Menu

Акин Токталиев, адвокат: “Жакындарынын өмүрүн сакташ үчүн Садыр алар айтканга барып жатат”

Бөлүшүү:

– Акин мырза, сиз Садыр Жапаровдун жактоочусу болуп жүрөсүз. Азыр Жапаровдун акыбалы кандай?

– Садырдын акыбалы өтө начар, оор. Аны бийлик тараптан психикалык, физикалык жактан кысымга алып жатат. Жеке эле өзү эмес, үй-бүлөсү, бир туугандары, жердештерин кошо камап, күчкө салууда. Акаев учурунда Бекназаров, Кулов камалды. Бирок, алардын үй-бүлөсүнө, тууган-уругуна кысым көрсөткөн эмес. Бакиев учурунда дагы камалган саясатчылардын үй-бүлөсүнө тийишкен эмес. Кыргызстанда биринчи жолу азыркы президенттин тушунда саясатчыны жеке эле өзүн эмес, бир туугандарын, балдарын, айылдаштарын камоо болуп, баарынын жүрөк үшүн алып коёлу деген коркутуу болуп жатат. Эгер дагы бирөөңөр ушинтип чыга турган болсоңор баарыңарды жакындарыңар менен кошо камап коёбуз деген ишаарат көрсөттү. Президент өзү дагы “Саясатчыларды УКМКнын СИЗОсуна камабайм, ал жерде өзүм дагы казы-карта, чучук жеп олтургам. Эми аларга казы-карта, чучук жегизбейм” дебедиби. Мамайдын гөрүн көрсөтөм дегендей эле сөз айтты.

– Садыр мырза өзүмдү-өзүм кескиледим деп айтып жатат. Буга ишенсе болобу? Сиз жактоочусу катары ишенесизби?

– Садыр Жапаров намаз окуган, динди жакшы түшүнгөн киши. Өзүнө-өзү эч качан кол салбайт. Буга колун кесүүгө психологиялык жактан жардам беришти. Өзүмдү-өзүм кескиледим деп эмне үчүн айтып жатат? Анткени, буга психотроптук дары беришип, башын айлантып, өзүмдү-өзүм кескиледим деп айттырып, эгер антпесең балаң, агаң, бажаң, туугандарың жатат, алардын баарын ушундай кылабыз деп коркутушу мүмкүн. Жакындарынын өмүрүн сакташ үчүн Садыр алар айтканга барып жатат.

– Бишкек шаардык соту Жапаровдун баш коргоо чарасын карап, мурунку чечимди күчүндө калтырып, аны №1-СИЗОдо камай турган болду. Кескилөөдөн  кийин анын өмүрүнө коркунуч жаралбайбы?

– Соттун бул чечимин мыйзамсыз деп айтсак болот. УКМК кармагандан кийин УКМК тергөө жүргүзүп жаткан соң ошол жактын  СИЗОсуна өткөрүп берилиши керек болчу. УКМКнын СИЗОсунда №1-СИЗОдогудай психологиялык кысымды жасай алышпайт. Садырды биротоло сындырып салуу үчүн кайрадан №1-СИЗОго жөнөтүп жатат.

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: