Menu

Чынгыз Ысманов, дыйкан: “Максим Бакиев ал кезде элдин эмес, байлардын, уурулардын, сасыган сассык саясатчылардын канын ичип турган экен, кийин алар биригип, Убактылуу өкмөттү түзүшкөн”

Бөлүшүү:

Өзүмчө ойлонуп көрсөм Максим Бакиев элдин эмес, ошол мезгилдеги оппозициянын канын ичип турган экен, Максим мен сыяктуу карапайым дыйкандан бир тыйын алган эмес экен. Максим байларды, ууруларды, сасыган сассык саясатчыларды сыздаткан, кийин алар биригип, Убактылуу өкмөттү түзүштү, а Убактылуу өкмөт Абжеми анан Атамбаевти алып келди. АША келгенден кийин баары хаос болуп жатып калды. Бүгүн жөнөкөй жаран эмес, “мен конституциянын атасымын!” деген Текебаев да өз укугун коргой албай калды, так что “биз укуктук эмес жунглинин закону менен жашап жатабызбы” деген түшүнүкүз суроо туулат?
Кыргызстанда 2005-жылы деле, 2010-жылы деле революция эмес жөн эле бийликти басып алуу болуптур. Болгону глобалдашуунун курмандыгы гана болуптур кайран Кыргызстаным. Революция болгондо система алмашат экен, а бизде алмаштыбы система? Албетте жок, ошол эле коррупционерлер, ошол эле уурулук, ошол эле мамлекеттик кызмат орундарынын сатылышы, ошол эле жүздөр, кече атасы, бүгүн баласы, ага иниси жана жан жөөкөрлөрү, кээ биринин ойношу. Мына бүгүн такталбаган маалыматтарга караганда жүз миңдей кытай жарандары Кыргызстанда жашайт экен. Алар бүгүн сенин, менин карындаш, эжелерибизге үйлөнүп, турмуш куруп жатышат. Кудайдын куттуу күнү жүздөгөн, керек болсо миңдеген жээндер жарык дүйнөгө келип жатышат. Муну менен мен эмнени айткым келди? Эртең алар миллионго жетет андан соң көз карандысыздыгыбызга кол салуу болот, бул дегеним гендердик жактан талашуу башталат, алар чыгат “мен улутум боюнча Кытаймын, бирок Кыргызстандын жаранымын жана менин да толук акым бар Кыргыз мамлекеттин башкарууга” деген. Бул бир эле мисал, андан сырткары Кыргызстандын жана Кыргыздын келечегине балта чабыла турган ондогон коркунучтар бар.
Бүгүн Кыргыз үчүн СДПК же Ата-Мекен же кайсыдыр саясатчылар эмес, өтө чоң стратегиялык коркунучтар бар. Глобалдашуунун курмандыгы болуп, улуу тарыхыбызды жана Кыргыз мамлекетин жана Кыргыз деген элди жоготуп албашыбыз үчүн эмне кылыш керек? Мамлекеттик өнүгүүнүн улуттук идеологиясы, стратегиясы, ачык жана жабык картасы барбы? Ал жөнүнүндө улуу урматтуу саясатчылар ойлонуп жатышабы? Деген түшүнүксүз ойлор мээни жеди…

Чынгыз Ысманов, “Дыйкан плюс” чарбасынын кызматкери

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: