Menu

Ош облусунун Араван районундагы С.Юсупов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 26-сентябрында Ош облусунун Араван районундагы  С.Юсупов  атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо боюнча токтом кабыл алынды. Бул туурасында КР БШК аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү билдирет.

Мурун, КР БШКнын 2017-жылдын 14-июндагы №149-токтому менен С.Юсупов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 3-июлуна дайындалган.

2017-жылдын 3-июлунда С.Юсупов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын кворуму болбогондуктан Араван районундагы С.Юсупов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтпөй  калган.

2017-жылдын 6-июлунда КР БШКнын №206-токтому менен Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов  атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо  2017-жылдын 20-июлуна дайындалган.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынан атынан 2017-жылдын 20-июлунда дайындалган Ош облусунун Араван районундагы С.Юсупов атындагы айыл өкмөт башчысын шайлоону кийинкиге жылдыруу боюнча С.Юсупов айылдык кеңешинин депутаттарынан атынан   кайрылуу түшкөн.

Кайрылууга ылайык, мурун 2017-жылдын 3-июлуна дайындалган Ош облусунун Араван районундагы С.Юсупов атындагы айыл өкмөт башчысын шайлоо кворумдун жоктугунан өтпөй калган.

Кворумдун жоктугунун башкы себептеринин бири, Ош облусунун Араван районундагы  С.Юсупов атындагы айылдык кеңешинин  депутаты Н.С.Алимовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу  жана депутаттык мандатты алмаштыруу маселеси   боюнча талаш-тартыш  болду.

Талаш-тартыш жөнгө салынгандан кийин Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов атындагы айыл өкмөт башчысын шайлоо 2017-жылдын 10-октябрында саат 9:00дөн 12:00гө чейин мурунку каттоодон өткөн талапкерлер менен  өткөрүү  дайындалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: