Menu

Спикер Дастан Жумабековго коомдук ишмер Бабырбек Жээнбековдун кайрылуусу – Коррупционер сот, прокурорлорго чара көрчү орган барбы бизде?

Бөлүшүү:

Айласыз алгы сөз

Төмөндө гезит бетине жарыяланып жаткан материал 2017-жылдын декабрь айынын аягында КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.А. Жумабековдун кароосуна берилген. Башкы прокуратурага бербей туруп, депутаттык комиссия түзүп, мен көрсөткөн фактыларды менин катышуумда изилдеп чыгуу жөнүндөгү  өтүнүчүмө карабастан Жогорку Кеңеш менин арызымды Башкы прокуратурага жөнөтүп ийгендиги мага январь айында белгилүү болду.

Февралдын башында менин арызымдагы негизги “фигуранттардын” бири- Ысык-Көл областынын прокурору Майрамбек Таалайбековдун ээлеген кызматынан “өз арызы менен” бошоп кеткендиги маалым болуп отурат.

Бирок, мен мындай “ өз арызы менен бошоп кеттүүлөрдү” адилеттик, калыстык деп эсептебейм. М. Таалайбеков Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл аймагында өзүнө жакын адамдардан кылмыштуу топ түзгөндүгү, “Асыл-Таш” пансионатынын бир коттеджин өрттөөнү, мамлекеттик менчикти басып алууну уюштургандыгы, тергөө органдарынын ишине бут тосуп, кылмыштын бетин ачууга тоскоол болуп келгендиги, ж.б. бир топ кылмыш иштери үчүн толук өлчөмдө жооп берүүгө тийиш.

Мен, “Асыл-Таш” пансионатынын, тактап айтканда анын ээси болгон “Мун Вэй Трэвел” ЖЧКсынын чарбалык иш-аракеттерине чарбалык көз-караштан укуктук баа берүү мезгили келип жетти деп эсептейм. 2007-жылдан бери Баш прокуратура, УКМК, финполиция баш болгон көзөмөл жана укук коргоо органдары жалаң гана саясий заказ аткарып келгендерин, бирок тилекке каршы колдорунан эч нерсе келбей калгандарын моюнга алуу аларга абийир гана алып келмек деп ойлойм.

Бул иш Ысык-Көл областынын прокурору М.Таалайбековдун ээлеген кызматынан жылуу-жумшак гана кетип калышы менен эле бүтө калбайт. Алдыда Ысык-Көл облсотунун төрагасы А.К. Молдакунов, анын орун басары А.А. Досмамбетов, судьясы А.Шерипов, КР Жогорку сотунун төрайым орун басары  А.М. Базаралиева, судьялары Б.К. Аманалиева, Б.Ж.Акматов, Ысык-Көл областынын мурдагы прокурору М.А. Айдарбеков менен Т.Таалайбеков  сыяктуу коррупционерлердин көптөгөн  карапайым адамдарды сыздаткан мыйзамсыз иш-аракеттерине укуктук баа берүү маселеси турат.

Мен булардын “ар бири коррупционер”-деп коркпой-үркпөй туруп айта алам. Калп болсо мага карата кылмыш ишин козготушсун. Козгото алышпайт. Себеби, алардын ар биринин арты таза эместигин далилдеген документтер менин колумда турат. Аларды булар өздөрү даярдашкан.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун 2018-жылдын 8-февралындагы. Коопсуздук кеңешинин заседаниесинде сүйлөгөн сөзү мага окшоп акыйкаттыктан үмүт үзгөн миңдеген адамдардын үмүтүнө үмүт кошуп отурат.

Азыр мен жогорудагы жана башка укуктук маселелер боюнча жакын арада Президентке кайрылуу маселесинин үстүндө иштеп жатам. Азырынча мындан эки ай мурда КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын наамына жазылган арыз менен тааныша тургула. Учуру келгенде бул материалдар эл өкүлдөрү элдин кайрылуулары менен кандай иштей тургандыгынын далили болуп калышы мүмкүн.

Автор                             

20.02.2018-жыл

 

                                   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы

                                     Жумабеков Дастанбек Артисбековичке

Бишкек шаарынын Кокчетавская көчөсүндөгү 234-үйдүн тургуну, юрист

                                     Жээнбеков Бабырбек Субановичтен

                                      А Р Ы З

        Урматтуу Дастанбек Артисбекович!

Мен сизге арыз жазып жаткан иш менен юрист катары 2014-жылдын 25-июлунан бери алектенип, сот, прокуратура, мамлекеттик каттоо жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү органдарынын мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз басып алган кылмышкерлерди коргоп, аларды жаап-жашырып , мыйзам жообунан качырууга жасаган аракеттери жөнүндө билдирүүнү өзүмдүн атуулдук парзым деп эсептейм.

Ысык-Көл областтык сотунун судьялары-төрагасы А.К.Молдакунов, анын орун басары А.А.Досмамбетов, КР Жогорку сотунун төрайым орун басары А.М.Базаралиева, судьялар Б.К. Аманалиева менен Б.Дж.Акматов, Ысык-Көл областынын мурдагы прокурору М.А.Айдарбеков, Ысык-Көл районунун мурдагы, азыркы кезде Ысык-Көл областынын прокурору М.Таалайбеков, Ысык-Көл райондук мамкаттоо башкармалыгынын башчысы Н.Т.Асанов, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын Ысык-Көл областы боюнча бул ишке тиешелүү кызматкерлери өздөрүнүн кызмат абалдарынан кыянат пайдалануу жолу менен мамлекеттин 24 млн. 200 миң. сомдук жер аянтын жасалма документ жасоо аркылуу басып алгандарды, бул иште аларга жардам бергендерди ачыкка чыгарып, кылмыш жообуна тартуунун ордуна аларды калкалап келүүдө.

Ага чейин Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуу жайларынын пляждык зоналары айыл өкмөттөрү койгон ченем  менен берилип келсе, Кыргыз Өкмөтүнүн 2007-жылдын 2-октябрындагы №445-токтомунун негизинде алар көл жээгинен 100 метр аралыктан ашпашы мыйзамдаштырылган. Натыйжада, ар бир эс алуу жайында ашыкча жер аянттары пайда болгон. Бул жер аянттары КРнын “Кыймылсыз мүлккө жана ага байланышкан бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”мыйзамынын 47-1 беренесинин талабына ылайык жергиликтүү мамлекеттик жана өзүн- озү башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө  каттоого алынууга тийиш болчу.

Тилекке каршы, мамлекеттин менчигине өтүүчү жерлер ар кандай  жолдор менен рейдерлердин колуна өтө баштаган. Анын бир мисалы катары Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан “Асыл-Таш” пансионатынын 1.73 га жер аянтын “мыйзамдуу басып алууну” келтирсек болот

2014-жылдын 18-мартында Ысык-Көл райондук сотунун судьясы А.Маматов жарандык иш боюнча чечим чыгарып, “Мун Вей Трэвел” ЖЧКсына тиешелүү “Асыл-Таш” пансионатынын 1.73 га жер аянтын Исалиев Турат деген жарандын менчиги деп таап берип койгон. Керек болсо, “Мун Вей Трэвел” ЖЧКсы ишке тартылган да эмес. Төрт айдан кийин бул “соттук махинация” жөнүндө кокусунан билип калган “Мун Вэй Трэвел” ЖЧКсы мени менен юридикалык кызмат көрсөтүү келишимин түзүп, 2014-жылдын 7-октябрында Ысык-Көл областтык соту райондук соттун чечимин жокко чыгарып, ишти өндүрүштөн кыскарткан. КР Жогорку сотунун 2015-жылдын 2-мартындагы токтому менен облсоттун аныктамасы күчүндө калтырылган.

Бирок, 2014-жылдын 18-мартындагы райсоттун чечимине таянган Т.Исалиев өзун менчик ээси катары 15-майда мамлекеттик каттоодон өткөрүп, 16-майда 1.73 га жер аянтын толугу менен Асылбеков Султанбек аттуу жигитке “саткан” жана ошол эле күнү ага менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилген. Май-июнь айларынын ичинде С.Асылбеков жер аянтын майдалап, отуздай адамга “сатылды” кылып, аларга мамактыларды алып берген. Тилекке каршы, “сатып алган”адамдардын бирөөсү дагы бүгүнкү күнгө чейин жер участокторунун кайда жайгашкандыгын билишпейт.

Иштин жүрүшүндө мага Т.Исалиевдин менчик укугун таанууда Бостери айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июлундагы №223-токтому негиз болгондугу белгилүү болду. Мен бул токтомду жана С.Асылбековго берилген мамлекеттик актты жараксыз деп табуу талабы менен Ысык-Көл областынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылдым. Иштин жагдайларын изилдөө учурунда мен райондук мамлекеттик архивден 2006-жылдын 12-июлундагы №223-токтом Т.Исалиевге жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө эмес, “жетим балдардын жана жергиликтүү органдардын кызматкерлеринин жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө” кабыл алынгандыгын тастыктаган документтерди таап чыктым. Райондор аралык сот 2015-жылдын 9-октябрында мыйзамдуу чечим кабыл алып, Бостери айыл өкмөтүнүн №223-токтомун жана С.Асылбековке берилген мамактты жараксыз деп тапкан.

Тилекке каршы, Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы А.Молдакунов менен анын орун басары А.Досмамбетов (докладчик) мыйзам талаптарын тебелеп-тепсөө жолу менен, иштин ичиндеги документтерди көзгө илбестен теңирден тескери чечим чыгарышты. Менин жалган далилди иштен чыгаруу, материалдарды мыйзам талабына ылайык прокуратура органдарына өткөруп берүү жөнүндөгү арыздарыма көңүл буруп да коюшпады. Ушундай эле абал Жогорку сотто да өкүм сүрдү. Судьялар А.Базаралиева, Б.Аманалиева жана Б.Акматов (докладчик) мамлекеттик мүлктү кылмыш жасоо жолу менен басып алгандардын иш-аракетин көз көрүнөө колдошуп, “Кыргызстанда мыйзамды каалагандай зордуктай бер, соттордун көңүлүн тапсаң кандай гана иш болбосун бүтөт, мыйзам биз үчүн көрсөтмө эмес”- деген түшүнүктү дагы бир жолу тастыктап беришти.

Аты аталган судьяларга пара берилгендиги, ал акчалар Бостери айылынын ”жер алам”-деген жарандарынан чогултулгандыгы бүгүнкү күнгө чейин айыл ичинде сөз болуп жүрөт. Бирок, аны иликтеген бир дагы тиешелүү орган жок.

Жалган документтердин негизинде чыгарылган соттук актылар, область прокурору М.Айдарбековдун, ошол кездеги Ысык-Көл районунун, азыркы кездеги область прокурору М.Таалайбековдун мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу менин КР Президентинин ошол кездеги аппарат башчысы Ф. Ниязовдун,башкы прокурор И. Жолдубаеванын атына жазган көптөгөн кайрылууларымдан бүгүнкү күнгө чейин натыйжа чыккан жок. Тескерисинче, М. Таалайбеков район прокурорлугунан область прокурорлугуна көтөрүлдү.

Деги М. Таалайбеков ким?

Майрамбек Таалайбеков Ысык-Көл районунун прокурору болуп турганда “Асыл-Таш” пансионатынын ичинде пляждык зонанын кыскаруусунан улам 1,73 га ашыкча жер аянты пайда болгондугун билип, аны мамлекетке кайтарып берүү боюнча мыйзамдуу кадамдарды жасоонун ордуна жеке менчикке чыгарып,  материалдык пайда көрүүнү максат кылган коррупционер. Аны ишке ашыруу планын да иштеп чыккан. Аны ишке ашыруу үчүн кылмыштуу топ түзүп, ага Т. Исалиев, С. Асылбеков, Ж. Исмаилов, райондук Мамкаттоо башкармалыгынын, райондук мамлекеттик архивдин кызматкерлерин,райондук соттун судьясы А. Маматовду тарткан.

2014- жылдын январь-февраль айларында райпрокурор М.Таалайбековдун кийлигишүүсү менен Бостери айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын 2006-жылдын 4-июнундагы протоколу жана Бостери айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июлундагы №223-жасалма токтому даярдалган. Токтомго айыл өкмөтүнүн башчысы катары Жолоочу Исмаилов кол койгон. Ж. Исмаилов прокурор М. Таалайбековдун атасы Таалайбек менен бир тууган.

М. Таалайбеков архив кызматкерлерин кылмыш жасоого түртүп, жасалма протокол менен токтомду 2006-жылдагы токтомдор китебине киргиздирген. Бирок, алар токтомдорду каттоо китебин эске алышкан эмес. Өзгөртүү киргизилбеген китеп бүгүнкү күндө да раймамархивде сакталуу турат.

М. Таалайбековдун таасиринен,сөзүнөн чыга албаган райсоттун судьясы А. Маматов 2014-жылдын 18-мартында Т. Исалиевдин пайдасына мыйзамсыз чечим чыгарып берген.

Т. Исалиевден 1,73га жер аянты Султанбек Асылбековго өтүп, ал 1,5айдын ичинде аны чачыратып, 30га жакын адамга  “сатылды” кылып мамакт алып бергенин мен жогоруда айттым. М. Таалайбековдун кийлигишүүсү менен бул актылар райондук Мамкаттоонун жетекчилиги тарабынан тез аранын ичинде бүткөрүлгөн. Бир дагы “сатып алган” адам жер кай жерде экендигин бүгүнкү күнгө чейин билбейт, жер участокторунун чектери бөлүнгөн эмес, алар отвод да болгон эмес.

С. Асылбеков №223-токтомго кол койгон Ж. Исмаиловдун бир тууган жээни, демек прокурор М. Таалайбековдун дагы эң жакын адамдарынын бири-бир тууган эжесинин баласы.

Мыйзам боюнча мамлекеттин менчигине өтүп, аукциондон сатылууга тийиш болгон 1,73га жер тилкесинин ар бир соткасынын минималдык базар баасы 140 мин сомду түзсө ( 2 миң америка доллары ) 24 млн. 200 миң сом же 346 000 ( үч жүз кырк алты миң ) америка доллары мамлекеттик бюджетке түшмөк. Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы А. Молдакуновдун, анын орунбасары А. Досмамбетовдун, КР Жогорку сотунун төрайым орунбасары А. Базаралиеванын, судьялары Б. Аманалиеванын, Б. Акматовдун амири менен ал олчойгон каражаттар кылмышкерлердин чөнтөгүнө түшүүгө укуктук база түзүлүп отурат.

Мурдагы Ысык-Көл областынын прокурору М.Айдарбеков Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн кылмышка түздөн-түз тиешеси бар жер комиссиясынын мүчөлөрүн, айыл өкмөтүнүн башчысы катары жалган токтомго арткы число менен кол койгон Ж.Исмаиловду, жер мафиясын уюштурууга катышкан Т.Исалиевди,С.Асылбековду жана башкаларды, жалган токтомду архив документтеринин ичине киргизген Ысык-Көл райондук мамлекеттик архив кызматкерлерин, кыймылсыз мүлктү мыйзам талаптарын одоно бузуу жолу менен документтештирген Ысык-Көл райондук Мамкаттоо башкармалыгынын кызматкерлерин адилет тергөө уюштуруп, кылмыш жообуна тартуунун ордуна, козголгон кылмыш ишин кайта-кайта кыскартып аларды жаап-жашырып келгендиги үчүн кылмыш жообуна тартылууга тийиш, деп эсептейм. Ушундай эле кылмыш жоопкерчилигине дагы бир область прокурору М.Таалайбеков да тартылууга тийиш.

Башкы прокуратуранын  жетекчилиги эки жылдан бери бул ишке укуктук баа берүүнү  көзөмөлгө албагандыгы, кылмыш жообуна тартылуучу Н.Таайлайбековду кызматынан жогорулатып жаткандыгы үчүн жооп берүүлөрү керек.

Н.Таалайбеков областка барып алып, областтык сотко басым жасап, аларды дагы да мыйзамсыз сот актыларын чыгарууга мажбурлап жатат. Керек учурда тиешелүү документтерди берүүгө мен даярмын

Урматтуу Дастанбек Артисбекович!

Мен келтирген фактыларды Башкы прокуратурага же Жогорку сотко жөнөтпөй туруп, юрист депутаттардан турган комиссия түзүп, текшертүүңүздү көптөн-көп суранам. Себеби, аты аталган органдар малекеттин кызыкчылыгынан мундирдин кызыкчылыгын жогору коюп, 2014-жылдын июль айынан бери бир дагы маселени адилет, мыйзам чегинде чечүүгө жараган жок. Анын айныксыз далилдери катары тиешелүү документтерди мен ушул арызга тиркеп берип жатам. Керек болсо менин колумда 6 томду (ар бири бери болгондо 200 барактан) түзгөн документтер, кат алышуулар бар.

Комиссиянын курамына мени дагы киргизүүңүздү суранам. Бүгүнкү күндө бул ишти менден жакшы түшүнгөн бир дагы адам жок.

Тиркеме:  “58” баракта

Урматтоо менен

                          Жээнбеков Б.С.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: