Menu

Медет Садыркулов Алмаз Атамбаевди премьер-министрликке чейин өстүргөнүнө карабай Садыркулов каза болгондо топурак салганы келбей койгону эл журтка белгилүү

Бөлүшүү:

“Биз Медет Садыркуловду – Бакиевдин администрциясынын жетекчисин кантип өлтүрүшкөнүн, кантип тирүүлөй өрттөшкөнүн унутпайбыз. Керек болсо бир тууган иниси өзү Садыркуловду кыйнап өлтүрүүгө катышкан. Садыркулов спикерликке чейин өстүргөн, “Зая, Зая” деп эркелетип жүргөн Зайнидин Курманов бир үн чыгарып койгонго жараган эмес! Анткени мындай адамдарга, жексурларга мансап кымбат. Азыр болсо алардын баары оппозицияда, ошондуктан Кыргызстанда койлорго, коррупционерлерге жана жексурларга кызмат берилбеши керек. Кызматтар чынчыл жана адилет кишилерге гана берилиши керек”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев  кечээ, 18-октябрда  “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында студенттерге президенттик стипендия тапшырып жатып.

Бирок, раматылык Медет Садыркулов Алмаз Атамбаевди да премьер-министрликке чейин өстүрүп, кийин президенттикке таптап жүргөнү жалпыга маалым. Ошого карабай Медет Садыркулов каза болгондо аны менен коштошуп, топурак салганга Алмаз Атамбаев келбей койгону эл журтка белгилүү.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: