Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, мындан ары Япония эли менен Жалал-Абад шаарынын билим берүү тармагы жана коомчулугу ортосундагы пайдалуу кызматташтыктар күчөтүлөт. Бул тууралуу Япниянын Кыргызстандагы элчилигинин 3-катчысы Юри Накагава шаардагы Б. Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясында болгон кезде белгилүү болду.
Юри Накагава айымдын мектептеги жолугушуу иш-чарасына Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Турдалы Темирбаев жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Ырысбек Калчаев катышшты.
Аталган гимназия-мектебинин директору Кульнара Мамытованын айтымында, мындагы негизги максат – эки элдин ортосундагы билим берүү багыты боюнча кызматташтыкты күчөтүү.
-Быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата достукту, ынтымакты бекемдөө багытындагы мындай иш-чаралар ар тараптуу маданий байланыштардын өнүгүүсү менен коштолушу шарт . Бул жолугушуу учурунда япон эли менен кыргыз элинин жашоосундагы, билим берүү жана маданият жаатындагы окшоштуктар ортого салынып, тыгыз кызматташуулар тууралуу кепп болду, – дейт ал.
Юри Накагака айымдын айтымында, кыргыз жана япон элдеринин окшоштугу – бул алардын меймандостугу. Ал мугалимдер жамаатына жана окуучуларга япон элинин, урп-адаты, каада-салты жана бүгүнкү күндөгү билим берүү системасындагы өзгөчөлүктөрү тууралуу атайын даярдап келген слайд аркылуу жолугушууга катышкандарды тааныштырды.
Жолугушуунун соңунда келген конокторго мектеп окуучулары тарабынан түрдүү улуттардын ыр-бийлери коштогон чакан концерттик программа тартууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ