Menu

Жеңиш Молдокматов, “Замандаш” саясий партиясынын теңтөрагасы: “Элдин уулдары жанын аябастан, канын төгүп кандуу бийликти уратса, үзүрүн башкалар көрүп жатканын кантип жашырабыз!”

Бөлүшүү:

 

— Жеңиш мырза, өткөн жумада 7-апрелге толугу менен 7 жыл толду. Бийлик толугу менен максаттар орундалды деп ишендирүүдө. Сиз ишендиңизби?

–2017-жылдын күз айында жалпы жумурай журт үмүт менен күткөн Президенттик шайлоо келатат. Шайлоонун мааниси эбегейсиз зор. Себеби, 1991-жылдан тарта биринчи жолу өлкө башчысын атаандаштык жол менен тынчтык шартта шайлаганы турабыз. Буга чейин шайлоолор элдик толкундоолордун шарапаты менен өтүп келген. Муну менен революциянын бир максаты же чоң тилегинин бири аткарылды деп айтсак болот. Кудайым буйруп, тынч шайлоонун жыйынтыгы менен бийлик маданияттуу, адептүү жана ыймандуу жол менен алмашса, мамлекет жана анын келечеги үчүн чоң жеңиш болот деп эсептеймин. А бирок, сиз сурагандай революцияга 7 жыл болуптур, андан бери жөнөкөй элдин турмушунда жакшы өзгөрүүлөр болдубу? Так айтайын, болгон жок. Бүгүн мамлекет дүйнөдөгү 50 кедей өлкөлөрдүн ичине кирди. Демек карапайым калктын турмушу начар. 6 млн калкыбыздын 70 пайызынан көбү жакырчылыкта жан үрөп келет. Кыргызстандын жалпы карызы Каржы министирлигинин билдирүүсүнө ылайык 4 млрд 92,7 млн. АКШ долларын чапчып, ички дүң продукциянын 64 пайызын түзүп олтурат. Орточо айлык маяна, пенсия 2–3 эсе көтөрүлдү дегенибиз менен жашоо баасы күн санап кымбаттоонун үстүндө. Ал эми биз мигранттар менен көп иштешкенибизге байланыштуу миграция жаатында маселе өтө эле көп. Мисалы, 2017-жылдын башында Россиянын Федералдык кызматынын расмий билдирүүсүнө ылайык Кыргызстандын эмгек мигранттарынын саны 554 миң адамга жетти. ЕАЭБдин алкагында жеңилдиктер каралды дегенибиз менен жеринде мигранттар кыйналгандан кыйналганы күч алууда. Бул өкмөт тарабынан комплекстүү иштердин жүрбөй жатканынан кабар берет. Жыйынтыгында, «революция өзүнүн максатына жете элек» деп эсептейм. Революциянын тилектери уурдалып жатканы анык. Революцияны карапайым элдин уулдары жанын аябастан, канын төгүп кандуу бийликти уратса, үзүрүн башкалар көрүп жатканын кантип жашырабыз! 7 жыл ичинде элдин жашоосу оңолгондун ордуна, капчыктуулар капчыгын калыңдатты. Башталган системдүү реформалар тынымсыз тыгында тыгылып, багыттарын жоготту. Айтаарым, кийинки келчү президентке өтө оор болот. Кандай болбосун, өлкөбүздө тынчтык, бейпилдик болуп, элибизден биримдик качпасын! Кудайым ар бирибизге ыйман жана сабырдуулук насип кылсын.

— Кыргыз-Орус фондунун айланасында талкуу жүрүүдө. Бизге бул фонддун кереги барбы?

— Кыргызстан ЕАЭБке кирүү алдында чоң талкуу болгон. Алдын ала сүйлөшүүлөр жана макулдашуулар жок дароо кирүүбүз өлкөнүн экономикасына, өндүрүшүнө, соода алакаларына жана жалпы элдин турмушуна кедергисин тийгизчү коркунучтар бар эле. Олуттуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде Орусия өкмөтү ЕАЭБдин баштапкы баскычтарында Кыргызстанга жардам болсун деп, «Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду» түзүлүп, 1 млрд АКШ долларын берүү жагы жактырылган, бирок, кийин аталган сумма 500 миллионго түшкөн. 2017-жылдын 11-апрель күнү «Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду» тараткан маалымат боюнча, ушул күнгө карата 350 миллион доллар Орусия өкмөтүнөн келген жана анын ичинен 220 миллион долларга 693 долбоор каржыланган. Андыктан, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду биздин мамлекетке аба менен суудай керек. Маселен, Орусия өкмөтү болгон каражаттардын эсеп-кысабында болуп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин фонд коомчулукка так жана кеңири маалымат бербей келет. Айтор, парламентте фондго тийиштүү нерселер байма-бай көтөрүлөт дагы эле, үн-сөзсүз жыйынтыгы угулбайт. Анан, албетте коомчулукта аталган фонд чоң кызматкерлер менен ири олигархтарга гана иштеп жатат деген шек саноолор болот да. Айтмакчы, фонддун жетекчисинин бир айлык маянасы 10 000 доллардан көп, катардагы кызматкерлердин орто айлыгы 1000 доллардан кем эмес деген маалыматтар ММКда көп чыгат. Бөлүнгөн каражаттар кыргыз экономикасына, өндүрүшүнө, жеке ишкерлерге деп келип жаткан соң, миллиондогон акчаларды фонддун жетекчиси менен алдындагы кызматкерлери алып атканын тийиштүү органдар териштирип, өкмөт жана парламент баасын берип, катуу чара көрүлүшү керек. «Ачкачылык учурунда бийлер майга тойбоптур» дегендей болбой, фонддун акчалары чоңдордун чөнтөгүнө жана алардын жеке кызыкчылыгында өздүк иштерине эмес, даректүү жумшалып, өлкөбүздүн экономикасына иштеши керек.

— Саясатка аралашып, көчө оппозициясы болгон топтор парламент тарасын деген пикирге көбүрөөк таянып жатышат. Парламенттин мурунку чакырылышын деле тарашы керек деген пикирлер көп болгон. Балким мамлекеттин башкаруу системасы туура болбой жаткандыр?

— Туура айтасыз, парламенттин V чакырылышындагы депутаттык корпус менен VI чакырылышты салыштырсак сапат жагынан айырма абдан чоң. Азыркы парламент «өлбө жаным өлбө, бергендерим не болот?!… » деп күн санап тургандай элес калтырат. Анын себеби, шайлоодо акчанын күчү менен келгендик болуп турганын ким калп дейт?! Кыргызстанда белгилүү коомдук-саясий ишмер, кинорежиссер, жазуучу, кыргызга жан дили менен күйгөн, жүрөгү да, миң тамыры да кыргыз деп согуп, кыргыз маселесине келгенде кыргызга кызмат кылып аткандарды көтөрмөлөп, колунан келген көмөгүн көрсөтүп келген кайран биздин улуу Дооронбек Садырбаев агабыз “Кул кутурса кудукка кайырмак салат” деп айтканын азыркы парламенттеги акчанын кулу болуп, элдин мүдөөсүн билбей, мугалимдерди чабандарга теңеп, велосипет менен жүр десе, эл бизди башка чабат деп корккон, же ГАИ кармаса мандатын сууруп чыгып чиренген, же дарыгердин айлыгын билбей уят болгон, же жазылган мыйзам менен таанышпай талкууга түшүп шылдың болгон, же улуу трибунага чыгып жазылганды окуй албай элге сөз болгон, же куудулдар менен чабышып намысы жерде калган, же саясий сөз эмес сатираны көп айтып күлдүргөн, же эл кыдырып, элин, эл депутатын тааныбаган депутаттарга айтор ылайыктуу болуп турат окшобойбу. Жалпылап айтсак, азыркы парламент көп ката кетиргендиктен күнөөлүү деп эсептеймин. Себеби, Конституцияда жазылган нерсени аткарышкан жок. Алсак, 2010-жылы жана 2016-жылы кабыл алынган Конституцияны чуулгандуу маселе парламенттин ичинде чечилип, талкуулансын, мамлекеттин толук тагдырын парламент көзөмөлдөп, парламент чечсин деген максатта кабыл албадык беле. Бирок, андай көрүнүш болгон жок. Ошондон улам, ар кандай маселе сыртка чыгып, эл көтөрүлүп атат да. Мындай парламент өзүнө-өзү баа берип таркап кеткени оң. Албетте, азыр парламентти таркатууга юридикалык жактан алганда негиз жок. Ал өзүн өзү таркатпаса эле эч ким тарката албайт. Легендарлуу Ли Куан Ю “Шайлоодо канча көп акча чачып келген топ болсо, иш процессинде ошону чыгарып алганга умтулат” деп биздеги болуп жаткан процессти таамай айткан жакшы сөзү бар. Анын сыңарындай, 2015-жылы парламентке депутаттар не деген акчанын күчү менен келишти. Анан алар кантип мандаттарын тапшырышат? Бирок, эмки шайлоодо эл жаңылбашы керек. Чыныгы мекенчил, өлкөгө, эл-журтка күйгөн, мекенин, элин, жерин сүйгөн депутаттардын келиши зарыл! Элибиз да тууганчылыкты, жердешчиликти ташташы керек! “Таяке, жээн, куда-сөөк эле, шайлап койдум” дегенден алыс болуусу зарыл! Элге жараша депутаттар келип жатат да.

— Эл арасында булар мурдагы бийликтен ашып түштү деген пикирлер катуу айтыла баштады. Балким элдин пикирине сиз дагы кээ бир критерийлерди келтирип кетсеңиз?

— Бул сурооңузга кыргыздын бир макалы жетиштүү деп ойлойм. Калганын окурмандар түшүнөт деп ишенем. “Бузулду бул замандар, күч алды көп жамандар, илим, билим жоголду, азайды мыкты адамдар”. Ушул сөздөн кийин башка сөздү айтуу керек болбосо керек.

— Жогорку Кеңештин 1,5 миллион сомго пардо алаары талкууга түштү. Социалдык тармакты колдонуучулар бюджет тартыш болуп жатканда мынча чоң сумманы коротпош керек деп жатышат. Буга сиз эмне дейсиз?

— Бүгүн өлкөбүздө 600 миңден ашык пенсионер, 350 миңден көп пособия алгандар (жардамга муктаждар деп түшүнөлү), расмий статистика боюнча 60 миңге жакын жумушсуздар, 74 миңдей мектеп мугалимдери, 12 миңге чукул милиция кызматкерлери, 20 миңге жакын даарыгерлер, 120миңден көп майыптар жана башка ушул сыяктуу орточо 1500 сомдон 12 000 сомго чейин айлык, пособия жана пенсия алып келишет. Быйыл кышында Нарындын суугунда 3 фаза жаккандар кеминде 6 000ден 15 000 сомго чейин айына светке төлөп келишти. Бул акча эмнеге жетет?! Турмуштун начарлыгы, жакырчылыктын күч алуусунан улам сиз экөөбүздүн 1,5 млн мекендешибиз бөтөн элде бел ийип, жан багып келет. Ушундай учурда казынанын акчасын үнөмдөө эбегейсиз зор мааниге ээ экенин түшүнүшүбүз керек да! Элдин жашоосу бул болуп жатканда, миллиондогон акчага пардо сатып алам деген парламенттин кылыгы уят иш. Уят!

— Президенттик шайлоого жамгырдан кийинки козу карындай эле жамыраган партиялардын баардыгы талапкер чыгарат экен. Өз алдынча аттанган кыйындарыбыз да жок эмес. Президенттик тактынын ушунчалык кадыр-баркы кетсе анда эмнеге мынча көп киши жулунат?

— Тескерисинче, президенттик такты таттуу болгонунан улам талапкерлер көп чыгууда. Негизинен шайлоолордо талапкерлердин көбүрөөк болгону жакшы, себеби альтернатива же атаандаштык болушу шарт. Бирок, 2011-жылдагыдай 87 талапкердин чыгышы албетте туура эмес. 2011-жылкы шайлоодо тийиштүү мыйзамдардын чийкилигинен улам талапкерлердин саны көп болгон. Азыр, Жогорку Кенеште шайлоого тийиштүү мыйзамдар каралганы жатат. Эгерде туура чечимдер кабыл алынып, анык тактыктар киргизилсе талапкерлердин саны саналуу болуп, реалдуу атаандаштык жаралат деп ишенем. Эн негизгиси президенттик шайлоонун тынч өтүшүн тилейм. Эмки президент эң биринчи ыймандуу, адилеттүү, калыс, билимдүү, тажрыйбалуу жана эрктүү болушу керек.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: