Menu

Олег Панкратов: ЕАЭБ өлкөлөрүндө Бажы Кодексин бир убакта күчүнө киргизүүнү камсыз кылуу боюнча процедуралык маселелерди чечүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүүдө

Бөлүшүү:

Евразиялык экономикалык биримдиктин  өлкөлөрүндө 2018-жылдын 1-январында интеграциялык биримдиктин Бажы кодексин бир мезгилде күчүнө кирүүсүн камсыз кылуу үчүн процедуралык маселелерди чечүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри, Евразиялык экономикалык комиссиясы кеңешинин төрагасы  Олег Панкратов  Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди. Мындай маалыматты Өкмөттүн Аппаратынын расмий сайты жарыялады.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов белгилегендей, ЕЭК кеңеши ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы рыногун өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктарды, бир катар чектөөлөрдү карады.

«Алардын арасында Биримдиктин мүчөсү болгон мамлекеттердин бири тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагынан тышкары ишкердик же эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн берилген  улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдүн өз ара таанылбай жаткандыгы маселеси.  Келип чыккан кырдаалга уруксат алуу үчүн улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануунун бирдиктүү эрежесин аныктаган өзүнчө макулдашууну иштеп чыгуу боюнча  иштер жүргүзүлүүдө», – деп билдирди Олег Панкратов.

Мындан тышкары  вице-премьер-министр Олег Панкратов маалымдагандай, ЕЭК кеңеши ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн аймагында электрондук-санариптик кол тамганы колдонуу мүмкүнчүлүгүн карады.

«Азыркы учурда ЕАЭБде электрондук санариптик кол тамганы  өз ара таануу практикасы жок болууда.  Бул мамлекеттик жана бизнес түзүмдөрү өткөргөн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу сынактарында бизнестин катышуусун чектейт. Мындан тышкары аталган чектөөнүн алынышы эл аралык маалымат алмашуунун алагындагы электрондук документ жүгүртүү системасын активдүү колдонууга жол ачат.

Жыйындын жыйынтыгында аталган чектөөлөрдү алып салуу мүмкүнчүлүгүнүн варианттарын иштеп чыгуу тууралуу макулдашууга жетишилди», – деп билдирди вице-премьер-министр Олег Панкратов.

Евразиялык экономикалык комиссиясынын жыйынына Армения, Белорусь, Казакстан Республикаларынын жана Россия Федерациясынын өкүлдөрү, ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян, ЕЭК коллегиясынын мүчөлөрү катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: