билдирип жатышат. Алар жакшы ишке келгенде сокурга, дүлөйгө айланышат, жамандыкка келгенде жантыгынан жата калышат. Адам ички дүйнөсү кандай болсо, ой жоруму да ошого жараша болот. Андай ичи көңдөй адамдар менен акыйлашкым да келбейт.

— Эмнеден улам Атамбаевдин ата-тегин изилдеп калдыңыз?

— Мага ушундай суроону Токтогул Сатылгановдун өмүр таржымалын тактоого алган учурда, же кыргыз тарыхчысы Зиябиддин Максымдын, жазгыч акын Молдо Калбектин кыргыз экенин далилдеп берген учурда эмнеге беришпейт? Же болбосо Байтик баатырдын, Тилекмат акенин, Төрөгелди баатырдын, Мамыр Мергендин жана башка инсандардын өмүр таржымалын тактоого алган учурда эмнеге беришпейт? Себеби түшүнүктүү. Аларды тарых чындыгы кызыктырбайт. Алардын максаты башка. Чындыгында совет доорунда көпчүлүк интеллигенция өз тегин билбей калды. Ал түгүл өткөн кылымдын башында басылган эмгегинде Осмоналы Кыдык уулу Чүйдү кыдырган учурумда 3 атасынан өйдө жагын билбей калгандарды көп кезиктирдим деп жазганы бар. Ушул эле Арашандан анча алыс эмес айылдан чыккан кыргыздын чыгаан тарыхчысы, Академик Бегималы Жамгырчиновдун баласы, тарыхчы, профессор Мидин Жамгырчинов үч атасынан өйдө билбестигин мойнуна алып келет. Демек, совет доорундагы адамдардын көпчүлүгү ата-тегин билбей өсүштү. Алардын арасына азыркы мамлекет башчысы да кирет. Бирок Акаевдин учурунда, оппозицияда жүргөн кезинде Алмазбек Шаршенович досу, раматылык Эгемберди Эрматовго кайрылып, чоң атасы Шама Баткен тараптан көчүп келгенин айтып, туугандарын табууга жардам сурайт. Акыры туугандары да табылат. Бирок көп жерлери баш аламан болуп, ошондон улам так эместиктерин көрүп, 2006-жылдары эле уккан маалыматтарымды акырындап териштире баштаган элем. Өзгөчө Атамбайдын атасы Шама айтылуу Полот хандын (Молдо Исхактын) кол башчысы болгон деген маалымат мени анча ынандыра алган эмес. Анткени Полот хан тууралуу көп изилдөөлөрдү жүргүзүп, жазып да келгем. Анын кол башчыларын жакшы билчүмүн. Ошондо эле бул маалымат туура эмес деген бүтүмгө келген элем. Кийин 2014-жылдан баштап, туура 16 жылдан кийин кайрадан Алматыга барып архивде иштей баштадым. Архивдик документтердин арасынан Байтик баатырга тийешелүү материалдарды карап жатып, Атамбайдын атасы Шама тууралуу да маалымат бар бекен деп тизмелердин арасынан издей баштасам, ошол документтин арасынан эле чыгып калды. 1869-жылы эле беш балалуу болуп калган Шама тууралуу маалымат чыкканда, 1874-жылдан баштап Фергана тарапта көтөрүлүшкө жетекчилик кыла баштаган Молдо Исхак (Полот хан) менен Чүйдө жашап жаткан Шаманын эч кандай байланышы жок экендигине биротоло ынандым. Бул маалыматтан кийин Атамбай жана анын атасы Шамага байланыштуу чаташкан маселени биротоло тактап коюуну чечтим. Аңгыча Атамбаевдин чоң аталары өзбек тегинен чыккан Кокон сарбазы, ал Пишпек сепили орустар тарабынан талкалангандан кийин Арашан айылына качып барып, баш калкалап туруп калган деген мазмундагы макаланы окуп калдым. Анан аны тактоого алууга туура келди. Кыскасы бул тууралуу кеңири “Азаттык” радиосунун сайтынан окусаңар болот. Ошентип менин кесиптик хоббим козголуп кетип, бул маселени тактоого алып бердим. Көпчүлүк эл бул изилдөөмдүн жыйынтыгын колдоого алышса, Атамбаевдин тегин кыргыз эмес кылгысы келген айрым күчтөр мага асылышып, коркутууга чейин барышты. Аларга карата жазган жоопторумду “Азаттыктын” сайтынан окусаңар болот.

— Демек сиздин сыйлык алганыңыз Атамбаевдин тегин тактап берүү менен байланышы жок экен да анда?

— Тарых жана Маданият жылын, андагы 1916-жылдын 100 жылдыгын өткөрүүдө өзгөчөлөнгөн тарыхчыларга сыйлык берүү маселеси көтөрүлгөндө Ак үй “Мурас” фондусунун жетекчилигин, Тынчтыкбек Чоротегин экөөбүздү да сыйлыкка көрсөтөбүз деп калышты. Биз тескерисинче Тарых жана Маданият жылын өткөргөн соң “Мурас” фондунун жетекчилигинен кетсекпи деп жүргөнбүз. Бизден дагы иштеп берүүбүздү өтүнүшкөн соң биз ишибизди улантып жатабыз. Ал эми бул сыйлык биз үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Кийин сурасак, атайын иликтөө жасап, биздин көп жылдык эмгегибизди тыкыр анализдеп чыккан соң, ушундай сыйлык берсек болобу деп, аттуу-баштуу адамдардан турган комиссияга салышса алар колдоп бериптир. Демек, биз сыйлыктын артынан жүгүрбөй, сыйлык бизди тапты демекчимин. Бул сыйлыкты тарыхчылык кесибибиздин көп жылдык ийгилиги, анын мамлекет тарабынан калыс бааланышы деп ишенимдүү айта алам.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: