Кечээ, 16-февралда “Преступная Россия” жана “Прайм Крайм” маалымат агенттиктери тараткан маалыматтар боюнча “Мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевге (Коля Киргиз) Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынды.
Маалыматка ылайык, Россия Федерациясынын Ички иштер министри Владимир Колокольцевдин 43 жаштагы “Мыйзамдагы ууру” Камчыбек Көлбаевди Россияда “персона-нон-грата” деген чечимин 12-февралда Россиянын Кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгынын Кыргызстандагы атайын өкүлү Бишкекте, КР ИИМдин имаратынын ичинде Камчы Көлбаевге жарыялаган жана кол койдуруп алган.
Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин “Мыйзамдагы ууру” Камчыбек Көлбаев (Коля Киргиз) АКШнын санкциялык тизмесине да киргизилген.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ