Menu

Адахан Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери: «Бүгүн Атамбаевди катуу сындап жатамбы, эртең Атамбаев бийликтен кеткенден кийин аны коргойм, тийбегиле дейм»

Бөлүшүү:

 

— Адахан Кимсанбаевич, казак президенти Нурсултан Назарбаевдин биздин президенттин Европада сүйлөгөн сөзүнө жооп бергенин көрсөңүз керек. Суроо берген журналист Алмазбек Атамбаев “Евроньюс” телеканалы аркылуу “2010-жылы казактар чек арасын жаап, бизге блокада кылганда адам өмүрү кыйылган күндөр болгон” деп айткан сөзүнө токтолду. Мен дагы биринчи суроону президентибиздин ошол сөзү тууралуу бергим келип жатат. Президенттин коңшу мамлекетке доомат койгону туура эле болдубу?

— Мен көп жолу ушул теманы мисал келтирип айтып келдим. Эгер кошунаң тынч болбосо, ал жакты сөзсүз бекемдейсиң. Жаман иш чаралар болуп жаткан болсо бала-чака ошону көрбөсүн, андан таасир албасын дейсиң. Ошол сыяктуу ар бир мамлекеттин башчысы, журт атасы деген сезими бар киши чек араны бекемдейт. Ошондуктан “Сен чек араны жаап алдың” деп доомат айтышка эч кимдин эч кандай укугу жок. Жаңы жыл тоскондо Кытай дагы эки жумалап чек араны жаап коёт. Эгемендик майрамы келе жатканда Өзбекстан дайым чек арасын жаап келет. Кыргызстан баардык жагын жалжайтып ачып койгон болсо эле силер дагы биздей болгула деш керекпи? Өзүн-өзү сыйлаган, өзүнүн коопсуздугун көзөмөлгө алган мамлекет сөзсүз түрдө ар кандай окуяларга каршы ар кандай чараларды көрүүгө укуктуу. Ал үчүн доомат коюуга акыбыз да жок. Доомат коюу эл аралык аренадагы маданиятсыздыктын белгиси, дипломатиядагы туура эмес иш. Жакшы киши, жакшы кошуна үйүнүн ичиндеги же кошунасы менен болгон чырды бүтүндөй ааламга жар салбайт. Аны шашпай акылы, сабырдуулук, туугандык сезим менен чечип алыш керек. Ал сөздү Европага барып айтканда Европа жардам берип жибермек беле? Ал сөз эмне максатта айтылды? Эмне максатта айтылганы айткан кишиге маалым. Бизге маалым эмес.

— Президентибиз “Казактар чек араны жаап коюп адам өлүмү болуп кетти” деп баса белгилеп айтты. Бул деген чоң доомат да, туурабы?

— Бул жоопкерсиздиктүү билдирүү. Эч кандай сынга туруштук бере албай турган жеңил ооздук. Жакшы эмес көрүнүш. Казактын жетекчиси Нурсултан Назарбаев өтө акылман аксакал киши да, ага көңүл бурбай, тек гана күлүп койду. Ошол күлкүнүн ичинде тонналаган ойлор бар. “Буга жооп берүүнүн кажети деле жок, мен ал деңгээлге түшкүм келбейт, ал кишиден эмнелерди гана укпай жүрөбүз, айтып эле келатпайбы”- дегендей түр калтырды.

— Нурсултан Назарбаев “Кандай адам гана болбосун ойлонуп сүйлөш керек” деген сөздү айтты. Ушул сөздү кандай чечмеледиңиз?

— Бул сөздү эчен кылымдардан бери эле кыргыз айтып келет. “Ойлонбой сүйлөгөн онтобой өлөт”, “Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө”, “Жаактан жаңылган турбайт, туяктан мүдүрүлгөн турат” дейт. Назарбаев туура айтты. Ар бир жерде ойлонуп сүйлөш керек. Ар бир сөздүн аркасында жоопкерчилик бар. Ал үчүн сөзсүз президент болуштун кажети жок. Жөнөкөй инсан катары да ойлонуп сүйлөшүң кажет. Айткан сөзүңө өзүң ээ болуп, жооп беришиң керек. Бул кыргыздын каада-салты. Мусулманчылыкта “гыйбат” деп коёт. “Гыйбат”- бул оор күнөө. Акыретке барганыңда өзүңдүн бир тууганыңдын этин жеген менен бирдей болгон күнөө. Бирөөгө күнөө артканда дагы канча жолу ойлонуп артасың, бүтүндөй мамлекетке күнөө артышка чоң жоопкерчиликти сезүү керек. Назарбаев саясатта боло берет дегендей кылып күлүп койду, бул ал кишинин улуулугу.

— Казак президенти “Саясатчы, эл башкаруучу болуу үчүн пилдин терисиндей калың тери керек” деген жакшы сөздү айтты. Бизде бийлик башындагы башчыларды, саясатчы болуп оппозицияда жүргөндөрдө деле пилдин терисиндей калың тери болбой жатпайбы?

— Бүгүнкү заманда саясатчы гана эмес, адам болуш үчүн да пилдин терисиндей калың тери зарыл. Себеп дегенде жалаң ушак-айыңдын, жалгандын, арамдыктын айланасында калып калганда, ошолордун баарын көрүп сабырдуулук менен гана жашаш керек. Сабырдуулук-бул момун мусулмандын абдан чоң бир касиети. Сабырдуулукту аябай бийик деңгээлге көтөргөн кыргыз философиясында “Сабырдын түбү сары алтын” деген керемет айтылган сөз бар. Тилекке каршы, бүгүн көпчүлүгү сабырдуулукту алсыздык, коркоктук катарында кабыл алышат. Азыр дүйнө оодарылып калбадыбы. Кедей болсоң күлкү, чындыкты айтсаң келесоо, болгонду болгондой айтып койсоң тынчтык бербеген киши катары кабыл алат. Бай, ууру болсоң кыйын, эки жүздүү болуп кетсең азамат катары көрүнүп калбадыңбы. Мейли, сен соодагерсиңби, калемгерсиңби, саясатчысыңбы сабырдуу болгон жакшы. Мамлекеттин жетекчиси болуу үчүн сөзсүз пилдин терисиндей калың тери керек. Башка мамлекеттин жетекчилеринин дарегине айтылып жаткан сөздөрдү карап көргүлөчү. Алар баарын көтөрөт. Кошуна мамлекеттин президентин эмне деп айтты эле, ал киши жооп бердиби? Жооп берип, төмөн түшкөн жок. Себеп, “Акылы тайкы, жоопкерсиз кишилер менен айтышпа” деген акылмандык сөз бар. Биринчиден, анын деңгээлине түшөсүң, экинчиден, өзүнүн маданиятсыздыгы менен баары бир сени жеңет дейт. Ошондуктан улуу кишилер дөдөбай кишилердин сөзүнө көңүл бурбайт. Муну пил менен чиркей дегендей салыштыруу катарында кабыл алсак боло берет. Чиркейдин чакканын пил байкабайт да.

— Сиз мындан бир аз мурун Москвага барып, ал жактагы мекендештерибиз менен жолугуп келдиңиз эле. Кечээ жакында Алма-Ата шаарына ошондой эле жолугушууга барып келдиңиз. Сыртта жүргөн мекендештерден “Кыргызстан ЕАЭБге киргени туура чечим болду, биздин абалыбыз өзгөрүп кетти” деген сөздү уга алдыңызбы?

— Андай баса белгилеп айтып аткан жери жок. Алар ушул кезге чейин деле эптеп күн көрүп келген. Бир гана жери каттоого туруу жагынан же болбосо жумуш издеп табуу жагынан сөзсүз түрдө жеңилдиктер болот. Андан маселе жок. Ал жактагылардын жагдайы бираз-бираз өзгөрбөсө, биздин жагдайыбыз кыйындабаса андан жакшырып кеткен жери жок. Кыйындабаса деп айтканымдын себеби, бизге ошол уюмга кирбеген өлкөлөрдөн ташылып келүүчү буюмдардын саны кескин түрдө азайды. Алардын баасы көтөрүлдү. Турмуштук салыштырууну алып карасаңыз, мындан эки жыл башта эмне деген тойлор өтүп жатты эле, азыр андай тойлор жок. Бул чөнтөгүңө жараша ышкыр дегенди билдирип калды. Биз үнөмдөгөнгө бираз мажбур болуп калдык. Башта жаңы жабылган навайчынын нанындай тарап жаткан жаңы курулган батирлер бүтпөй туруп сатылып кетчү. Азыр 30 ай пайызсыз үстөгү жок алгыла десе дагы киши чыкпай жатпайбы. Аны салыштырыш үчүн Илимдер Академиясында экономика институтунун директору болуштун кереги жок. 200 миң тоннадай жер жемиштер Кыргызстандан чыкпай калды. Бул кыргыз айыл чарбасына болгон чоң сокку. Себеп, биздин дыйкандар өндүргөн жер жемиштер алар койгон талапка жооп бербейт деген шылтоо. Ал шылтоонун ичинде саясат бар. Мындай шылтоо болбошу үчүн Өкмөт иштеши керек эле. Тышкы саясат ордунда болушу керек. Анын күңгөйү менен тескейи бирдей. Жыргап кеттик деген деле киши жок. Туура эмес болду деген да көп адам болбоду. Ырас, биримдикке кирдиңби, пайдасын көбүрөөк көрүүгө аракет кылыш керек болчу. Нурсултан Назарбаев “Мен Кыргыз Өкмөтү үчүн да иштегенге убакытым да, каалоом да жок” деп айтпадыбы. Туура айтты. Эмне бизге бирөө иштеп бериши керекпи? Же бүтүндөй аалам Кыргызстанды багам деп ант ичкенби? Эмне үчүн бөлөктөр иштеши керек? Өзүбүздүкүлөр кайда карап жүрүшөт? Азыр дагы жолдун курулушуна 70 млн доллар акча бөлүндү деген маалыматты окуп жатам. Айланайын, анын бермейи бар. Кантип берет? Же акыркы күндөрүм калганга чейин алып калайын деген саясат жүрүп жатабы? Биз байкабай өзүбүздүн мойнубузга сыйыртмакты илип жатабыз. Мына, азыркы азаматтардын жүргүзүп жаткан тышкы жана каржы саясаты.

— Башка саясатчыларга караганда журналистика чөйрөсүн жакшы түшүнөсүз. Путин бизге жасаган ырасмий иш сапарынан соң, биздин президент элчилерден ишеним кат алып жатып сүйлөгөн сөзүнөн кийин орустардын “Коммерсант”, “Лента РУ”, “Фергана РУ” сыяктуу маалымат сайттары кыргыз президентин мыскылдап, шылдыңдагандай түр калтырган макалаларын жарыялады. Ушул да тышкы саясат катуу чыңалууга барып кептелгенинен кабар береби?

— Кабар бермек түгүл ушуну токтотосуңар, же болбосо адам болгулачы деген ишарат. Мыскылдап жазып жаткандарын мен да окуп жатам. “Фергана РУ” деген сайтында эмнелерге гана салыштырбай жатат. Байыркы Римде өзүнө-өзү жооп бербеген Калигула деген император болгон. Ал дагы ушунчалыкка жетип, өзүнүн минип жүргөн атын сенатор кылып дайындаган. Ошону менен салыштырып жазып жатат. Мен кыргыз жараны, атуулу катарында сөзсүз түрдө намыстанам. Чоң жыйындарда дагы Кыргызстандагы боло берчү окуялар дешип коюушууда. Көңүлгө албагыла дегендей болуп атпайбы. Эсепке кошулбай калган мамлекет болуп жатпайбызбы. Ар бир жерде мисал катары колдонулган мамлекет болуп баратпайбызбы, болгондо дагы терс жагынан. Бул тышкы саясатыбыздын ордунда эместиги. Тышкы саясатты жүргүзүп жатабыз деп канчалык кыйкырышпасын, дени соо киши антип мактана албайт. Себеби, мактанаарлык эч нерсебиз жок.

— Тышкы саясат туруктуу болуп жатат деп азыркы президенттин аппарат башчысы болгон Сапар Исаковду “Манас” ордени менен сыйлабадыбы?

— Тышкы жана ички саясатыбыз да оор маселе бойдон турат. Жеңил-желпи саясат жүргүзүүнүн натыйжасында бир дагы мамлекет менен терең ишеним артылган мамилебиз жок. Түркия менен болгон мамиле аябай эле бузулду. Казакстан менен мүмкүн болушунча бузганга аракет болуп жатат. Дагы бир жолу рахмат айтам, пилдин терисиндей калың териси, керемет акылы бар казак президенти тентек инисине кечиримдүү болуп, көп нерселерди жасап жатат. Сыртка чыгып калса же сизге окшогон калемгерлер менен жолукса кошуна мамлекеттер менен салыштырып, көптөгөн туура эмес сөздөр чыгып кетүүдө. Сен өзүң кимсиң? Кайсыл жетишкендик менен жогор жактан карай аласың? Айланайын, тийбе, сындабай эле койчу! Пайдаң тийбесе да зыяныңды тийгизбечи! Ар бир айткан сөздүн зыяны сөзсүз тийет да. Ошондуктан аябай абайлаш керек.

— Ислам Каримовдун дарегине ойлонулбай сүйлөп койгондун азабынан 6 жылдан бери Өзбекстан менен болгон мамиле кескин начарлап кеткенин эч ким жокко чыгара албайт. Каримов чек араны чычкан өткүз кылып тосуп салды эле, биз коргондун ичинде калгандай абалда калганбыз. Өзбектердин азыркы президенти бизге туугандык, кошуналык мамилени көрсөтүп жаткандай болуп жатат. Эки өлкөнүн ортосундагы көшөгөнүн ачылышы убактылуу эле болуп калбайбы? Сизде кандай ынаным бар?

— Шавкат Мирамановичтин президент болуп келгени кандайдыр бир үмүт отун жандырат. Башта андай үмүт жок эле деген сөздөн алысмын. Ислам Абдуганиевич дагы өз мамлекетинин, өз элинин залкар, керемет инсаны. Өзбекстанды эч кимге көз каранды кылбастан бутуна тургузуп, агрардык-индустриялдык мамлекеттердин катарына кошуп койду. Мамлекеттин алтын корун, байлыгын, куралдуу күчтөрүнүн күчүн карап көргүлө. Бул жагынан Каримов Өзбек мамлекети үчүн эбегейсиз чоң иш кылып кетти.

Ал киши бирөөгө жагабы-жакпайбы анын маселеси. Шавкат Мираманович жаңы муундагы жетекчи. Бул эми алтымыштын кырынан өткөн киши. Сөзсүз түрдө көз караш башка. Анын ыргагы, темпи бөлөк. Ал тездик. Улам-улам облус шаарларды кыдырып, тез-тез жыйындарды өткөзүп, ар бир маселе боюнча чыгып сүйлөп жатканына баракелде дейсиң. Кошуна мамлекеттерге жасаган мамилелери, сүйлөгөн сөздөрү да абдан жакшы. Биригүүгө, кызматташууга, чек араны ачууга жасалып жаткан аракеттерди кош колдоп колдоо керек. Бул кишинен сүйлөгөн бир канча сөздөрүн атайын карадым. Убактылуу дегенден алысмын. Себеп, ишеним ошондой. Ал киши бүгүнкү замандын агымын туура түшүнүп жатат дагы, өзүн-өзү коргондоп, өзгөчөлөнүп алып өсүп-өнүгүү мүмкүн эместигин сезип жатат. Озбек президентинин кадамын убактылуу эмес, концептуалдуу деп айтсак болот. Өкмөттүк жыйынында сүйлөгөн сөзүн уктум, аны программасы катарында кабыл алдым. Эң туура маселелерди коюп жатат. Түркмөнстанга жасаган иш сапары. Москвага баратат. Казакстан менен болгон мамилесин караңыз. Ар тараптуу караганда концептуалдуу маселелер менен кетип бара жатат.

— Биздин президент тышкы саясатта бир эле ойлонулбай айтылган сөз менен мамилени бузуп койсо болорун далилдегендей болду да. Мындан кийин да дагы бир ойлонулбай айткан сөзү менен мамиле бузулуп калсачы?

— Мунун айткан сөзү менен мамиле бузулбай деле калды. Мен мисал кылып айткандай пил менен чиркей сыяктуу болуп, көңүл бурбай калбадыбы. Ар кандай макалалардын чыгып башташы көңүл бурбай калгандын бир себеби. Мага Шавкат Мирамановичтин бир сөзү жакты. “Бизге тирешүүчүлүк керек эмес, бизге кызматташтык керек. Бизге эрегишүүчүлүк керек эмес, бизге биригишүү керек” деген сөз айтты. Бул мааниси терең сөз. Эрегишүү, тирешүү шайтандын иши. Ал сөздү тышкы саясатта дагы негизги ураан катары колдонсо болот. Биз эч ким менен эрегишпейбиз, бирөөнүн алдында биз кыйынбыз деп айтпайбыз, тек гана аны иш үстүндө ганы көрсөтүшүбүз керек деген сөздү айтты. Борбордук Азиядагы ар бир мамлекетте байкалбаган, башкалардын алдында канчалык доспуз деп айтканы менен тымызын көкүрөк тирешүүчүлүк болуп келген. Бул киши ачыктан-ачык ошол тирешүүчүлүк биз тараптан болбойт деп айткандыгы чоң маселе.

— Өзбекстан менен Казакстанды суу менен камсыздап келген Нарын дарыясы бизден башталат эмеспи. Нарын дарыясына ГЭСтерди курууга Өзбекстан каршы болуп келген. Бул маселе да оң жагына чечилет деп үмүт артсак болобу?

— ГЭСтер курулабы-курулбайбы ал бир гана өзүбүздөн көз каранды. Биз канчалык даражада тил табышып сүйлөшө алабыз? Мен 1995-жылы депутат болуп келсем, ошондон бери айтып келе жатам. Өзбекстан менен тил табышып сүйлөшө ала турган инсан керек. Биз сөзүбүзгө турушубуз зарыл. Чымчыктын саясатын жүргүзбөшүбүз кажет. Алар менен кызматташуу жөнүндө сүйлөшүп алып, сыртка чыкканда кошуна мамлекеттердин системасы мындай деп сындай башташат. Алардын системасы менен сенин кандай жумушуң бар? Сен ар бир мамлекет менен жекеме-жеке мамиле түзүшүң керек. Мисалы, менде кандай гана кишилер бар. Алардын баары менен мамиле кылам. Бирин-бири көрсө кол бербей тургандары жок эмес. Бул ошолордун жеке проблемасы. Мен ар бир кишиден жакшы жагын көрүшүм керек. Кандай кишилерди кечирбесең болот? Ууруну, жетим-жесирлердин акысын жегенди, сөзүндө турбаган кишилерди. Ушундай кечирбей турган касиеттери барлар менен байланышпай койсоң болот. Ошол сыяктуу эле ар бир мамлекеттин оң жана терс жактары болот. Кандай болгон күндө дагы башка мамлекетти окутууга, сындаганга биздин укугубуз жок. Муну билишибиз керек. “5 жыл ичинде жок дегенде бир ГЭСти куруп, ачып берип кетсем деген оюм бар”- деп айтпады беле.

Ал эмес биринчи агрегаты бүтүп калган Камбар-Ата‑2 ГЭСинин экинчи агрегатын бүтпөй койду го. Ошону эле бүтүп койгон болсо чоң иш болбойт беле. Тескерисинче ошол кездеги жасалган иштерди сындап, тепкилеп, жамандап келбедиби. Мамлекет өз күчү менен ГЭС курса боло турганын далилдеген. Мындан сырткары студенттик курулуш отряддарын жандандырганбыз. Биринчи жылында студенттер 90 млн иштеп тапса, экинчи жылында 130 млн иштеп табышкан. Ошол студенттерди Сочиге олимпиадалык курулуш иштерине жибергенбиз. Анын баары токтободубу. Кана ошол студенттик отряддар? Кана Камбар-Ата‑2 ГЭСинин экинчи агрегаты бүткөнү. Жок дегенде бир мектепти жылыта турган чакан ГЭС куруп койгону кана? Баары курулай жалган сөз. Кичинекей чакан ГЭС куруп койгондун ордуна кыргыздын мойнуна 37 млн доллар карызды илип коюп кетип баратат. РусГидронун ГЭСтин курулушуна деп 37 млн доллар берген акчасынын дайыны жок. Кайда кетти, ал акчаны ким табат?

— Тышкы саясат, бөлөк өлкөдөн карыз алуу боюнча дагы президенттин “Мен турганда карызга акча алып алгыла. Менден кийинки президентке береби-бербейби” деп айткан сөзү бар. Сырттан келген инвестиция же жардам деп коёлу, бир гана президенттен көз каранды болуп, кийинкилерине ишенич жаралбай калабы?

— Мамлекетти талкалоо жолуна түшкөндөгү негизги идеология ушул болуп калат. Россия чачырап ыдырап атат, ар бир республика өзүнчө эгемендүү болобуз деген кыймылдар башталып калды деген учурда Ельцинди сактап, коргоп калабыз дегендер “Сырттан келген инвестиция Ельцин үчүн берилип жатат. Ельцин кетсе инвестиция токтойт” деп коркуткан. Мен кетсем бербей коёт дегени дагы ошондой. Инвестицияны кишиге бербейт, ошол мамлекеттин экономикалык программасына, жер алдындагы байлыктарын эске алуу менен берет. Союз ыдыраганга чейин Горбачевге берилип жатат деп келсе, андан кийин Ельцинге гана берет деп чыгышкан. Путин келип ошолордун баарын токтотподубу, сырттан келген инвестициянын кереги жок дебедиби. Россияны орус өкмөтү башкарбай ЭВФ, Дүйнөлүк банк башкарып, пенсияны качан, канчага көтөрөсүң дегенди ошолор чечип калган. Алар келгенде аэропорттон көздөрүн карап жалдырап тосуп алат эле. Аларсыз жашай албай калган. Кыргызстан азыр ошондой. Ошол жолду басып өтүп баратабыз. Сырттан келген карыз алмайды токтотушубуз керек. Биз ички ресурсубузду топтоп, ички күч менен кетишибиз керек.

— Путин президент болуп келген жылдары эле кирешелүү ишканаларды мамлекеттин карамагына алуу менен ишин баштаган. Бизде тескерисинче болуп, кирешелүү болгон ишканалар сатылып, болгондо дагы жең ичинен жарыбаган тыйынга кетип жатпайбы. Маселен, азыр “Мегакомду” сатыкка чыгарып сата албай убара тартууда. Путиндин саясаты менен биздеги саясатты салыштырып болбойт го?

— Сатыкка алып чыкканда дагы инвестиция жумшай турган кишилерге эмес, өзүнүн жан-жөөкөрлөрүнө кетип жатпайбы. “Бишкек арак заводу” эмне болду? Азыр “Мегаком” боюнча маселе чыгууда. Буга окшогон тармактар көп. “Кумтөр”, “Жерүй”, “Талды-Булак”, “Макмал”. Санай берсең мындай нерселер толуп жатпайбы. Ошолордун кадырына-баркына жетпей, тескерисинче аларды банкротко алып барып, андан кийин жеке колго өткөрүп берүү аракеттер болуп жатканы жалган эмес. Бул иш шайтан куугандай тездик менен жүрүп жатат. Мен бул система жарабайт деп башынан баштап какшап айтып келем. Өкмөттүн кереги жок, президент жоопкерчиликти жеке керт башына алсын деп айтам. Башка мамлекеттер ошол жол менен өнүгүп жатышат. Швейцария менен бизди салыштырып карап көргүлө. 8 млн калкынын саны бар өлкөдө депутаттардын саны болгону 46. Жеринин аянты болгону 41, 29 миң кв км. Бюджети биздики 1 млрд доллардан араң ашса, ал жерде 246 млрд доллар, бизде 30га жакын министрлик болсо, аларда 7 гана министри бар.

— Бизде кереги жок министрликтер, бирин-бири кайталаган кызматтар толтура экенин баары эле билет да. Мисалы, бирөөнүн короосундагы койду, кампасындагы данды санап олтургандан башка дыйкандарга жарытылуу кеңеш айта албаган айыл чарба министрликтерине окшогон министрликтердин кереги барбы?

— Аларды атайын кызматка айлантыш керек. Бизге биринчи кезекте суу министрлиги зарыл. Ошол суу министрлигинин алдындагы азык-түлүк департамент кылып койсо болот. Бизде экологиялык жактан мыкты деген азыктарды өндүрүп, башка мамлекеттер менен келишимдерди түзүп, аларга түз жеткирип берүү менен байыганга көзүм жетет. Аябагандай чоң кызмат пайда болот. Жолдун боюнда туруп алып дарбыз-коон, помидор, капуста саткандардын баардыгын мамлекет сатып алып, сыртка чыгарышы керек. 2007-жылы Белоруссиянын Коргоо министрлиги “Бизге 50 миң тонна жашылча жемиш керек” деп буйрутма берген. Биз ошонун 15 пайызын да таба алган эмеспиз. Бир мамлекеттин Коргоо министрлигинин керектөөсүн камсыздай албаган эле айыл чарбабыз бар. Ушундан кайда сатабыз деп канча көйгөй жаратып жатат. Иштин көзүн тапса эле баары кетет.

— Мурун Энергетика министрлиги болуп турганда электр тармагындагы майда бөлүмдөр аз болгон. Азыр бөлүмчөлөр көп болуп, уурдоого шарт түзүлүп калбадыбы?

— Депутат Абыт Ибраимов “Аскар Акаевич, эмне дегенди түзүп жатасыз? Холдинг эмне деген түшүнүк? Хо-ол үй деген. Тар чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн энергетика тармагын түзүп жатасызбы?” деп сессияда сүйлөгөн. Анда түшүнгөн эмес. Ураа-ураа, кабыл алышыбыз керек дегендер бүгүн да акыл үйрөтүп жүрөт. Ошондо каршы чыккан бизге бүгүн да сын айтып келе жатышат. Бийлик өзгөрүп кеткен жок, ошонун калдыктары, уландылары келет. Биз ар дайым Казакстан менен Өзбекстанга биздин электр энергияны сатып алгыла деп келгенбиз. Биринчи жолу акыр замандын белгиси катарында Кыргызстан Казакстандан бизге электр энергиясын бергилечи деп суранды. Мына, кыргыздын энергетика тармагынын жердин түбүнө кирип кеткендиги.

— Мүмкүн бул дагы үлкөн адамдардын балдарынын жашоосуна шарт түзүп берүүнүн жакшы жолу болсо керек да?

— Аны менден жакшы билип турасыңар. Баардык нерсени Мадумаровдун оозу менен айттыра бербестен, мактап жазып жүргөн кыйындардан ушул суроолорду берип сурагыла, мага караганда ошолор ичине кирип жакшы билишет.

— Сиз Акаев менен Бакиевди алып келишибиз керек деп айттыңыз эле. Кечээ эле Аскар Акаев интервью берип, өзүмдүн жериме эле сөөгүм коюлса дегендей сөздү айтыптыр. Дагы деле ал кишини алып келиш керек деген пикирдесизби?

— Мен позициямды саясий конъюнктурага жараша өзгөртпөйм. Мен ким болгон күндө дагы кыргыз баласы кыргыз болуп жаралгандан кийин кыргыздын жеринде жүргөн жакшы деп айткам. Сөөгү да кыргыздын жеринде калганы жакшы. Кандай гана жамандык кылбасын Жараткандан жазасын алышат. Жараткандан катуу жазаны пенде бере албайт. Пенденин күнөөсүн канчалык жашырып койгон болсоң, Алла-Таала акыретте сенин да күнөөңдү ошончолук жашырат дейт. Ханы качкан элдин куну качат деп коёт. Кунубуздун качып жатканынын себеби да бирибиздин артыбыздан бирибиз кууп жүргөндө болушу керек деп ойлойм. Алар келгенден кийин кечиримди элден сурашы керек. Кечиримди калдайган кыргыз эли берет, бийлик бербейт. Кечирим сурап алгандан кийин кетирген катачылыгына жараша жазасын тартышсын. Бирок, ыйласа да, күлсө да, ач болсо да, ток болсо да өзүбүздүн касиеттүү жерибизде басып жүрсүн, касиеттүү жерибизге сөөгү берилсин. Эч кимге бөтөн элде, бөтөн жерде күн кечиргенди каалабайм. Биз Исхак Раззаковдон кийин чоң сабак алышыбыз керек. Алар дагы көгөрүп олтуруп албай, элден кечирим суроого тийиш.

— Бул Аскар Акаевди чучугуна жеткизе сындаган депутат Адахан Мадумаровдун пикириби?

— Мен сындасам, киши бийликте турган кезинде сындайм. Киши бийликтен кетээр замат токтотом. Ошол кезде эле “Жарадар болуп калган арстандын үстүнө чөөлөр чыгып ойносо да болот” деп айттым эле. Кезинде Акаевдин көзүн тике карай албагандар баатыр болуп эмне деп кыйкырып чыгышты. Бакиевге эки ооз сөз айта албагандар кыйкырып чыгышпадыбы. Кезинде Бакиевдин үйлөрүн, сыйлыктарын алып алган кээ бир артисттер не деген кошок кошуп ырдап чыгышты. Бул абийирсиздик, уятсыздык. Анда алган сыйлыгыңдан баш тарт, ошол киргизген батириңди тапшыр, жийиркенич менен таштап кой. Ошондо “Баракелде, азамат экен” дейсиң. Эки жүздүүлүктү токтот айланайын. Мен инсан катары экөөсүнө тең жаман сөз айта албайм. Акаев кыргыздын бактысына жаралган керемет окумуштуу. Өзүнүн окумуштуулук багыты менен кете берсе, бул киши баа жеткис окумуштуу болмок. Мүмкүн үй-бүлөдө жакшы атадыр, бирок мамлекет жетекчиси катарында жарабайт деп айтчумун. Жеке инсандык касиетине тийчү эмесмин. Курманбек Бакиевди дагы балпылдаган кыргыздын накта жигити, көкүрөгүндө кири жок, мүмкүн кайгысы ишенчээктик. Ким жакшы сөз айтса, ошого ишенип жүрдү. Ачуу сөз айтып койсо, аны душман катары карап калып жаткан учуру болуп жатты. Кемчилиги жок эч ким жок. Менин кемчилигим жок дегендин өзү чоң күнөө. Пенде болгондон кийин баарыбызда кемчилик бар. Бакиевге “элин аткан” деген сөз жармашты. Ага да макул. Бирок, мен Шамиль Атахановдун сүйлөгөнүн “Ютубдан” көрдүм. Ал “Баарыбыз коркуп турганда, аял киши болсо да Роза Отунбаева “аткыла” деген буйрукту берди” деп сүйлөп жатат. Мен кезинде Отунбаеваны өзүн-өзү шайлап алган президент деп айткам, 6 жыл өткөндө Атамбаев ошол сөздү айтты. Мен калп айтыптырмынбы? Жок. Референдум болбоду, Ош менен Жалал-Абаддагы түтөп жаткан үйлөрдүн түтүнү токтой элек, бул абдан жаман көрүнүш деп кыйкырсам эч ким укпай койгон. Атамбаев референдум өтпөдү, эч ким келген жок деп айтты. Азыркылар Отунбаева бийликтен кеткенден кийин эми айтып жатышат. Мен ал сөздү азыр айтпайм. Бүгүн Атамбаевге акты ак, караны кара деп катуу сындап жатамбы, эртең Атамбаев бийликтен кеткенден кийин азыркы жанындагылар “Мындай болчу, мени чакырып алып минтип айткан” деп эзип чыгат. Ошол мезгилде мен аны коргойм, тийбегиле дейм. Эр болсоң учурунда айт. Кызматтан кеттиби тийбе, сөз айтпа, сындаба, кемчилигине тийишпе.

— 2010-жылы ок борбордук бийлик олтурган ордого келген адамдарга каршы ок атылганы чындык. Аны эч ким тана албайт. 2002-жылы Аксыда ээн талаада бара жаткан элге ок атылбады беле?

— Туура, 2010-жылы Ак үйгө асылганда ок атылды. Ал эми Аксыда Боспиек деген ээн талаада кетип бара жаткан элди атпадыбы. Ошол окуянын 15 жылдыгы белгиленип, анда мамлекеттик ишмер болуп сүйлөп жаткандарды көрүп уят дегенден башка сөз айта албайсың да. Ал жерге эстелик тургузуш керек деген маселе бүгүнкү күндөй менин эсимде турат. Абсамат Масалиевдин, Бейшебек Акуновдун, Николай Байлонун, Алевтина Проненконун, Ишенбай Кадырбековдун, Исмаил Исаковдун, Азимбек Бекназаровдун, Адахан Мадумаровдун айлыгынан тургузулган. Бир айлык маянабызды ошол үчүн берип, көмөк көрсөткөнүбүздө, Өкмөт ал жерди бербей, эстелик тургузганга караманча-каршы чыгышып, араңдан-араң эстеликти тургузганбыз. Эми ошол жерге кайсыл беттери менен басып барып сүйлөп жатат?! Эстелик үчүн салымды карапайым калк кошкон. Мамлекет бир тыйын да берген эмес. Тескерисинче, жерди дагы бербейбиз деп чыгышкан. Анын ачылыш аземинде дагы биз эмне деген кордуктарды көрдүк. Мен түшүнбөйм, андан илгери эле мультимиллионер болгон адамдар ошол эстеликке салым кошуп койсо болот эле да. Кезинде ошол жерге баргандан чоочуп, үркүп жүргөндөрдүн баары кечээ ошол жерге жыйналып алыптыр. Мен аларды көрүп туруп уялдым. Алар Боспиек деген жерди атап коюштан качышкан. Ошол жердеги кайгыны көрүп бергилечи деп Жогорку Кеңештин залына видеону коём деп жатканда, “Кокуй, Кудай сактасын” деп качып чыккандар ошол жерде турат. Заманыңа баракелде. Мына тарых кандай болуп өзгөрүп жатат. Бүгүн тыйыны барлар Дача-СУдагыларга барып кабар алдыбы? 17 үй экен. Бирден үй салып беребиз деп чыга турган кыргызда 17 ишкер жокпу? Эгерде парламенттик шайлоо жылы болгондо анда чыгышмак. 10–15 видео камераны алып алышып жүрмөк. Азыр да кээ бир азаматтар тоонун арасына барып, аркасынан камераны ээрчитип алып жүрбөйбү. Алар камерасыз баса албайт. Булар адам үчүн бараткан жок, камера үчүн баратат.

— Сиз Аксы окуясын айтып жатып Абсамат Масалиевдин, Бейшебек Акуновдун кордук көргөнүн айтып жатасыз. Азыркы президент өзүнүн атаандаштарын же каршылаштарын “сасык саясатчылар, эл бузарлар” деп сындап келет. Азыркы оппозициядан кайсыл тарабы болбосун салмактуу болгон каршылаштарын, беттегенин бербей, каршылык көрсөткөнүнө карабай эстелик тургузгандарды Акаев деле “сасык саясатчылар, эл бузарлар” деп атаса болот беле?

— Орус тарыхында “Просвещённый авторитаризм” деген түшүнүк бар. Бул илимдүүлөрдүн башкаруусу. Акаевдин доору ошондой болчу. Илим бар жерде маданият бар. ал киши өтө жогорку маданияттуу болчу. Эч кимдин фамилиясын атап эч качан жеке кишиге асылчу эмес. Каймана түрдө гана айтчу. Кыргыз өзү сөздүн баркын каймана түрдө берет. Көчөдөгүдөй болуп ажылдашып айтышкан өзүнүн гана деңгээли. Ар бир киши өзүнүн деңгээлине жараша сөз айтат. Мен Акаевге 14 жыл каршы болсом, 14 жылда бир да жолу жаман сөз уккан жокмун. Жеке өзүңө асылган деңгээлге түшкөн эмес. Себеби, Акаев жогорку элита менен аралашып, жеке мамиледе болуп келген, интеллекти жогору инсан. Ал көчө баласы же соодагер эмес.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: