Menu

Ашхабаддагы Азия оюндары: 23-сентябрда кыргыз балбандары 3 алтын, 2 күмүш, 1 коло байге утту

Бөлүшүү:

23-сентябрда Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында  өтүп жаткан жабык имараттардагы жана жоокер өнөр Азия оюндарынын мелдештеринде алыш-бел боо күрөшү боюнча таймашууларда кыргыз балбандары өнөрү менен таанылды . Себеби кыргыздын бул күрөшү Азия оюндарынын жадыбалына алгач ирет кабыл алынып, спорт адистеринин кызыгуусун жаратуу менен балбандар чеберчилиги менен таанылды.

Бул күнү алыш бел боо күрөшү боюнча 11 комплект медалдар үчүн күч сынашуулар болду. Мында  кыз-келиндер арасында 70 кг салмактагы Нурзат Бактияр кызынын жылдызы жанып, ал бардык атаандаштарын жеңип, Азия оюндарынын чемпиону аталып, алтын медаль тагынды. Бул анын экинчи байгеси. 20-сентябрда бел боо күрөшүндө коло байге уткан.

Кыргыздын кыздары кыйын экенин 75 кг. салмакта Алтынай Мамарасул кызы дагы далилдеп, ал дагы Азия оюндарынын чемпиону аталып, алтын байгелүү болду. 19-сентябрда Алтынай финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган.

Бул күнү жигиттерден  80 кг салмакта Эсенбек Кудайбердиев чеберчилиги менен таанылып, бардык атаандаштарын жеңип, Кыргызстандын куржунуна алтын байге тартуулап, Азия оюндарынын чемпиону аталды.

Ошондой эле 60 кило салмактагы Эрланбек Мырзабеков Ашхабаддагы Азия оюндарынын экинчи күмүш байгесинин ээси болду. Ал 20-сентябрда дагы финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган. Оор салмакта Асылбек Калматов дагы финалда атаандашына аз упай менен алдырып коюп, күмүш байгелүү болду.

23-сентябрдагы алыш күрөшүнүн таймашууларында 80 кг салмакта Руслан Табалдиев Азия оюндарынын коло медалынын ээси болду. Руслан буга чейин 19-сентябрда бел боо күрөшүндө финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болгон.

23-сентярда баскетболдун 3х3 стритбол түрүнөн кыргызстандык жигиттер   Таиланддын командасын 13:12 эсебинде утуп, жарым финалга жолун ачты. Алар мурда күнү Өзбекстандын командасын 21:18 эсебинде жеңген. Мурдакы беттешүүлөрдө Монголияга утулса, Непалдын командасын жеңип алышкан. Эми 24-сентябрда жарым финалда Ирак өлкөсүнүн командасы менен күч сынашат.

Ошентип, учурда Кыргызстандын улуттук командасынын куржунунда 40 байге бар. Азырынча алар 6 алтын, 13 күмүш жана 21 коло медаль болуп саналат. Кыргызстан кечээ күнү 14-орунда турса, 23-сентябрдын жыйынтыгы боюнча балбандар уткан  3 алтын байгенин эсебинен 10-орунга  төрт тепкичке өйдө жылды.

Байгенин эсеби боюнча оюн ээлери түркмөндөр биринчи тепкичте турушат. Алар учурда 193 медаль утса, анын 77си алтын, 54ү күмүш, 62си коло байге болуп саналат. Экинчи катардагы ирандыктардын 19 алтын, 15 күмүш жана 43 коло байгеси бар. Кечээтен бери үчүнчү орунда Өзбекстан,Таиланд өлкөсү төртүнчү орунда келатат. Кытай-бешинчи, Казакстан-алтынчы катарда. Борбор Азиядан Тажикстандын бир дагы алтын байгеси жок болгондуктан 8 күмүш, 26 коло медалы менен учурда 26-орунда турат.

24-сентябрда дагы таймашуулар улантылат.  Бул күнү Ашхабад шаарында баскетбол, кыз-келиндер жана жигиттердин эркин күрөшү, боулинг, бильярд,  шахмат, футзал, сууда сүзүү,үстөл теннис, кикбоксинг, велотрек жана оор атлетика боюнча мөрөй талашуулар болмокчу.

 Кабыл МАКЕШОВ, спорт баяндамачы  (Атайын “Kyrgyz toyday” үчүн)

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: