Menu

Чынар Умурова, акын жана журналист: “Урматтуу Президент, сизди жумуртка менен уруп эч ким “кет” дебейт!”

Бөлүшүү:

 

КАГЫЛАЙЫН КАЛАЙЫК КАЛК!

Мына эки-үч жумадан бери жаштарыбыздан карыларыбызга чейин чогулуп, аянтта митинг өткөрүштү. Эл сүрмө топтой бирде УКМКга, бирде соттун имаратын көздөй. бирде Ак үйдүн алдына карай чуркашып, убараны айда тартышып, кыйналуунун устундө болушту. Же бирөөдөн оңдуу жооп угушкан жок. Койгон талаптары жүйөлүү болсо да эч ким аларды укпады. Анан ошол митингге чыккандарга “тамак, акча таратылды” деген жалаа жабылды.

Ал эми биздин күркүл депутаттарыбыз жашынып отурушат. Депутаттардын отурган жери хан сарай. Жылуу олпок. Жеген ичкендери кул жебестер. Аларга көчөдө туруп ачка тургандардын айткан-дегендери бир тыйын. Депутаттардын токуган мыйзамдары кана иштегени. Кана элдин турмушу, экономикабыз-дын оңолгону, коррупционерлердин тыйылганы. Тескерисинче, түрмөгө кылмыштуулук, корруп­ция менен отургузулгандар азыр ээн-эркин жүрүшпөйбү.

Ушул митингге баш-көз болуп, элди тынчытам деп жүйөлүү сөздөрүн айтып, элдин арасында кадыр-баркка ээ болушкан көрүнүктүү инсандар Садык Шернияз, Каныбек Иманалиев, Аида Салянова. Наталья Ники­тенко, Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова жана башкалар татыктуу кептерин айтышууда. Бул инсандар мурдатан эле элге белигилүү патриотторубуз эмеспи. Элди козутуп, митингге чыгарбай тынчтыкты камсыздоо сиздин милдет да, урматтуу президент.

Элдин үнү: жаштарыбыздын көпчүлүгү көр оокаттын, жумушсуздуктун айынан чет жакта кор болуп, ит көрбөгөн кордукту көрүп, жан сактап жүрүшөт. Кана тентигендерди чакырып иштегенге завод, фабрика куруп, иш орундарын түзгөнү. Мекенибизде болсо, депутаттар, чиновниктер, министрлер мошенниктер өтө байып жашап жүрүшөт.

Урматтуу президент, сиз оппозицияда жүргөндө чогулуштарыңызга мен да барып уктум эле. “Мен президент болуп калсам, пенсионерлердин акчасын көбөйтөм. Өлбө жаным өлбө деп араң жашап жүргөн пенсионерлерден уялам” дедиңиз эле. Ырас, акча кошуп жатасыз. 4 миң сом алгандар 5 миң сом алып калды. 50-100 миң сом алгандарга 5-6 миң сомдон коштуңуз, баракелде. Пенсия боюнча теңдештирген мыйзамды мамлекет болгондон кийин оңдоп, түзөп койсо болбойбу. Жок дегенде 10 миң сомго чейинкилерге көбүрөөк, андан көп алгандарга азыраак кошулса, эл­дин батасын алат элеңиз. Дагы бир маегиңизде: “Менден кийинки президент Аида Салянова бо­лот. Ал бул орунга татыктуу”- дегенсиз. Мамлекет башчысы эки сүйлөбөйт эмеспи. Мөөнөтүңүз бүткөндөн кийин Аида Салянованы сунуштап койсоңуз эл колдойт. Анткени, Аида аял, эне, өлкөдө тартипти, тазалыкты сактайт. Эч качан көөп кетпейт. Антпесе, илгертеден бери журт башчыларыбыз эки-үчтөн аял алышып, чексиз байлык топтоп, жыргалга батып, карапайым элди ойлобойт экен.

Ал эми Өмүрбек Текебаевди чындыкты сүйлөгөн, эч убакта калп айтпаган, жегичтер менен элдешкис күрөшкөн элдин чыныгы уулу катары тааныйбыз. Сиз улуу даражаңыз менен каматпай эле тынчтыкта сурак жүргүзсөңүз, эл дагы дүрбөбөйт болчу. Митингдеги ар кимдин сиз жөнүндө эң жаман сөздөрүн угуп, абдан кейидим. Сизден өлкө башчысы катары Дача Судагы жарылган жаналгыч самолёттогу баалуу жүктөр, товарлар кимдики, ошону элге кайрылып айтып, жеткирип койсоңуз эл дагы сизге ишенип ыраазы болот эле. Ошол каргашалуу жүк кимдики экенин табуу ушунчалык кыйынбы?

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизди президент катары эмес, замандаш ини, калемдеш катары жакшы көрөм, сыйлайм. Негизи жакшы адамсыз. “Датка кемин” электр тармагын курганыңыз бул кылымдын даңктуу курулушу. Бирок, Өмүрбек Текебаев менен элдеш­кис душман болгонуңуз калың элге жакпай калды. Элибиздин кедей жашаганы да жаныбызды кейитет. Айылда жашагандардын жегени нан, чай. Чириген байлардын үйүнө кирсең төрдөн босогого чейин жайылган тамактардан көзүң жалтанат. Карапайым калктын жашоосун оңдоого көңүл бурулбай, чет мамлекеттен таап келинген акчалар кайда кетет. Ал болду, бул болду деген жоопторго чынында эл ишенбейт.

Күзүндөгү шайлоого аттанган эр азаматтарыбыз татыктуу даярдансын. Элибиз тынч болсун. Бир ууч эл сүйлөй берет дебей эл алдына чыгып сүйлөп, түшүндүрүп, тынчтыкты камсыз кылыңыз.

Урматтуу президент. Сизди жумуртка менен уруп эч ким кет дебейт. И баса, жанагы Сапар Исаковду ордума калтырам деп жаңыла көрбөңүз. Ал жигиттин элге эмгеги сиңбесе, эч ким аны тааныбаса уят да. Кечээ эле жакында сизди жаныңыздан көрүп жүргөнүбүз болбосо.

Булак: “Майданkg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: