Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, шаарда жайгашкан Глинка атындагы балдардын музыкалык мектебинде музыкалык мектептерде тарбияланып жаткан шыктуу балдардын областтык кароо-сынагы болуп, анда мыктылар тандалды. Бул тууралу аталган музыкалык мектептин директору Кымбат Бердалиева билдирди.
Анын айтымында, Глинка атындагы музыкалык мектебинин базасындагы мындай областтык кароо-сынак 10 жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келүүдө. Ага ар кайсы музыкалык аспаптарда чебер ойной алган балдар катышат. Быйыл болсо, ушул сынакка байланышкан он жылдык юбилейлик иш-чара да болуп калды.
-Бул сынак жыл сайын Жалал-Абад областынын район-шаарларындагы музыкалык мектептердин арасында өтүп келет. Негизги максатыбыз жаш таланттардын шыгына-шык кошуу, таланттуу балдардын ортосундагы алакаларды жандандыруу, достугун чыңдоо, өнөрлөрүн баалоо аркылуу аларга багыт берүү болуп саналат. Бизди кубандырган нерсе – жаш өнөр ээлеринин саны жылдан жылга өсүп бараткандыгы, – дейт ал.
Бул бир күндүк кароо-сынактын жыйынтыгында жеңип чыккан таланттуу балдарга кызыктыруучу сыйлыктар, Ардак громаталар тапшырылды.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарындагы Глинка атындагы балдар музыкалык мектеби өткөн жылы 60 жылдык маарекесин белгилеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ