Menu

С. Жээнбеков коомчулук козгогон маселелерге таянып гана өзүнө баш ийбей жаткан бийлик, байлык ээлерин ооздуктай алат

Бөлүшүү:

Ишке орношкон инсандардын келишими чет өлкөлөрдө үч айлык сыноодон кийин күчүнө кирет. Ал эми шайлоодо утуп, бийликке келген инсандарга ал жакта сыноо жүз күн. Бул салт биздин өлкөдө да жайылды. Мамлекеттик же жеке менчик ишканаларда кызматка орношкон инсандарга бүгүн үч айлык сыноо бар. Ал эми өлкө же өкмөт жетекчисинин ишмердигине бизде саясый баа берилбегени менен, алардын такка отурганына жүз күн толду деп маалымат тарайт. Муну белгилөөнүн себеби, 24-февралда С. Жээнбековдун такка отурганына жүз күн толгону турат. Эл аралык салтка таянып, анын жүз күндүк ишмердигине саясый баа берип коюуну мен туура таптым.

Чү дегенде С. Жээнбековдун биздин өлкөнүн мурунку Президенттеринен айырмасын белгилөө керек. С. Жээнбеков кыргыз өлкөсүнүн жаңы тарыхында элдин колдоосу менен такка отурган биринчи Президент болду. Акаев болсо парламенттеги интриганы, Бакиев менен Атамбаев элдик төңкөрүштү пайдаланып бийликке келген инсандар. Отунбаеваны эч ким шайлабаганын Атамбаев ачыктап салды. Ошондуктан С. Жээнбеков гана биздин өлкөдө легитимдүү Президент болуп калды.

Ушул саясый пайдубалга таянып, ал өзүнүн жүз күндүк ишмердигинде өлкөнүн, элдин, коомдун келечеги үчүн чечкиндүү кадамдарга бара алдыбы, же жокпу? Маселе так ушул жерде жатат. Душман сүйдүрүп, тууган күйдүрүп айтат дейт биздин элде. Мен ага душман эмес катары, күйдүрүп эле айтайын. С. Жээнбеков азырынча чечкиндүү кадамдарга бара албай жатат. Бирок сабырдуу элибиздин С. Жээнбековго болгон ишеними андан сууган жок. Анын жүйөлүү себептери арбын. С. Жээнбековдун былык иштерге илинчеги жок инсан экенин, аны курчап турган бүгүнкү чөйрө, анын жан дүйнөсүнө жат, былык иштерге белчесинен баткан жаман чөйрө экенин, ал жаман чөйрөдөн оолакташ үчүн ага убакыт керек экендигин биздин кыраакы элибиз көрүп турат.

С. Жээнбековду колдой турган дагы бир жагдай бар. Өзү өлкө башчы болгону менен ал өзү бизге окшогон эле жупуну инсан. Ошондуктан бизге окшоп эле ал да жылуу мамилеге, жардамга, акыл-насаатка муктаж деп ойлойм. Ал кыйын кезеңде, так айтканда, өлкөдө коррупция күчөп, өлкө байлыгын шылуундар мыкчып, ал эми А. Атамбаев кызматтан кетсе да өлкөдө кош бийлик жүргүзүүгө умтулуп жатканда бийликке келип отурат. Ал бүгүн Президент болгону менен, анын парламентте колдоосу жокко эсе, парламенттин макулдугу менен шайланган өкмөт менен соттор ага чала баш ийишет. Мындай кырдаалда коомчулук козгогон маселелерге таянып гана С. Жээнбеков өзүнө баш ийбей жаткан бийлик, байлык ээлерин ооздуктай алат. Ошондуктан өлкөбүздүн көйгөйлүү маселелерин, массалык маалымат каражаттары аркылуу көчө оппозиция өкүлдөрү талбай козгоп турушу абзел.

Бизде элди түйшөлткөн маселелер арбын. Алардын бири өлкөнүн тышкы карызы. Президент катары С. Жээнбеков карызга алынган акчалардын кай жакка кетип жатканын тескеши керек. Себеби мамлекетибиздин тышкы карызы акыркы жети жылда ыкчам өсүп кетти. Эгер мурунку жыйырма жыл ичинде, тактап айтканда 2010-жылга чейин, биздин тышкы карыз 2, 6 млрд долларды түзсө, 2017-жылы биздин тышкы карыз 4, 1 млрдга жетти. Анын 1, 5 млрды Кыргызстанда долбоорлорду өздөштүрүү үчүн Кытайдын импорт-экспорт банкынан алынып, Кытай ишкерлерине кайра берилди. Жөнөкөй айтканда, кытайлар карызды мойнубузга илип, акчаны өздөрү пайдаланды. Бул акчалардын бөкөлү кытайларга кандай шартта берип жүргөнүн С. Жээнбеков билиши жана түшүнүшү абзел. Аны такташ үчүн кытайлар курган бир километр жолго биз канча акча сарптадык жана андай акчага башка жерлерде канча километр жолдор салынып жатат деген суроого жооп алыш керек. Муну салыштырса эле С. Жээнбековго коррупциянын кулагы көрүнүп, биздин өлкөдө кимдер элдин, өлкөнүн тагдырын тебелеп, кимдер элди карызга батырып жатканы ага айкын болот.

Мындай кадамга С. Жээнбеков биздин элдин мойнуна илинип жаткан карыздар үчүн эле эмес, өлкөдө жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүү үчүн да барышы керек. Себеби Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда, мен билгенден, «Жумушчуларды өз ара пайдалануу» келишими жок. Бир дагы кыргыз Кытайга, бир дагы кытай Кыргызстанга жумушчу визасы жок иштөөгө укугу жок. Муну кытайлар гана так колдонуп, бир дагы кыргызга Кытайга барып иштөөгө жумушчу виза ачпайт. Ал эми бизде коррупция терең тамыр алгандыктан, кытайлар биздин өлкөдө жумушчу визасы жок эле жашырынбай иштеп жүрүшөт. Буга С. Жээнбеков тыюу салышы керек. Бүгүн канча кытай Кыргызстанда иштеп жатса, так ошончо кыргыз Кытайга барып иштөөгө укуктуу болуш керек. Муну жасабай жаткан бечел өкмөттүн ишине С. Жээнбеков саясый баа бериши абзел. Бизде жол салуучулар жок болсо гана, биздин өкмөт кытай жарандарына квота коюп бизге келип иштөөгө уруксат берип, ар бир Кыргызстанга келип иштеп жаткан кытай жумушчусу үчүн, Кытайдан биздин Өкмөт ай сайын компенсация алып турушу керек. Бул эл аралык норма. Биздин өкмөттөн ал анын так аткарылышын талап кылышы керек.

Экономика чөйрөсүндө мындан да башка былыктар арбын. Мисалы, Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) акыбалы кандай экенин Бишкектин тургундары жакында эле суукка тоңгондо түшүнүштү. Уккан кишинин чачы тик турат. ЖЭБге деп бөлүнгөн 386 млн америкалык долларды ким кымтып алганы бүгүн дайынсыз болуп чыкты. Так жери, ал акчанын бөкөлү ошондогу премьер-министр Ж. Сатыбалдиев экен. Эгер С. Жээнбеков бул ишти өз көзөмөлүнө албаса, ЖЭБдин былыгы да, Дача-СУ, Ош былыгындай жашыруунга айланганы турат. Дача-СУда элди былчыраткан самолеттогу жүктүн ээси ким экенин бүгүн эл билбейт. Депутаттык комиссия аныктаган Оштогу 4 млрд сомду кимдер кымтып алганы да бүгүн жашыруун боюнча калууда. Муну кимдер жашырып жатканын эл билбесе да С. Жээнбеков сөзсүз билиши керек жана өлкөнүн Президенти катары ушул былыктарды жашырууга далалаттанган инсандарды ал сот жазасына тартууга түрткү жана кепил болушу керек. Эл ошон үчүн С. Жээнбековду Президент кылып шайлаган да.

Бизде жаман салт пайда болду. Бийликтин калпыс же жасабай жаткан иштерин айтып чыккан инсандарды биздин өлкөдө оппозиция деп жээрип, аларга жалган жерден кылмыш иштерди козгоп, эл алдында аларды жаманатты кылууга бийлик маш болуп алды. Буга бир эле мисал келтирейин. Орто Азия чөлкөмүнө таанымал, биздин энергетика системасынын мыктуу адиси Э. Карыпбеков бүгүн жазыксыз түрмөдө отурат. Анын бар болгон күнөөсү — ​Кыргызстан өз энерго системасын Өзбекстан менен биргелешип өнүктүрүү керек деп Атамбаев Каримов менен араздашып турганда гезитке жазып койгону. Ушул пикири үчүн Э. Карыпбеков чет өлкөнүн агенти катары бааланып 20 жылга соттолду. Мындай адилетсиздикке чыдабай эки жумадан бери ал түрмөдө ачкачылык жарыялоого өттү. Өзбекстан менен мамиле оңолгондо Э. Карыпбековдун айтканын Атамбаев сөзмө-сөз кайталап, Кыргызстан энерго системасын Өзбекстан менен бирге өнүктүрөт деп жарыя салды. Эми өзүңүздөр баа бериңиздер, көрөгөчтүк кылып айткан сөзү үчүн Э. Карыпбеков түрмөдө отуруш керекпи же бүгүн мыкты адис катары өкмөттөн мамлекеттик сыйлык алыш керекпи?

Эгемендүүлүк колго тийгенде, биздин эл демократияга бет буруп, өлкөбүз демократиянын Орто Азиядагы аралы деп аталып кеткен. Ошол аралчада бүгүн журналисттер Н. Айып, Д. Маслова, У. Ботобеков, А. Айтикеев, Д. Орунбеков, Ч. Жакупова, сайттар zanoza.kg, 24.kg бийликти сындап койгон эле пикирлери үчүн акчалай доого жыгылышып, ал эми комдук ишмерлер Д. Сарыгулов, Э. Карыпбеков, саясатчылар Б. Талгарбеков, О. Текебаев, К. Исаев, Б. Асанов, К. Кадыров жана башкалар, бийликке каршы айткан пикирлери үчүн камакка түшүп, өлкөбүз саясый туткундардын аралына айланып калды. Аталган инсандардын бирин да биздин өлкөдө эч ким ичкич же жегич адам деп айта албайт. Ошондуктан аларды карапайым эл саясый туткундар деп атап жатат.

Өкүнүчтүү жери, С. Жээнбеков куугунтук менен элди баш ийдирүүнү көздөгөн мамлекетте бийликке келди. Ошондуктан Коргоо кеңешинин жыйынын өткөрүп жатып, укук коргоо жана сот органдарынын ишмердигин туура сындаганы менен, жогоруда аталган саясый туткундардын иштерин кайра карап чыгууну ал соттон талап кыла алган жок. Бул С. Жээнбековдун жалтактыгы эмес, анын убадага бектиги. Ал такка отурганда, сенин калпыс иштериңди аста-аста оңдойм деп Атамбаевге убада бериптир деген сөз коомчулукта айтылып жүрөт. Туура, убадага бектик — ​жигитчиликтин белгиси. Бирок саясый кырдаал деген нерсени да С. Жээнбеков Президент катары эсине тутуу керек. Жаман айтпай жакшы жок дейт биздин элде. Түрмөдө жатып оор операцияга дуушар болгон Б. Асанов үч жумадан бери өзү жарыя кылган ачкачылыктан баш тарткан жок. Кечээ эле ага кирип чыккан анын адвокаты А. Бекназаров аябай кайгырып айтып жатат: ден соолугуңду кара, ачкачылыкты токтот десем да Бектур мени укпай койду, анын акыбалы абдан оорлоп кетиптир деп. Кудай сактасын, маркум Шералыга окшоп, эгер ал саясый ачкачылык учурунда көз жумса, аны камакка тыккан Атамбаев күнөөлүү эмес, анын ачкачылык жарыялаганына көңүл бурбай койгон С. Жээнбеков күнөөлүү болуп калат. Ошондуктан Атамбаевге сөз бергем деп тайсалдабай, С. Жээнбеков саясый туткундардын иштерин тез арада кайра карап чыгууну соттон талап кылса, эч ким деле өөн көрбөйт.

Калыстык үчүн да айтайын, элдин С. Жээнбековго болгон ишеними бул иштер аткарылбаса бат эле сууйт. Баарыбыз эле билебиз, жогоруда аталган көйгөйлүү маселелерди жүз күндүн ичинде чечип салууга мүмкүн эмес. Бирок бул маселелерди эртеңкиге калтыруу да өлкөнүн өнүгүүсүн бучкактайт. Эгер көчө оппозиция өкүлдөрү деп С. Жээнбеков чындыкты айткан адамдарды жээрибей алар менен кызматташса, анда алар С. Жээнбековго көмөк көрсөтүүгө даяр. Эгер С. Жээнбеков, мен Атамбаевдин жолун улайм деп шайлоо учурунда айткан сөзүнөн танбаса, анда оппозициянын Туруктуу Элдик Кеңеши (ТЭК) 24-мартта өлкөнүн жети аймагынын биринде Элдик Курултай уюштуруп, жаңы Президенттин ишмердигине саясый баа бергени турат.

Элибизге, коомубузга, өлкөбүзгө жакшылык келсе экен деп мен ушул макаламды жаздым. Буга С Жээнбеков көңүл бурат деген ишенимдемин.

Мамбетжунус Абылов, коомдук жана саясый ишмер

Булак: Жаңы Ордо 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: