Menu

Өмүрбек Бабановго каршы Он-Адырдагы чагым боюнча ИИМдин 10-башкармалыгы жарандардан түшүнүк кат алып жаткан аудиотасманын тексти

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-сентябрда Оштун Он-Адыр айылында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун эл менен жолугушуусунда бир жаран элди экиге бөлгөн чагым уюштурган жана акырында ал жаран “мен Бабановдун батинкесин жалайм” деп ал чагымды талапкерге байланыштырууга аракет кылган.

Бүгүн ошол чагым боюнча ИИМдин 10-башкармалыгынын Оштогу бөлүмү жыйынга катышкандарды биринин артынан бирин чакырып алып түшүнүк кат алып жаткандыгы боюнча аудио тасма тарады:

-Кандайсыз? Түзүксүзбү? Тынчсызбы?

-Мына, мага да эртең менен көрсөтүштү… Мени да таң эрте мененден баштап 10-башкармалыкка алып кетишти. Жума намазга да бара албадым…

-Мен да жума намаз окубадым, барбадым… Олтургузуп алып түшүнүк кат жаздырып алышты. Анан видеого да айттырып, тартып алышты. Ошол жыйында ким катышкан болсо ошолордун баарын чакырып жатышат. Бизге ашыкча сөз айтышкан жок. Болгону кандай болсо ошондой боюнча түшүнүк кат жазып бергиле деп жатышат. Ошол чагымга эмнеге тоскоолдук жасаган жоксуңар дегендей кылып жатышат. Эч нерсе эмес, баары жайында болуп кетет..

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: