Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: «Бүгүн бийлик К. Ташиев, А. Келдибеков, А. Мадумаровдор түзгөн үчилтикке эч нерсе кыла албайт деп ойлойм»

Бөлүшүү:

Бүгүнкү жашообуз мезгилдин чоң сынагындай баамдалууда. Дүйнө саясатындагы чабыттар, АКШда Трамптын бийликке келиши, Орусиянын ага болгон үмүттөрүнүн акталбай калышы, Кыргызстандагы саясаттын барган сайын татаалдашып баратканы, бийлик менен оппозициянын ортосундагы тиреш күндөн-күнгө курчуп, бийлик өлкөнү кайда алып баратканы белгисиз болуп, алдыбызда туңгуюк турганы коомубузда ар кандай бүдөмүк ойлорду жаратып, элди бушайман кылууда. Себеби, алдыда президенттик шайлоолор келатат. Бийлик болсо эмитен эле камынып, өзүнүн алдыңкы конкуренттерин жыга чаап, болочок мураскерге жол ачууга кирди. Алды менен Акаев-Бакиев камай албаган Ө. Текебаевди камашты. Болгондо да жалаанын негизинде. Эгерде ал камалса, анда калгандары жөн эле жатып берет экен деген пикир басымдуу болуп баратат. Элибиз алда эмне болуп кетет деп олтурган чак. Мына ушул жана башка суроолорго жооп берүү үчүн тарых илимдеринин кандидаты, саясат таануучу Табылды Акеровго суроо салып кайрылдык.

— Табылды мырза, АКШда шайлоо учурунда Орусия Трампка тартып жатат деп жатышты. Трамп шайлоону уткандан кийин аны Орусиянын тыңчысы катары да баалап жиберишти. Бирок, баары Теңирден тескери болуп, Трамп утуп алгандан кийин Орусиянын үмүттөрүн актаган жок. Бул бурулушту саясат таануучулар кандай деп атайт?

— Муну биринчи кезекте Трамптын шайлоо учурундагы тактикасы менен түшүндүрүүгө болот. АКШнын буга чейинки президенти Обама демократтардын партиясынан эле. Обама буга чейин Орусияга каршы саясатты жүргүзүп келди. Дүйнө өлкөлөрүнүн баары биригип Орусияга каршы саясат жүргүзүп жатты. Орусияга санкцияларды киргизип, каршылык күч алды. Дүйнөлүк коомчулукта 3-дүйнөлүк согуш болобу деген пикир жаралды. Мына ушуну эске алып, Трамп кандидат катары Орусияга жакыныраак, керек болсо аны менен жарашууга да болот дегендей пикир жараткан ойду айтып чыкты. Албетте, ал Обаманын бийлигине каршы программаны алып чыгып, буга чейин согуш болуп кетпесин деп кооптонуп, үрөйү учуп келген коомчулуктун үшүн басты. Ал көпчүлүгүндө карапайым калктын кызыкчылыгында аракеттене тургандыгын айтып, АКШнын сыртына чыгып кеткен бизнесмендердин акчаларын кайра кайтарам, өлкөнүн экономикасына жумшатам, жаштарга иш камсыздайм деп олтуруп утуп алды.

Бирок, уткандан кийин ал өз саясатын жүргүзүп жатат. Трамптын утушу бекер болгон жок десек да болот. Себеби, анын бийликке келишин көпчүлүгүндө америкалык интеллигенция, саясий истеблишмент да каалады. Орусия Трампты анын аялынын теги славян экендигине байланыштуу колдоп жатты. Башкача айтканда аялынын славян экендиги АКШ менен Орусиянын ортосундагы алаканы жакшыртууга көмөк болуп калабы деп үмүттөндү. Бирок, америкалыктар бул факторду таптакыр башка негизде пайдаланууга кызыкдар экенин орусиядагылар байкабай калды. Бул Трамп шайлоолорду утаары менен эле байкалды. Мисалы, Трамптын инаугурациясында АКШнын гимнин теги америкалык украин 19 жаштагы кыз ырдады. Муну менен Трамптын администрациясы Украина маселесинде АКШ Киев тарапта болоорун билдирди. А эгер муну кеңири карасак, анда бул факт бүтүндөй славяндарга АКШнын бийлигине же Ак үйгө силердин кандаштарыңар кожоюн болду, биз бияктабыз деген белгини берип турат. Трампты Ак үйгө алып келип Вашингтон славян элдерине Орусияны эле карай бербегиле, АКШнын Ак үйүнүн жүрөгү деле силер деп согот, ал жакта силердин кандаштарыңар кожоюн деген сөздү айткысы келгени ачык байкалып турат. АКШ Трампты пайдаланып, славян өлкөлөрүндө өзүнүн позициясын бекемдөөнү көздөп жатат десек болот.

— Демек, Трамптын Ак үйдү ээлеши Орусияга каршы саясат турбайбы?

— Ооба. Бул атайы иштелип чыккан саясат.

— Бирок, биздикилер АКШнын маселесинде Дж. Соросту пайдаланып жатканы байкалат го. Дж. Сорос Атамбаев менен Обаманын учурунда да жолукту эле. Эми да, өткөндө Атамбаев Батышка барганда Дж. Сорос менен кеңири маектешкени маалымдалды…

— Бирок, бул бизге келип жаткан эле маалымат да. Чынында Дж. Сорос демократтарды колдоп келген. Трамп республикачыл партиядан болгондон кийин аны менен пикир келишпестикте. Бүгүн Трамп Дж. Сорос жана башка ошого окшогон байларды АКШга акчаңарды алып келгиле, ишканаларды бул жакта ачкыла деп кысып жаткан чагы. АКШда бүгүн Обаманын Өкмөтүн пайдаланып, Дж. Сорос өзүнүн фондуна миллиондогон акчаларды котортуп алган деп шектелүүдө. Азыр анын финансы ресурсу текшерүүгө берилүүдө. Башкача айтканда бүгүн Дж. Сорос АКШда оюндун сыртында. Бүгүн Дж. Сорос менен Атамбаевди жолуктуруудан пайда жок. Эгерде Дж. Соростун Трамп менен проблемасы болбосо, КР президенти А. Атамбаев менен жолугат элем деп атайы сапар тартып Батыштан издеп барат беле? Ал эч убакта мындайга барган эмес. Бирок, бүгүн ал үчүн АКШнын Ак үйүнүн эшиги жабылып калгандыктан ал баарына макул болуп, А. Атамбаевди издеп жер кезип, Батышка барып жатат.

— Кыргызстандын бүгүнкү абалга кептелишинин себеби эмнеде? Бүгүн баары эле Атамбаевди жана анын тегерегин профессионал эмес, мурда ага шоопур, жансакчы, завхоз болгон адамдар түзөт деп сындашат. Бийлик эмнеге көчөдөн ишсиз жүргөн адамдарды тегерегине чогултуп алды? Буга эмне себеп? Ш. Дүйшеев айткандай кайдыгерликпи?

— Менин оюмча, Кыргызстандын бүгүнкү абалга кептелишинин бир гана себеби бар. Ал-саясий сабатсыздык. Ооба, Кыргызстан бүгүнкү абалга саясий сабатсыздыктын айынан кептелди. Буга далил катары Акаевдин доорун алсак болот. Акаев өзү окумуштуу, академик катары алдына камчы салдырчу эмес. Ошол кездеги оппозицияда Акаевдин деңгээлине тең келе турган адамдар жокко эсе болчу. Анан ал кандай гана аракет кылбасын илимге таянчу. Ошол эле кадр маселесин алалы. Ал кездеги кадрлар менен Бакиев менен Атамбаевдин мезгилиндеги кадрларды салыштырып көрсөңүз эле жетиштүү. Акаев кеминизм, кушчизмге таянган дегендери менен бул кадрлар СССР учурунда коомго таанылып, ар кайсы тармактарда иштеп, коомдон өз ордун алып калган кадрлар болгон. Бирок, Акаев канчалык окумуштуу болбосун, өлкөнү коррупциялык системага алдыртып жиберип кулады. Акаев өзү жараткан бизнесмендердин жана коррупциялык системанын курмандыгы болду. Бизнесмендер телчигип, бутуна туруп алгандан кийин коррупционерлер менен биригип алып, бул бийликтин бизге кереги жок, биз өзүбүз эле өлкөнү башкарсак болот экен. Бизге академик саясатчынын кереги жок. Өзүбүздөн эле бирөөнү коюп алып, башкара беребиз деп аны кетирип, бизнесмендер сүрөп Бакиевди алып келишти. Бакиевдин учурунда анын балдары, бир туугандары көп экен дешет. Ал эч нерсе эмес. Бир туугандар деле тобо деп, өз-өзү менен жүргөндөр толуп жатпайбы? Бирок, Бакиевдин балдары да, бир туугандары да алгачкы же жапайы бизнес аркылуу бутуна туруп жаткан доордо калыптанышкан да. Булар прихватизация доорунда калыптанышкан. Ошондуктан булар тез эле бийликтин төбөсүнө чыгышып, мамлекеттик кызмат абалын пайдаланып баюуга өтүштү. Өлкөнүн баарына – бизнесмендерге счетчик коюп коюшту. Бакиевдин балдары жана бир туугандары ар бир тармакты бөлүп алып, мамлекеттик кызматты бизнеске айландырып алышты. Ким аларды укпагандар, каршы чыккандар, буйрутма өлүмгө кабылып, жок болуп жатты. Бирок, кан коё бербейт деген сөз бар эмеспи. Булар көпкө узабай кулашты.

Акаев академик болсо, Бакиев менен Атамбаев бизнесмендер. Булардын менталитети таптакыр башкача. Мына азыр Трампты да сындап жатышат. Трамп да бизнесмен. Булар сынга көнгөн жандар эмес. Булар эркин жүрүп, баардык ишти өзүлөрү каалагандай жүргүзүп көнүп калышкан. Баардыгы булар каалагандай болушу керек. Башкача болууга мүмкүн эмес. Ошого бизнесмендер бийликке келсе, ММК менен карама-каршылыктарга, пикир келишпестиктерге кабылат. Бизнесмендер өзүлөрүн жарым Кудай сезишип көнүп калышат. Эркин жүрүп, өзүнчө чечим кабыл алып көнүп калган адамга, аны сындап жатышса өтө өөн көрүнөт. Кечээ эле ал өзүн жарым Кудай сезип жаткан да. Анан эми мамлекеттик кызматка келгенде коомчулуктун көңүл борборуна алынганда аны жаалата сындап киришсе, чатакка өтүп, пикир келишпестиктерге кабылат.

Ошондуктан бизнесмендер өз кызматкерлерине да жарым Кудайлык позицияда мамиле кылышат. Аларга катуу талап коёт, керек болсо урушат дегендей. Чыдасаң иште, чыдабасаң кете бер деген принцип менен мамиле кылат. Бизнесменге кадр тандоодо анын диплому барбы, жокпу бул маселе кызыктырбайт. Ага эң биринчи анын буйруктарын кыйшаюусуз аткарган адамдар керек. Бизнесменге диплому бар адамды ишке алып, аны менен кечке проблема тартып жүргүсү келбейт. Андан көрө диплому жок эле адамды ишке тартып, анан аны өзү ишке көндүрүп алганы оң. Бизнесменге эң негизгиси ишти тезирээк алдыга жылдырып, жыйынтыкка жетишүү. АКШ менменсинген бизнесмендеринин тарыхын карасаңыздар. Баары даана көрүнүп турат. Мисалы, болтту кечке кадай албай кыйналгысы келбейт, андан көрө кувалданы алып, болтту ары киргизе уруп, ишти алдыга жылдырып кеткени оң.

— Бирок, Атамбаев туугандарын бийликке алып келген жок да. Ошого карабай, аны да тегерегине ишсиз калган мурдагы өзүнүн кызматкерлерин алып келип алды деп нааразы болуп жатышат. Коомчулукта революция Атамбаевдин мурдагы ишсиз калган кызматкерлери үчүн болгонбу деген пикир жаралды. Атамбаевдин тегерегинде революционерлерден өзү жалгыз экен. Парламентте деле таптаза саясатты түшүнбөгөн, билбеген, кокустан барып калган адамдар көп болуп жатат. Эл буга нааразы. Бул жагдайды кандай чечмелейсиз?

— Харс Енсен (1904–1971) социал-демократиялык жумушчулар партиясынын төрагасынын саясий маселелер боюнча кеңешчиси, 1932- жылы Швед парламентинин миграция жана демограция саясаты боюнча комитетинде бул тууралуу өтө таасын айткан сөзу сакталып калган.

Мен ушуну толугу менен орусча келтирсем, жетиштүү чыгаар. Ал айтат: «Когда из страны уезжают ученые, инженеры, врачи и остальные представители умственного труда. Уезжает цвет народа-интеллигенция-то потом в такой стране правителями становятся бизнесмены, политиками становятся плебеи и проходимцы с улицы, а депутатами парламента базарные спекулянты, спортсмены и артисты».

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 25 жылдан бери өтө көп адамдар Кыргызстандан чыгып кетип жатат. Көбү мигрант болуп Орусияда, Казакстанда жүрүшөт. Себеби, бул жакта аларга өз кесиби боюнча иш жок. Мигранттар менен кошо интеллигенция да кетүүдө. Аларда бул жакта иш жок болгондуктан же айлыктын аздыгынан, үй-бүлөлөрүн айлыкка бага албай, өлкөнү таштап кетип жатышат. Бирок, мыкты адистердин өлкөнү таштап кетүүсү анын келечегине кедергисин тийгизет.

Бизнесмен саясатчы мамлекеттик кызматты өзүнүн ишканасындай сезет. Ошого бардык кызмат орундарына өзүнүн ойлорун, идеяларын тез жана кыйшаюусуз аткара турган адамдарды алып келгенди оң көрөт. Буга өлкөдө түзүлгөн кырдаал да жол ачып жатат. Эгер кимдир бирөө сынга алса, өлкөдө кадр дефицит деп жооп берет.

— Чын эле парламенттеги партиялардын тизмесин карасак, биринде да өз пикирин так айта ала турган депутаттар жок. «Ата-Мекен» гана акыркы убакта бийликке каяша айта алган, коррупциялык схемаларын так, даана көрсөтө баштаган болчу. Калгандары бийликти, Өкмөттү контролдомок турсун, Илмиянов, Ниязов, Исаков, Сегизбаевдерден жүрөк үшүн алып койгондой коркору көрүнүп турат. Ушундай парламенттин келечеги барбы?

— Теория жактан элдин баары саясат менен аракеттенгиси келбейт. Анын айрым гана бөлүгү саясат менен алектенгиси келет. Партиянын тизмесин түзүүдө да бул фактор эске алынышы керек. Мисалы, Кыргызстанда саясат менен алектенгиси келген жаштардын тобу бар. Алар атайы кыймыл түзүп, аны «Жаңы муун» деп атап алышкан. Анын катарында А. Мавлянов, Т. Саралаев, А. Турдукулов, Д. Орунбеков, А. Айтикеев ж. б. жаштар бар. Бирок, парламенттик шайлоолордо бир да партия буларды тизмеге киргизейин деген жок. Тескерисинче, буларды байкамаксан болуп, саясат жөнүндө түшүнүгү жок эле адамдарды кошуп алышты. Дагы жакшы «Ата-Мекен» партиясы булар менен кызматташуу жөнүндө келишимге келишип, булар көп нерсени үйрөнүп калышты. Мен ойлойм, эгер булар да партиялардын тизмеси менен ЖКга келгенде парламент бүгүн алда канча дурус абалда болмок. Бизде дайыма жаштарды тарбиялоо керек, саясатка дайындоо, үйрөтүү керек дешет. Бирок, кайсы жаштарды өзүлөрү да билбейт же билгилери келбейт. Себеби, конкуренциядан коркушат. Саясат менен алектенем деген жаштардан, саясат жөнүндө эч кабары жок жаштар менен иштешүү женилирээк. Алар конкурент боло албайт.

— Бирок, баары тескери болуп жатпайбы. “Жаңы Муундун” өкүлдөрүн митинг, пикет сайын эле камап жатышат. Президент А. Атамбаев Д. Орунбеков менен соттошуп бүтпөй жүрөт. А. Турдукулов менен президенттин жан сакчысы Э. Мамбеталиев соттошуп жатат? Кечээ эле сөз эркиндигин коргоо маршына чыкканда М. Аскарбековду камап, ага адвокат киргизбей, адвокаттын катышуусуз эле сот чечимин чыгарып, 5 күнгө камап коюшпадыбы?

— Мамлекет жаштар саясатында чоң ката кетирүүдө. Мисалы, «Жаңы Муундагы» жаштар Акаев-Бакиевдин доорунан бери эле саясатка аралашууга аракет кылып келатат. Мамлекет болсо аларды камап, коркутуп-үркүтүп, сотко берип жатат. Мамлекет өзү биринчилерден болуп жаштардан диссиденттерди дайындап жатат. Саясатчы жаш кезинен диссидент болсо, алардын саны көбөйүп кетсе, бул өлкөнүн, коомдун өнүгүүсүнө кедергисин тийгизет. Диссидент болгондон кийин адам мамлекетти жек көрүп калат. Ал кайра-кайра мамлекетке каршы акцияларын уланта берет. Кыргызстандын шартында өлкөдө диссиденттердин санынын көп болушу мамлекеттин, коомдун өнүгүшүнө терс таасир тийгизет. Мисалы, Атамбаев өзүнүн ордуна мураскер калтырды дейли. Ал жаш саясатчы болсун. Бирок, Атамбаевдин жардамы менен бийликке келип алган адам болсун. Коомчулук же болбосо жаштар аны кабыл албай коюшу мүмкүн. Ал эми диссидент саясатчылар ага каршы саясий акцияларын уланта берет. Өлкөдө туруктуулуктун дайыма сакталып турушу күмөндүү болот. Ошондуктан, партия лидерлери саясатка аны менен алектенүүнү каалаган гана адамдарды алып келиши керек. Баарын базардагы пияздай же картошкадай оптом тизмелеп алып келгенден коомго да, мамлекетке да пайда жок.

— Угушубузга караганда Дж. Сорос А. Атамбаевдин командасындагы батышчыл кадрлар С. Исаков, А. Сегизбаев, Т. Жумакадыровдорду колдоп коюшу мүмкүн имиш. Буга кандай дейсиз?

— Балким, булар өз кызыкчылыктарында А. Атамбаевге таасир берүү үчүн Дж. Соросту колдонуп жатышы мүмкүн. Бирок, бүгүн Дж. Сорос АКШнын саясатында активдүү оюнчу эмес. Жок эле дегенде жакынкы 4 жыл аралыгында ал АКШда чоң оюнчу боло албайт. Бирок, ошол эле учурда ал Трамп аны кысып жаткандыктан кайсы бир өлкөгө капиталын жайгаштырууга аракет кылышы мүмкүн. Балким, президенттик шайлоолордо ал Кыргызстандан кайсы бир кандидатты колдоп, финансылап, кийин алтын кендерин же дагы бир чоң акча алып келүүчү объектилерди билгизбей өзүнө каратып алууну көздөшү да ыктымал. Буга Орусия жол бербесе керек. Себеби, президент ким болбосун, Орусия билип койсо, анда аны коомчулукка ачып таштаса, анда ал президент ошол эле замат бийлигинен кол жууп калышы толук мүмкүн.

— Анда Атамбаев буларды мураскер кылып калтыра албайт экен да. Калтырса да көпкө тура албай калышы мүмкүн экен да. Анда мураскер ким болот?

— Мураскерди жарыялоо өтө эле татаал маселе. Аны алдын ала айтып койсо, анын жолун бууп коюшу мүмкүн. Ошого бул маселе өтө жашыруун болот. Атамбаев Сегизбаев, Исаков, Жээнбеков болот дегендей позицияны кармангандай боло берет. Бирок, чыныгы мураскерди билгизбей кармап турат. Мындай ыкма менен ал өзүнүн тегерегин ишке мобилизациялап, кадрлардын, тегерегинин өзүнө жан дили менен иштеп берүүсүн камсыз кылып турат. Булар болсо, мен мураскер болом деп жанталашып иштей берет. Мына карабайсызбы, У. Исраилов министр болуп келээри менен Коопсуздук кызматы «Белизгейт» операциясын ойлоп таба калды. Себеби, президенттин тегерегине дагы бир кандидат келдиби деп коркуп кетишти көрүнөт. Ошого эптеп Текебаев, Шыкмаматов, Салянованы камап берип, чоң ишенимге кирүүнү көздөштү. Бирок, мындан майнап чыкпай калды. Ага да карабай дароо «Маевскийгейтти» уюштуруп жиберишти. Бул иштин да Текебаевдин адвокаттары тарабынан бир айга жетпей ташы талкан болуп жатат. Көрсө, Текебаев Маевский менен Москвадан таптаза жолуккан эмес экен. Текебаев июлдун башында инаугурацияга катышып, анан Норвегияга Осло шаарына Ташкент аркылуу учуп кеткен. Июлдун 12синде келип өз арызы менен УӨ кызматын тапшырып берген. Башкача айтканда Текебаев июлда Маевский менен жолуккан эмес, сентябрда жолуккан дейли дешсе, ал учурда Текебаев Өкмөттүн мүчөсү эмес болуп калган. Ал 12- июлдан баштап бийликте эмес болгон. Ошого Маевскийге “Мегакомду” сатып алууга жардам бере алмак эмес. Маевский да анын Өкмөткө таасири жок болгондон кийин ага кайрылмак эмес болуп жатат.

— Кыскасы сиздин оюңузча жогорудагылар мураскер болбойт экен да?

— Атамбаевди (эгер өзү экинчи мөөнөткө барбаса) бизнесмен-саясатчы катары кабылдасак, анда мураскер болуп улуу муундагы саясатчылардын бири болушу мүмкүн. Менимче, мураскерлик ага-ини Жээнбековдорго тийиши толук ыктымал. Бирок, Атамбаевдин дагы бир өз ичинде сактаган башка да кадры болушу мүмкүн. Үчүнчү жол, Атамбаев мураскерсиз кетиши да күтүлөт. Себеби, Атамбаев чыныгы президенттик шайлоолор болуп, элдин кеңири катмары колдогон саясатчынын утуп алышына кызыкдар болушун жокко чыгарбоо керек. Ал кеткенден кийин да өлкөдө туруктуулук сакталып калат.

— ММКларда С. Исаков мураскерликти талашып, Сегизбаевди уруп салгын деген миш-миштер тарабадыбы?

— Менимче, бул жерде урган тарап өзүнүн таасиринин чоң экенин билдиргиси келген болсо керек. Кимиси таасирдүү адамга жакын болсо, ошонун таасири чоң деген ойду айткысы келген.

— Сиздин жогоруда айткандарыңыздан улам, маселенин баары бүгүн бийликке саясатчылар эмес, бизнесмендер келип жатканында турбайбы. Биздин бүгүнкү тас кейпибиздин себеби бул бийликтин жаратылышы өзгөрүп, эки тизгин, бир чылбыр бизнесмендердин колуна өтүп кеткенинде экен да?

— Ооба. Кайсы бир деңгээлде ошондой. Мына парламенттеги саясий партиялардын тизмесин эле карасаңыз. Ал жакта кимдер олтурат? Парламент деген бул элдин каймагы болушу керек да. Бирок, бүгүнкү парламентти биз элдин каймагы деп айта албайбыз. Мен эл менен көп жолугам. Өткөндө бир топ адамдар менен сүйлөшүп калдым. Алар Атамбаевдин «Ата-Мекен» партиясын «сасык» партия деген сөзүн талкуулап жатыптыр. Алар айтат, ушул парламент парламентпи? Атамбаев парламентти «сасык» десе жарашат эле деп. Себеби, депутаттары сасыткы жумурткадай эле, солкулдатсаң болк-болк деп үн чыгарат. Бирок үнү сыртка чыкпайт. Мына коомчулуктун парламентке берген баасы. Эми булар күйгөнүнөн айтып жатышат да. Мен ММКларга көп чыгам, эл менен көп маектешем. Элге эң негизгиси чындык керек экен. Мен муну так билдим. Мына баарыбыздын көзүбүзчө КТРК аркылуу «Белизгейт» операциясын берип жатышты. ЖКда талкуу болгонун көрсөтүштү. Президентти да аны чын деп ишендирип, калп айттырышты. Эгер жалган чыгып калса, анда катуу чаралар колдонулаарын да жарыя кылдырышты. Бирок, баары жалган болуп калбадыбы. Ага да болбой тез арада «Маевскийгейтти” ойлоп табышып, аны да ЖКдан талкуулашты. Ал талкууну да КТРКдан көрсөтүштү. Эми бир айга жетпей, баары документалдуу түрдө калп болуп чыгып жатат. Мага бүгүн ар кайсы региондордон чалып жатышат, эмне «Маевскийгейти» да жалган болуп калдыбы? -деп сурап. Анан мынчалык элдин чыдамын алуунун кандай кажети бар дейм да. Албетте, сырлуу иш болгондон кийин, мунун артында миллиондогон акчаларды сүмүрү турат деп ким ойлобосун. Эл деле мейли, эгер жесе камасын деп жатат. Бирок, эч нерсе таппай, айла кеткенде жалаа менен камап жатышат деп тынчсызданып жатышат. Себеби, биздин эл 1933, 1937–38-жылдарды көрүп калган да. Анда да элибиздин эң мыкты каймактарын «Алаш Ордонун», «Турандын» мүчөсү деп жалаа менен камап, атууга буйрушкан. Ушунун баарын көрүп туруп, парламент унчукпай жатканына нааразы.

— Мурунку бийлик учурунда саясатчыларды камап алып, анын бизнесин бөлүш деп, бизнестерин тартып алып, андан кийин чыгарып жиберишчү эле. Азыр деле ошондой көрүнөт да?

— Мурунку бийлик бизнесмендердин баарын бөлүшкүлө деп жатып кулап жок болушту. Ал гана эмес Кыргызстанда бизнес жасоо эң оңой, бийлик менен бөлүш да, каалаган бизнесиңди жасай бер деген сөз да чыккан. Бирок, тилекке каршы азыр деле ошол абал сакталууда. Мисалы, М. Бакиев жана башкалардын мүлктөрүнүн талап-тонолушун карабайсызбы. Кыргызстанда баары эле билет Жалал-Абаддагы 7-канал К. Ташиевдики болгонун. Кийин бийликтин кыстоосу менен президенттин тегерегиндеги бирөөнө өтүп кетиптир. Бул деген Кыргызстанда эң биринчилерден болуп бийликтин мародёр, мошенник экенин көрсөтүп турат. Бийлик мародерлукту мыйзамдын негизинде жүргүзүп, кысымдан пайдаланып, бизнестерин тартып алып жатат дегендик десе болот. Бул бүгүнкү бийликтин жүзү.

— Бүгүн бийликке туруштук берүүчү күч барбы? Текебаевден кийин бошогон орунду ким ээлеши мүмкүн?

— Менимче бүгүн баары эле бир нерсени күткөндөй түр көрсөтүүдө. Текебаев акталып чыгып калабы деп жатышат. Бүгүн документалдык жактан акталып жатат. Бир гана маселе бийлик сотторго телефон аркылуу буйрук берип чыгарбай койбосо, чыгышы керек. Бирок, мен ойлойм, бийлик бүгүн К. Ташиев, А. Келдибеков, А. Мадумаровдор түзгөн үчилтикке эч нерсе кыла албайт. Себеби, буларга карата карасанатайлыктардын баарын кылып бүтүштү. Эми дагы кайталаса, түштүктүн эли көтөрүлүп кетиши мүмкүн.

— Текебаевди эл колдойбу?

— Бийлик да бул маселеден коркуп, акырындык менен иштеп жатат. Себеби, кыргызда жон намысыбыз үчүн деген түшүнүк бар. Эгерде түндүк да, түштүк да жабыла жон намысыбыз үчүн деп колдоп кетсе, анда бийлик Текебаев жана башкаларды камамак турсун, президенттик шайлоолорду да өздөрү ойлогондой өткөрө албай калышы ыктымал.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: