Menu

«Кыргызаэронавигацияга» көз кызартып, сугун арткан кимдер?

Бөлүшүү:

 

Өлкөбүздө мамлекеттик ишканалардын эмгек жамааттарында моралдык-психологиялык климатты бузган, элдин нааразычылыгын пайда кылган жана кадрлар арасындагы тирешүүлөрдү жараткандар бузукулар менен ушакчылар. Бүгүнкү күнү «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын жамааты транспорт жана жол министрлигинен ишкананы ар түрдүү кийлигишүүлөрдөн сактоонун чарасын көрүүсүнө муктаж.

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасында бүгүнкү күнү мурдагы жетекчилик тарабынан кетирилген кемчилдиктерден арылып, соңку төрт жылдан бери өндүрүштүк иш бир кылка жүрүүдө. Азыркы учурда өлкөбүздө стабилдүү иштеп жана динамикалуу өнүгүп келе жаткан мекемелердин бири да “Кыргызаэронавигация”. Акыркы төрт жылда эле ишкананын таза кирешеси төрт эсеге жакын көбөйгөндүгү буга далил. Бирок, ишкананын эмгек жамааты жана профсоюз уюму мекеменин ичинде ушак сөздөрдү таратып, айрым кишилердин интрига жүргүзгөн аракеттерине тынчсызданып жаткан учуру. Анткени, ишкана жамааты ички-тышкы жагымсыз кийлигишүүлөрдү каалабайт.

2016-жылдын жай айынан тартып эле С. Жоробаевдин «ишкананын жетекчилигине мен келем, маселе чечилген», — ​деген сөзү авиация тармагында таркап келген. 2016-жылдын аягында «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын генералдык директорунун мурда жок, атайын ал үчүн түзүлгөн орун басарлык кызматына келгенде, мурдагы ушак-айыңдардын ишке аша баштаганы билинген. Анын жок орунду түздүрүп келиши эле эмгек жамаатына моралдык-психилогиялык жактан терс таасирин тийгизип, тынчсыздануусун жараткан. Жок орунду жаратып, асмандан түшүп келгендей эле бир киши заматта олчойгон орунга олтуруп калса баары эле таң калат да.

Ушак-айың Сатыгул Жоробаевдин ишканага келиши менен андан бетер күчөгөн. Жоробаев Сатыгул деген ким? Ал милициянын мурдагы кызматкери. 2007–2013-жылдары «Кыргызстан» авиакомпаниясы ачык акционердик коомунун Үрүмчүдөгү (КЭР) өкүлү болуп иштеп турганда, анын ишиндеги айрым бир себептери менен кайра чакыртып алышып, «Эйр Кыргызстан» ОАОсынын ички режими жана коопсуздугу бөлүмүнүн начальнигине коюшкан. Бүгүнкү күнү бул компания банкрот абалында, Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду тарабынан сатыкка коюлуп жатканы белгилүү.

Штаттык расписаниеде жок орунду түздүрүп, артык баш чыгымды жаратып, анын келишинин себеби кокусунан эместир. Көрсө, Жоробаевдин Транспорт жана жолдор министри Ж. К. Калиловко жердешчилик гана эмес, жакын тууганчылык жайы да бар деген сөздүн чындыгы бар окшойт. С. Жоробаев Генералдык директордун зарылчылыгы жок орун басары кызматына келгенинин жоопкерчилигин бир аз дагы сезип койгон жок. Тескерисинче анын келиши менен эмгек жамаатында интригалык оюндар күч ала баштады.

Кызматкерлер арасында «жогорку кызмат адамдарынан байланышым бар»-, деп жогорку жетекчилердин айланасындагылардын атын атоо менен ал жакында «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын генералдык директору болорун ачык эле айтып, мактанып келгенин ишкананын кызматкерлери тартынбастан айтып берет. Ал тургай бул маселени «Гавайи» кафесинде сый көрсөтүп, өзүнө тааныш болгон суйкайган сулуу адамды ортомчу кылуу жолу менен чечип койгондой сөз жүргүзчү тура. Муну дагы ишканадагы кызматкерлер айтып жүрүшпөйбү. Мунун чын-жалганын өзү эле билбесе, биздин билгенибиз ал ушундай түр көрсөтүү ыкмасын жакшы өздөштүргөндөй.

Ушундай эле жол менен 2011-жылы «Кыргызстан» авиакомпаниясынын Кытай эл республикасынын Үрүмчүдөгү өкүлү болгонун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы менен кол телефонго чогуу түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, жакын байланышта экенин кеп кылып жүргөн деп айтышат. Тааныш-билиш менен кызмат орунду, башка маселени чечкенди өтө жогору баалап, өндүрүштү жана жамааттын моралдык-психологиялык абалын эске албаган немени кантип министрлик колдоого алды экен?! Абада учууда адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылган өтө маанилүү иш тууралуу бир дагы түшүнүгү жок, аэронавигациялык-өндүрүштүк маселелерди козгоодо компетентсиз, авантюризмге, интригалык оюндарды уюштурууга ык койгон адам ушундай жооптуу кызматты аркалоого татыктуубу?!

Ишкананын эмгек жамааты мамлекетибиздеги коррупцияга каршы күрөшүү саясатын чын дилден колдойт. Тилекке каршы, өкүнүчтүүсү С. Жоробаев сыяктуу кокусунан келип калган кадрлар тармакты талкалаары бышык.

Ошондуктан, аэронавигациянын эмгек жамааты Жоробаев Сатыгулдун катышуусу менен ишканадагы интриганы токтотууну талкуулаган жыйын өткөрүшкөн.

Талкуу учурунда сөз сүйлөгөн кызматкерлердин айрымдарынын пикирин берели.

Бутабаев К. Ш. «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын генералдык директорунун 1-орун басары:

— Биздин жамаатта 700 адам эмгектенет. Өндүрүш абдан татаал жана олуттуу. Жоробаев Сатыгул мен сени жакшы билем. Сен тармак боюнча адис эмессиң. Үчүнчү орун басарды атайын сен үчүн ачышканда эле бизде «эмне үчүн ачылды?» деген суроо пайда болгон.

Жакыпбаев М. А. Генералдык директордун орун басары:

— Авиация чөйрөсүндө өткөн жылдан тартып эле «Генералдык директорлукка бирөө келет имиш» деген ушак сөз таркалган. Сатыгул Базарбаевич, сиздин мекемеге кызматка келишиңиз менен ушак сөз жөн жерден айтылбаганы ачыкталды. Эмгек жамаатта силердин келишиңер менен интригалар жана жагымсыз моралдык-психологиялык кырдаал күчөдү. Генералдык директордун кызмат орду мамлекеттик мыйзамдардын, ишкананын Уставынын негизинде, жамааттын пикирин эске алуу менен жогорку мамлекеттик органдар тарабынан чечилет.

Илипаев К. Б, Учууну радиотехникалык камсыздоо борборунун начальниги:

— Жамаатын нервине тийген жагдайдын түзүлүшү өкүнүчтүү. Анткени, бул иштин сапатына терс таасирин тийгизет. Мен жана жамааттын көпчүлүгү сиз тууралуу начар билебиз. Ошондуктан, эл менен таанышып, кайсы бир мезгилге чейин иштесеңер болмок.

Бобков А. Д, башкы инженер:

— Туруктуу иштеп жаткан жетекчиликти алмаштыруунун кандай кызыкчылыгы бар? Турмуштук тажрыйбаман билем, жетекчини негизсиз алмаштыра берүү өндүрүшкө терс таасир берерин айткым келет.

Ишкананын келечекте өнүгүүсү боюнча программалары, пландары түзүлгөн. Ошонун негизинде иштеп жатабыз. Бизге жетекчибиздин алмашуусунун кереги жок.

Мамбеталиев Б. Д, Профсоюз комитетинин төрагасы:

— Сизди жок кызмат орунду түзүп дайындаганда эле жогорку кызмат адамдары менен байланышыңыз бардыгы сезилген. Ошол күндөн эмгек жамаатында моралдык-психологиялык кырдаал бузулган. Ырас, бул кызматка келген соң жулкунбайлык, өндүрүштүн өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү үчүн жок дегенде 1–2 жыл иштөөңөр керек эле.

Атакуев Т. М, Бишкектеги аба кыймылын тейлөө борборунун начальниги:

— Мен 40 жыл иштеген ишкананын тагдырына кайдыгер карай албаймын. Кандай гана эмгек жамааты болбосун, андагы моралдык-психологиялык абал чоң мааниге ээ. Кайсы бир адамдын келиши менен эмгек коллективди кара булут каптап, интиригалык оюндар, ушак-айыңдар жүрсө, ал адамдын ким экендигин айгинелейт. Ушунун бардыгы Жоробаев Сатыгул менен байланышып турат.

Исмаилова К. К, кадрлар бөлүмүнүн начальниги:

— Жоробаев Сатыгулдун бул кызматка дайындалышы Транспорт жана жолдор министрлигинин аброюн төмөндөттү. Анткени, дайындоодон башта анын кесипкөйлүгүн, компетенттүүлүгүн жана башка сапаттарын карап көрүш керек эле. Биздин ишканада кызмат орундарына татыктуу адамдар иштеп келүүдө. Азыркы иштеп жаткан жетекчилик бизге өз ишин билгендиги менен жагат.

Акматов К. И, Нөөмөттүн начальниги:

— Мен үчүн Жоробаев Сатыгулдун бул кызматка келиши түшүнүксүз болгон. Билишимче, мамлекеттик ишканаларды башкарууну жакшыртуу боюнча өкмөттүн токтомуна ылайык ишкананын штаттык бирдиктери кыскартылыш керек эле. Тескерисинче, аэронавигация боюнча түшүнүгү жок, кесипкөй эмес кишинин 3-орун басар болуп дайындалышы көп суроолорду жараткан. Жогорку жетекчи органдардагы жетекчилердин келиши менен ишкана-мекемелердеги жетекчилеринин кадрдык алмашуусу баш-аламандыкка алып келүүдө. Учуулардын жана адамдардын коопсуздугу үчүн жооп берген биздин мекеме үчүн мындай башаламандыкка жол берүү кечиримсиз.

Жогорудагы талкууда сүйлөгөн 20дан ашык кызматкер ушундай эле ойлорун айтышкан. Негизинен, алардын пикирлерине караганда, азыркы иштеп жаткан жетекчи ишканада моралдык-психологиялык абал туруктакташтырып жана өндүрүштүк-финансылык көрсөткүчтөрдүн өсүшүн жаратып келген. Ошондуктан, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын азыркы жетекчисин алмаштыруунун зарылдыгы жоктугун жогорку органдардын жетекчилери эске алат деп ишеним артышат.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: