Menu

Адиль Турдукулов, активист: «Бийликтин өз мураскерин алып чыгуу планы ишке ашпайт, эл ага жол бербейт»

Бөлүшүү:

— Адиль мырза, сот сизге президенттин мурунку жансакчысы Эркин Мамбеталиевге 50 000 сомду төлөөсү керек деген чечим чыгарды. Бул чечимге макул болуп, акчаны төлөө жөнүндө ойлонуп жатасызбы же каршылык билдирип кайра сотко кайрыласызбы?

— Элүү миң сом пулдан тышкары, айткандарымды ФБда төгүндөсүн деген соттун чечими болду. Бул чечим Ак үйдүн буйругу болгону баарына эле түшүнүктүү эле болуш керек. Бул сөз эркиндигин чектөө, өзгөчө соцтармактарга болгон басым. Мен айткандарыман кайтпайм. Кыргызда “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” деген жакшы сөз бар. Ачуу чындыкты кашкайта айта берем. Апелляциялык арыз менен жогорку инстанцияларга кайрыламынбы же жокпу азыр чече элекмин, жактоочуларым менен дагы кеңешем.

— Эркин Мамбеталиев менен мурда-кийин Атамбаевдин жанында чогуу жүргөнсүздөр да. Балким анын тана албай турган фактыларын билет чыгаарсыз?

— Менин билгендерим ага карата болгон соттук чечимдер менен шайкеш. Андан тышкары маалыматым деле жок, анткени “каралар” дүйнөсү менен байланышым жок.

— Арашан айылында бир кезде Бакиевдердин бийлигине каршы курултай өткөргөн экенсиздер. Азыр Арашан эмес уруксат берилген жайларда эки кишинин башы бириге албай калды. Ошол курултайдагы айтылган тилектер азыр орундалдыбы?

— Арашанда өткөн курултайда “биз лидерди эмес системаны өзгөртүшүбүз керек, кадрлар адискөйлүктүн негизинде тандалыш зарыл” деп чечилген. Бирок Атамбаев ал жердеги убадаларды чанды, аткарган жок.

— Талас облусуна барып эл менен жолугупсуздар. Элдин бийликке болгон пикири кандай?

— «Сөз эркиндигин коргоо комитети”, “Жаңы муун” жана “Саясий куугунтуктагыларды коргоо” уюмдары менен Таласка барып эл, жергиликтүү бийлик менен ачык диалог курдук. Жашоочулар Таласта бир да өндүрүш ишканасы курулбаганын сындап “сегиз жыл мурун курулушу башталган драмтеатрдын имараты да бүтө элек” деп ачуу чындыкты айтышты. Айрым активисттер “Жерүйдүн” ачылышына каршы болуп, акырына чейин турарын белгилешти. Биз мындай жолугуушуларды уланта беребиз.

— Кадыр-баркыма шек келтирди деп журналисттер менен соттошуулар жүрүүдө. Мындай жол менен кете берсе саясий көз карашы туура келбеген саясатчылар четинен камалгандай, сын айткан журналисттер да биринин артынан бири камала баштабайбы?

— Сиз чоочулап жаткан көрүнүш иш жүзүнө ашып кетиши толук ыктымал. Бизде азыр эч нерсени күтүп болбой калбадыбы. Бирок бийлик күндөн-күнгө алсырап бара жатат. Максаты күздө болчу президенттик шайлоого жетип, өз мураскерин алып чыгуу. Бирок бийликтин бул планы ишке ашпайт. Анткени эл ага жол бербейт. Биз дагы эл менен болобуз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: