Бүгүнкү күндө шаардагы 25 шайлоо участкаларында 28-май күнү өтө турган жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого бардык зарыл даярдыктар көрүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарындагы өкүлү Дамир Жүндүбаев билдирди, деп маалымдайт шаардык мэриянын басма сөз кызматы.
Анын айтымында, добуш берүүнү талаптагыдай уюштуруу максатында шайлоо бюллетендери толугу менген мыйзамда белгиленген 1 пайыз кошумчасы менен участкаларга таркатылуу үчүн даяр. Башкача айтканда, 36115 бюллетень, анын ичинде 700 даанасы орус тилинде даярдалган бюллетендер алынып келинген. Аларды мыйзам чегенде 26-май күнү же шайлоо күнүнө эки күн убакыт калганда шаардагы 25 шайлоо участкаларына шайлоочулардын санына жараша таратылат. -Ошону менен эле бирдикте 26-27-май күндөрү шайлоочулардын тизмесин аныктоочу компьютерлештирилген маалымат борборлорун ар бир шалоо участкаларына орноштурабыз. Бул маалымат борборлору 28-май күнү шайлоочулардын шайлоого мыйзамдуу катышуусун аныктап берет, – дейт Д. Жүндүбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ