Menu

Элвира Сурабалдиева, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: «Бул каражаттарды кантип кайрып беребиз?»

Бөлүшүү:

«Глобалдык өнүгүү» аттуу бейөкмөт уюм Кытайдан эсепсиз карыз алган дүйнөдөгү сегиз өлкөнүн тизмесин чыгарган. Алар: Жибути, Кыргызстан, Лаос, Мальдив аралдары, Монголия, Монтенегро, Пакистан жана Тажикстан экен… Жакынкы эле күндөрү Тажикстандын 1500 кв/км жерин көз ирмемде Кытай алып, бир сутканын ичинде зым тор менен заматта курчап салышты. Ал жерде жүргөн чала кыргыз, чала тажиктин баарына «кааласаңар өз мамлекетиңерге кеткиле, кааласаңар жашай бергиле» деген талаптарын коюшту… Келечекте элибиздин башына да мүшкүл түшпөйбү? Кытайга болгон бул ири карызыбыз менен бизди эртең кандай күндөр күтүп турат?

– Мен жаш муундан кичине улуурак болсом дагы, бул өтө өкүнүчтүү. «Карызды кайрып берүү убактысы келгенде, келечек муундарга кыйын болуп калат» деп капа болом. Экинчи жагынан карасак, улам-улам карызга алып жатып, ал акчаны кантип коротулганы так текшерилбейт, көзөмөлдөнбөйт. Жоопкерчилик де­ген жок. Бул жерде коррупция менен күрөштү күчөтүш керек. Жоопкерчиликти сезбеген өкмөт мүчөлөрүнө ЖК депутаттарынан расмий, ачык талкуулоо боюнча бир топ талаптар коюлуп калат. «Бул каражаттарды кантип кайрып беребиз?» деп күмөн санагандардын, санаа тарткандардын арасында бармын.

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: