Menu

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 11-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Жолугушууда 2010-жылдан кийинки Кыргызстандагы абал талкууга алынып, парламенттик-демократиялык багыттагы жетишкендиктер тууралуу сөз болду.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысы катары алгачкы ирет иш сапар менен келип жаткан Антониу Гутерришке ыраазычылык билдирип, анын 2010-жылы болуп өткөн Ош, Жалал-Абад облустарындагы окуяларга тынымсыз байкоо салып, абал менен жеринде таанышып кеткендигин эске салды. Ошону менен катар, Башкы катчынын жети жылдан кийин кайрадан Кыргызстандагы өзгөрүүлөргө күбө болуп жатканын айтып, этностор аралык ынтымак менен мамлекеттик бүтүндүктү сактоо аркылуу демократиялык багытта өнүгүп бара жаткан Кыргызстандын азыркы жетишкендиктерине жакшы баа берет деген ишеничте экенин белгиледи.

Ошондой эле, парламенттик-демократиялык багыттагы Кыргызстандагы жаңыланууларга токтолгон Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Биз мыйзам чыгаруу бийлик бутагындагы эл өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын арттыруу менен, мамлекеттик башкаруу тутумундагы тең салмактуулукту камсыздоого аракет кылып келебиз. Кыргыз элинин каада-салты менен үрп-адатына жакын болгон парламенттик системаны, демократиялык негизди өнүктүү биздин башкы максатыбыз. Бул жаатта жетишкендиктерибиз арбын. Алсак, эки ирет биометрикалык маалыматтарга негизделген жаңы тандоо ыкмасы аркылуу парламенттик шайлоо өттү. Андан тышкары, Жогорку Кеңешке өлкөбүздөгү бир катар этностордун, аялдардын жана жаштардын өкүлдөрү үчүн атайын орундар каралып, парламенттеги көп түрдүүлүктү сактоо жаатында тынымсыз аракеттер жасалууда”, – деди.

Андан тышкары, Чыныбай Турсунбеков парламент мамлекеттеги күчтүү бийлик бутагына айланганына токтолуп, эл өкүлдөрү өлкөдөгү баардык окуяларга түздөн-түз байкоо салып, аларга ыкчам жана өз убагында аракет көрүү менен, жагдайды турукташтырууда чоң салымдарды кошуп жаткандыгын билдирди. Ал эми эл аралык байланыштар тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасы кыргыз парламенти тышкы алакаларды арттырууга да кызыкдар экендигин айтты. “БУУ, БУУӨП баштаган эл аралык уюмдар менен кызматташуу – биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. Айрыкча, жакында эле кабыл алынган Жогорку Кеңештин 2021-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын алкаганда биргелешип иш алып баруу биздин башкы максатыбыз. Себеби, бул стратегиялык документ Кыргызстандагы парламенттик башкаруу системасын өнүктүрүп, келечегине да жакшы шарт түзөт”, – деген Жогорку Кеңештин Төрагасы буга бир катар эл аралык уюмдар да жогору баасын берип келишкендиген баса белгиледи.

Өз кезегинде Антониу Гутерриш Бириккен улуттар уюму Кыргызстандагы демократиялык багыттагы реформаларды кубаттай тургандыгын айтты. “Парламент бул жаңылануулардын башатында турушу керек. Андыктан, бул жаатта кыргыз парламентинин акыркы жылдагы жетишкендиктери арбын экени байкалууда. Өзгөчө шайлоо өнөктүктөрүндөгү өзгөрүүлөр менен катар парламенттин ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктер Кыргызстанды дүйнөдөгү демократиялык багытта өнүгүп бара жаткан өлкө катары көрсөтүүдө”, – дейт Антониу Гутерриш. Ошондой эле, 2010-жылдагы окуялардан кийинки өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоого карата жасалган аракеттерге оң баасын берген БУУнун Башкы катчысы Кыргызстан демократиялык багытынан тайбай, адам укуктарын коргоо менен адилет башкаруу системасын калыптандырып келе жатканын, мындан ары да ушул багытта өнүгүп, башкаларга үлгү болууну улантарына ишене тургандыгын билдирди.

Андан сырткары, терроризм, экстремизм, климаттын өзгөрүшү, экономикалык каатчылык сыяктуу дүйнөнү каптаган коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү керектигин айткан Антониу Гутерриш: “Кыргызстан аймактагы экологиясы таза өлкө катары ааламдагы климаттык өзгөрүүлөргө каршы жигердүү аракет көрүшү зарыл. Бириккен улуттар уюму бул жааттагы кызматташтыкты колдоого даяр”, – дейт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: