Menu

Прокурор Өмүрбек Текебаевди 10 жылга эркинен ажыратууну суранууда

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 10-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун кылмыш ишине байланышкан соттук отурум улантылды.

Процесске “Ата Мекен” фракциясынын бир нече депутаттары келип катышышты. Алар менен бирге депутаттын эки адвокаты да келген, бирок сотко мамлекеттик адвокат Чоноева чакырылган эле.

Сот катышуучулардын ойлорун сурады. Чотоновдун адвокаттары угууну жылдырууну өтүнүштү, себеби калган эки адвокат келген эмес эле.

Адвокат Жакупбекова аны бул сотко кыйнап алып келишкенин кошумчалады, анын Ленин райондук сотунда Аида Салянованын ишине байланышкан отурум бар болчу, бирок “ал сотту жылдырып коюшту” деди ал.

Жактоочулар менен кошо жылдырууну айыпталуучулар дагы суранышты.

Сот улантыла берди жана корутунду сөзү менен прокурор Нурмат Исраилов чыгып, Текебаевди 10 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен бирге мамлекеттик жумушка 3 жыл иштегис кылып чечим чыгарууну өтүндү. Ал эми Чотоновго 8 жыл сураган прокурор анын дагы үй-мүлкүн конфискациялап, 3 жыл мамлекеттик жумушка иштөө укугун алып салууну суранды.

Ал эми мамлекеттик адвокат болсо корутунду сөзгө чыгып, Маевскийдин көрсөтмөлөрү калп экенин айтып, Текебаевди бошотууну суранды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: