Menu

Рустам Маманов: “Президентибиз Алмазбек Шаршенович туура кылат, мен да «Фабула» менен «Кыргызтудейди» 10 миллион сомго сотко берем”

Бөлүшүү:

“Алюминий королу”, карате боюнча кара курдун ээси, белгилүү саясый ишмер, экс-депутат мырза биздин учкай суроолорго жооп узатты. Эмесе, барктап, баалап алыңыз, урматтуу окурман.

– Арыбаңыз Рустам мырза, соңку убакта жергиликтүү басылмалар сизди ашкере жамандап жатышат го? Кылдан кыйкым издегендей… Не жамандык кылдыңыз эле?

Негизи аларды Кудайга койдум. Бирок, мен жөнүндө ашкере ушак, тескери маалыматтарды тараткан «Фабула», «Кыргызтудейди» бир убагы келгенде жазалайм. Шашпай турушсун! Жуунбаган, сасык Рыскелди Момбеков менен Бегалы Наргозуев кечирим сурашпаса, анда бир күнү тизеге турушат… Ыйлашат…

– Кашайып, экөө тең кежир да. Сизден кечирим сурабайт го?

– Жазгандарына жооп беришсин! Мен аларга эмне жамандык кылдым? Ушулар дайыма мага асылып эле калды…

– Сиздин карате менен машыкканыңызды баары эле биле бербесе керек. Кокус тиги экөөнө жолугуп калсаңыз, ээк талаштыра тээп жибербейсизби?

– Кудай сактасын! Бир мүчөм тийсе алар жок болушу мүмкүн. Бирок, мен алар менен мыйзам талаасында сүйлөшөм. Жакында мен жөнүндө калп маалымат жазган редакцияларды сотко берип, катуу жазасын берем.

– Мисалы, канча миллион сомго?

– 10 миллионго чейин. Сөзүмө турам. Негизи президентибиз Алмазбек Шаршенович ушакчыларды жазалоо жагынан туура сөз айткан. Аларды сотко берип, жүзүн ачып, мыйзам алдында жазалаш керек.

– Сиз боюнча дагы бир маалымат бар, депутат Азиз Турсунбаевге чоң суммада акча берип, кайра ала албай жүргөнүңүз чынбы?

– Азике экөөбүздүн ортобузда алыш-бериш дайыма бар. Биз бири-бирибизди эч качан карыз катары санабайбыз. Тескерисинче, кам көрөбүз. Экөөбүз 25 жылдан бери доспуз. Азизди мен терең мааниде урматтайм, анын жигитчилиги бийик, эч убакта сатып кетпейт. Ал мени өкүл балам… Демек, ата-бала эч качан карыз болбойт.

– Чолоев, Мантай дагы досторуңузбу? Экөө сизди сатып кетишти беле?

– Сатып деле кетишкен эмес. Алар аман эле болушсун! Болгону Чолоев кээде ар кимдин сөзүнө аралашып калса керек, Мантай болсо Болот Сүйүнбаевди «Ордо» ресторанына дайыма чакырып, коноктоп жүрөт. Боке түз жүргөн жигит, аны бузбаса дейм да… Экөөнү элдин баары көрүп атат. Эртең заман өзгөрөт, анан көрөбүз го…

– Алтынбек Сулайманов сиздин шакиртиңизби?

– Ооба. Мен убагында аны баламдай көтөргөм. Чогуу иштешип калдык. Алтынбек мыкты жигит, жаш кезинде кызуу кандуу болсо, азыр оор басырыктуу саясатчы. Өстү. «Бир Болдун» лидери болуп, мамлекетке кызматын кылып атат. Келечеги кең буюрса!

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: