Menu

Жалал-Абадда Россиянын башкы консулу согуш ардагерине сый-урмат көрсөттү  

Бөлүшүү:

 

Жалал-Абад шаарында Россия Федерациясынын Ош шаарындагы Башкы консулу Свистин Роман Викторович Жалал-Абад шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Елизавета Костанинага Москва шаарынын өкмөтүнүн төш белгисин тапшырды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Бүгүн шаар мэриясынын кичи жыйындар залында шаар жетекчилеринин жана шаар коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда РФнын Башкы консулу Улуу Ата Мекендик согуштун убагында Москва шаарын коргоого катышкан согуш ардагерине Москва шаарынын өкмөтүнүн сыйлыгын тапшырды.

Алынган маалыматка караганда, шаар тургуну Елизавета Костанина согуш учурунда Москва шаарын немецтик фашисттерден коргоого катышкан. Бирок, анын согушка катышуусу тууралуу маалыматтар дайынсыз бойдон келе берген. Кийинчерээк архивдик документтерден анын шаарды коргоого катышканы ачыкка чыккан. Кыйла убакыт өткөнүнө карабастан, согуш ардагерине сый-урмат көрсөтүлдү.

Сыйлыкты тапшыруу менен РФнын Башкы консулу Р. Свистин согуш ардагерине чың ден-соолукту жана жакшылыктарды каалады.

Ал эми шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев шаар мэриясынын жана жалпы шаардыктардын атынан шаардык ардагерге сый-урмат көрсөткөнү үчүн Москва шаарынын өкмөтүнө жана Башкы консулга ыраазылык билдирсе, шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Аламан Адиев Башкы консулга шаар ардагеринин Москваны коргоого катышканын унутпай, сый көрсөткүнү үчүн ардагерлердин атынан алкышын айтты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: