Menu

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев Балыкчынын мэри Алмаз Мамбетовду болушунча сыйлап, «беркиден» жакшы эле сеп эттиртип…

Бөлүшүү:

23-24-май күндөрү Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов баштаган мэриянын 15 адамдан турган жоон тобу Ош шаарына эки күңдүк та­жрыйба алмашуу өнөктүгүне катышып келишти. Шамалдуу калаадан барган делегацияны Айтмамат Кадырбаев баштаган ордолуу Оштун опулдаган лөктөрү тосуп алышып, эки тараптуу жолугушуу түзүк деңгээлде уюштурулду. Ыркыраган шамалдуу калаада төштөрүн желге тосуп калганга көнүп алышканбы, Балыкчы мэриясынын сакалдуу өкүлү Карыпбек Борбашев, Таалай Мамбеталиев, Эрнис Байтиков, Азис Асаналиев, Улан Нуракунов баштаган өкүлдөрү Оштун ысыгында боргулданып тердешкендерине карабай, көк чайдан шорулдата ичип, суусун кандыруу менен Бишкекке кыңылдаган тейде демдүү кайтышканы каңкууланды. Кыязы, оштук туугандар кетээрде буларды болушунча сыйлап, «беркиден» жакшы эле сеп эттиртип коюшкан го. Болбосо, көк чайдын күчү мынчалыкка жеткирбей калсын.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: