“”Кумтөр” алтын кени Кыргызстандын бюджетине жылына болгону $11 миллион акча берет, ал эми Россияда жүргөн кыргыз эмгек мигранттары жылына $2 миллиард акча которот, 20 эсе көп!”, – деп билдирди депутат Каныбек Иманалиев 22-декабрда Жогорку Кеңеште өткөн коомдук угууларда.
“Андан башка да мигранттарыбыз ар кандай кайрымдуулук иштерине активдүү катышышат, мектеп, бала бакча, мечит, жол жана көпүрөлөрдү салууга жана оңдоого ири суммадагы акчалай жардамдарды беришет. Ошондуктан биз мигранттарды инвесторлор менен меценаттарга тенешибиз керек”, – деди Каныбек Иманалиев.
Булак:Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ