Menu

Темирбек Асанбеков, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери: «Саясаттагы адамдар бизнес менен алектенбеши керек, акча тапкысы келеби, соода кылышсын!»

Бөлүшүү:

— Темирбек Ишенбаевич, 2011-жылы президенттик шайлоого катыштыңыз эле. Эмне себептен бул жолкусунда БШК сизди президенттикке талапкерлердин катарына кошпой койду деп ойлойсуз?

— Туура айттыңыз, 2011-жылы Кыргызстандын президенттигине талапкер катары шайлоого катышкам. Анда БШК тарабынан берилген баардык тапшырмаларды аткаргам. Андагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча, 16 талапкердин ичинен 4-орунду ээлегем. Эгер регионалдык факторду карай турган болсок, анда түндүк боюнча Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтен кийинки болуп эле 2-орунга жетишкем. Ал эми бул жолкусунда тилекке каршы, БШК мени мындай статуска татыктуу эмес деп чечип койду.

— Сизден сырткары Камила Шаршекеева, Рита Карасартова сыяктуу көрүнүктүү коомдук ишмерлерди президенттик шайлоого конкуренция күчтүү болбош үчүн катыштырбай коюштубу?

— Негизи шайлоого катышуу өтө оор эмгекти талап кылган, көп чыгым алып келчү иш чара. Андыктан баардык талапкерлерге алардын чечкиндүүлүгү үчүн терең урматтоо менен мамиле кылам. Ал эми жогорку жактагылар тарабынан болуп жаткан белгилүү тоскоолдуктардын болуп жатканы чын жана боло бермекчи. Бул деген бийлик үчүн болгон реалдуу күрөш. Ошондуктан ар бир саясатчы аны кандай сыноолор жана кыйынчылыктар күтүп атканын так түшүнүшү керек.

— Учурдагы саясий чөйрө шайлоонун таза өтүшүнө жеткиликтүү деңгээлде шарт түзүп берүүдөбү?

— Формалдуу түрдө Кыргызстандын бийлигинин баардык институттары демократиялык баалуулуктарга таянышат (таза, ачык шайлоо, мыйзамга баш ийүү жана баардык талапкерлерге конкуренциялык шарттарды түзүп берүү ж. б.). А чындыгында биздин өлкө демократиянын баалуулуктарын туура жамынган союз мезгилинен келип чыккан мутант бойдон калууда. Негизи шайлоонун жыйынтыгы эбак аныкталган. Болгону “Шайлоо” деген спектаклди ойноп коюу эле калды.

Бийликтин башкы батирин мурдагы президенттерге кызмат кылган эле адамдар курчап турушат. Алар бул жааттын техникасын жогорку деңгээлде өздөштүрүшкөн жана жогорку жактагылардын баардык «каприздерин» аткарууга даяр.

— Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык президенттик мөөнөтүнө кандай баа бересиз? Бул аралыкта Кыргызстандын экономикасын туруктуу бир жолго сала алдыбы?

— Алмазбек Шаршенович өлкө оор кырдаалда турган кезде президент болуп калды. Ал учурда ички жана тышкы саясатта чоң карама-каршылыктар болуп жаткан. Ага ылайык, башында президент бир топ саясий каршылаштары менен компромисске баруусуна туура келген. Бирок, тилекке каршы убакыт өтө берет, а мамлекетте болуп жаткан окуялар үчүн өлкө башчысы жооптуу болот. Андагы саясий жагдай президенттин убактысынын көбүн өзүнүн бийлигин сактоого жана бекемдөөгө сарптоого мажбурлаган. Ушундан улам мамлекеттин экономикасы жана улуттук кызыкчылыктары жогорку деңгээлде боло алган жок. Өлкөнү өнүктүрүү үчүн мамлекеттик стратегиялык планы жокко эсе эле. Ушул сыяктуу кыйынчылыктарды түшүнгөндүктөн, шайланган бийликти катуу сыноодон алысмын.

Себеби, сыноо жана кеңеш берүү оңой, жоопкерчиликти моюнга алып, маселелерди чечүү ар бир адамдын колунан келе бербейт. Көбү мени шайлоо убагында гана саясий активдүүлүгүмдү көрсөткөндүгүм үчүн сынга алып келишет. Мекендештерибиздин көпчүлүгү өздөрү шайлаган саясатты сын жана дискриминация катары кабыл алышат. Менин түшүнүгүмдө, мындай коомдук аң сезим мамлекетибизди ичинен алсыздандыруу үчүн соңку 10 жылдыктарда калыптанды. Ошондуктан, бул мисал менен калыптанган туура эмес саясий маданиятты алмаштырууга аракеттенем. Ал эми шайлоочуларды тандоосуна жоопкерчиликтүү болушуна чакырам. Анткени, коомдун аң сезиминин деңгээли мамлекеттин келечегин аныктайт.

— Президенттикке талапкер катары каттоодон өтпөй калсаңыз дагы, өлкөнү өнүктүрүү туурасындагы программаңыз баарына кызык болсо керек? Ошол боюнча айтып берсеңиз?..

— Өлкөбүзгө коомчулуктун кызыкчылыктарын коргоо менен билимдин пайдубалын жана мамлекеттин коопсуздугун калыптаган, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн адамдар керек. Саясаттагы адамдар жумуш ордуларын жамынып, жеке бизнес менен алектенбеши керек. Болбосо, биз эч убакта коррупцияны жоё албайбыз.

Акча тапкыңар келеби, соода кылгыла! Кээде өткөн кез менен келечектин ортосундагы көпүрөлөрдү өрттөө керек.

Учурда көпчүлүк бизнесмендер жана калп саясатчылар жеке кызыкчылыктары менен коомдукун алмаштырып алышты. Алар коомдун мүлкүн тоноону кадимки көрүнүшкө айландырышууда:

а) Жердин астыңкы бөлүгү менен жаратылыш ресурстардын баары элге гана таандык!

б) Мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын кыскан баардык мыйзамдарды карап чыгуу.

в) Экономиканын өнүгүшүнө тоскоол болуп аткан эл аралык каржылык институттарга болгон көз карандуулуктан арылуу үчүн тышкы карыздардан кутулуунун булактарын табуу.

г) Мамлекеттик кызматкерлер туурасындагы мыйзамды карап чыгуу жана бюджеттин кызыкчылыктарын коргоочу жоопкерчиликтүү бийлик калыптоо.

Башка мамлекеттерден жардам күтүү саясатчылардын ишенчээктиги эмес, а жоопкерчиликсиздиги. Өтө кыска мөөнөттө экономиканы жана инвестициянын агымын жогорулатып, калктын жашоо деңгээлин жакшыртууну убада берген саясатчылар, адамдардын башын айлантышууда.  Реалдуу түрдө, шайлоочуларга экономиканы жогорулатуу үчүн катуу көзөмөл, темирдей тартипти жана жогорку жоопкерчиликти убада бере алабыз. Кыргызстандын экономикасынын булагы болуп эл өзү саналат.

— Россия кайсыл талапкерди колдойт деп ойлойсуз?

— Россия эл аралык саясий аренада өзүнүн репутациясына шек келтиргиси келбейт. Ошондуктан ал эч убакта бирөөнүн ички иштерине бирөө үчүн киришпейт. Балким жөн гана жашыруун колдоо болушу мүмкүн.

— Сизди Бабановду колдойт деген сөздөр айтылууда. Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— Бабанов Өмүрбек менен студенттик кезде Москвада чогуу окуганбыз. А кадимки жашоодо достук мамиледебиз. Бирок Кыргызстанга карата саясий көз караштарыбыз бири-бирибиздикинен такыр айырмаланып турат. Андыктан колдоо туурасындагы сөздөр негизсиз.

— Жаңы президент шайлангандан кийин Кыргызстандын сырткы саясаты кандай болушу керек? Дегенибиз, Батышка көбүрөөк ыкташы керекпи же көп кырдуу тышкы саясат жүргүзгөнү туурабы?

— Улуттук коопсуздук боюнча Кыргызстандын учурдагы тышкы саясий курсун туура деп эсептейм. Ал эми улуттук экономиканын өнүгүшү туурасында айта турган болсом, биз ириленишкен саясат жүргүзүүбүз керек.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: