Menu

Бабырбек Жээнбеков: КР Жогорку сотунун судьясы Т.Чаргынованын көздөрү желкесине чыгып же чатына түшүп кеткенби?

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И. Жолдубаевага;

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы А.Токбаевага;

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу

Тартип комиссиясына Бишкек шаарындагы Кокчө-Тоо көчөсүнүн  №234-үйүнүн

жашоочусу Жээнбеков Бабырбек Субановичтен (тел. 0-502-20-20-28)

А Р Ы З

(Ысык-Көл райондук сотунун №ГД-1404/16-И-4,

Ысык-Көл областтык сотунун №АИ-05-402/17 ГД жана КР

Жогорку сотунун №05-3231/17 ГД иштери боюнча)

Жогорку сот тарабынан кабыл алынган сот актылары акыркы чечим болуп саналаарын жана даттанууга жатпастыгын юрист катары мен жакшы билем. Ошол себептен Жогорку соттун төрайымына анын кол алдында иштеп, мыйзам ченемдерин каалагандай калчаган судьялардын мыйзамсыз актыларын кайрадан каратып берүү  өтүнүчү менен кайрылып отурган жерим жок. Менин бул арыз  менен кайрылуумдун негизги максаты- 2018-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун сот системасындагы туташ коррупцияны жоюга арналган иштиктүү эскертүүлөрүнөн кийин сот тутумунда сезилээрлик жылыштар болуп-болбогонун коомчулукка алып чыгуу, аны коомчулуктун сынына коюп, Кыргыз Республикасынын судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын өзүнүн тикелей милдеттерине кандай көз  карашта, позицияда экендигин айгинелөө гана экендигин эскерте кетмекчимин.

Ушул макалада көтөрүлгөн маселе Жогорку соттун төрайымынын жана Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн көз карашынан алганда мен арыз келтирип жаткан иш боюнча Ысык-Көл областтык жана КР Жогорку сотунун судьяларынын саткындыгын, компетентсиздигин, мыйзамды кыпындай да сыйлабастыгын, демек мындан ары судья болуп иштөө үчүн кынтыксыз жүрүм-турумга ээ же ээ эмес экендигин аныктоочу критерийлерден боло алабы? Бул, албетте, мен кайрылып жаткан соттук жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жарандык позициясына байланыштуу. Эгерде алар жаңы президентибиздин сот тармагын тазалоого багытталган иш-чараларын колдоого алып, коррупционер соттордон кутулууга кызыкдар болсо күнөөлүүлөрдү сөзсүз түрдө ачыктоого, аларга мыйзам чегинде жаза колдонууга аракет кылышат. Андай кызыкчылык жок болсо, жаңы Президентибиздин алгачкы ийги кадамдарына көңүлкош мамиле болсо баягы эле даяр ыкмадагы  «отписка» жооп аларым деле бышык. Күтө туралы. Себеби, төрт  жылдан бери өзүм аралашкан, азабын тарткан сот адилетсиздиги тууралуу арыз өлкө Президентинин өз колуна берилээрине деле аз убакыт калды.  Акыйкаттык үчүн күрөшүп, адилеттик издеген адамдарга  Кудай-таала өзү кубат берсин.

Ал эми КР Башкы прокурору И.Жолдубаевага, Жогорку соттун төрайымы А.Токбаева менен Судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын мүчөлөрүнө кайрылуумдун чоо-жайы төмөнкүчө:

Мен 2014-жылдын 24-июль айынан бери Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан «Асыл-Таш» пансионатынын ээси «Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсы менен юридикалык кызмат көрсөтүү келишимин түзүп, иштеп келатам. Жергиликтүү прокурорлор менен соттордун бут тосууларына, мыйзамсыз, көтөнзорлук иш-аракеттерине карабастан ишти акырындык менен бүткөрүүнүн үстүндөмүн.

2016-жылдын 26-декабрында Ысык-Көл райондук соту менин доо арызымды карап, жоопкер «Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсынын менчигинде турган, 12,23га жер аянтынын 1га жер аянтын менин менчигиме өткөрүп берүү тууралуу макулдашуу келишимин бекиткен аныктама  чыгарган. Бул мыйзам талаптарына толук жооп берген, кынтыксыз сот актысы эле.

2017-жылдын 25-сентябрында Ысык-Көл областынын ошол  кездеги прокурору Майрамбек Таалайбеков райондук соттун аныктамасына кассациялык жеке сунуш киргизип, Ысык-Көл областтык сотунун 26.12.2016-жылдагы аныктамасы прокуратура органдарына маалымат үчүн жиберилбегендигин, ал жөнүндө областтык прокуратура  2017-жылдын 5-июлунда гана билгендигин, ошол себептен өтүп кеткен кассациялык мөөнөттү калыбына келтирүүнү суранган.

2017-жылдын 16-ноябрындагы аныктамасы менен Ысык-Көл областынын жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы областтык прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз кассациялык даттануусун канааттандырып, өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирген. Мен бул жерде Ысык-Көл областтык сотунун паракор, коррупциялашкан судьялары Азиз Досмамбетов, А.Молдакунов, У. Шерипов тууралуу маселе көтөргүм келбейт. Алар жөнүндөгү маалыматтар Президент аппаратына, Президенттин жеке кароосуна документтештирилип өзүнчө берилет.

Мен бул арызымда КР Жогорку сотунун Кудайды да, мыйзамды да тааныбаган эптемей токтому жөнүндө сөз козгоп, бул ишти караган судьяларды мыйзам чегинде жазага тартууну талап кылам. Антүүгө толук негизде бар. Ал негиздер төмөндөгүлөр:

КР Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы Н.А.Сатыбалдиеванын төрайымдыгы астында, судьялар М.П.Мельникованын жана Т.Т. Чаргынованын (баяндамачы) катышуусунда 2018-жылдын 8-февралында Ысык-Көл областтык сотунун 2017-жылдын 16-ноябрындагы аныктамасына келтирген менин кассациялык даттануумду карап чыгып, менин жүйөөлөрүмдү «негизсиз»- деп таап отурат. Иштин ичиндеги материалдарды «иликтеген» соттук коллегия кайсыл документтердин негизинде менин даттануумду «негизсиз»-деп таап, канааттандыруудан баш тарткан?

Соттук коллегия өз токтомунда минтип жазыптыр: «Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 127-беренесине ылайык, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, мыйзамда белгиленген мөөнөттү сот жүйөөлүү деп тааныган себептер боюнча өткөрүп жиберилген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн».

Талаш жок. Эгерде Ысык-Көл областтык прокуратурасынын коррупционер прокурору Майрамбек Таалайбеков менен бирдикте өздөрүнүн чындыгын фактыларга таянуу менен документтердин негизинде далилдеп беришсе мен балакетиме алардын, же «коррупционер»-деп соттордун үстүнөн даттанмак элем? Бирок, турмуш чындыгы, алар сотторго берген сунуштар, соттор кабыл алган чечимдер М.Таалайбеков коррупционер прокурор экендигин, Ысык-Көл облсотунун судьялары А.Досмамбетов, А.Молдакунов, У.Шерипов, КР Жогорку сотунун судьялары Н.А.Сатыбалдиева, М.П.Мельникова, Т.Т.Чаргыновалар акыйкаттыкты, калыстыкты көргүсү келбеген, көздөрү желкесинде жайгашкан, кылмыш жообуна тартууга даяр кылмышкерлер экендигин өздөрү чыгарган актылар менен менсиз эле өздөрү далилдеп отурушпайбы.

«Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу «Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамдын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык биринчи инстанциядагы соттордун 2017-жылдын 1-июлуна чейин мыйзамдуу күчүнө кирген жана кассациялык тартипте даттанылбаган актылары тараптар жана ишке катышуучу башка жактар (мындан ары-процесстин катышуучулары) тарабынан 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекстин 337-2-статьясынын 2-пунктунда каралган мөөнөттө апелляциялык тартипте даттанылат».

КР ЖПКнын 1999-жылдын 29-декабрындагы редакциясында 337-2-статьясы төмөндөгүдөй чечмеленген:

«2 Кассациялык даттануу же талап сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн  тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө берилиши мүмкүн.

«3 Ишти биринчи инстанцияда жана /же апелляциялык инстанциядв караганда сот жыйналышына катышпай калган арыз берүүчү даттанылып жаткан сот актысын кабыл алуу фактысын же бул актынын мазмунун билбей калгандыгын далилдей алган учурлардан башка учурларда кассациялык даттануу берүүнүн процесстик мөөнөтү калыбына келтирилүүгө жатпайт».

Прокуратура органдары менен менин ортомдо талаш жараткан Ысык-Көл райондук сотунун 2016-жылдын 26-декабрындагы аныктамасы 2017-жылдын 6-январында мыйзамдуу күчүнө кирген. КР ЖПКнын 337-2-беренесинин талабы боюнча процесстин катышуучулары бул аныктамага 2017-жылдын 6-июлуна чейин гана апелляциялык тартипте каралууга жаткан кассациялык даттануу же сунуш келтирүүгө акылуу эле.

Көрсө, КР ЖПКнын 3-беренесинде көрсөтүлгөн, ар бир соттук териштирүүнүн негизги максаты жана милдетине айлануучу, укук мамилелеринин субъекттери болгон жактардын бузулган же талашып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо…жарандык сот өндүрүшүнүн максаты, ошондой эле жарандык сот өндүрүшүнүн мыйзамда белгиленген тартиби жарандык иштерди туура жана өз убагында кароону жана чечүүнү, мыйзамдуу сот актыларын чыгарууну, аларды аткарууну камсыз кылуусу, мыйзамдуулукту, укук тартибин чыңдоого жана укук бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүгө» милдеттүү сот органдары бул талаптардын бардыгынын быт-чытын чыгарып, коррупцияга баш оту менен кирип кетишсе биз алар жөнүндө  эмне деп айтышыбыз керек? Областтык коррупционер прокурордун кассациялык сунушун караган Ысык-Көл областтык соту, менин кассациялык даттануумду караган КР Жогорку соту КР ЖПКнын 6-беренесинин «жарандык иштер боюнча сот адилеттиги соттор тарабынан гана, жарандык сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат»-деген талабын эмне үчүн тебелеп-тепсеп отурушат? «Биз мыйзам талаптарын тебелеп-тепселеген жокпуз»-деп, менин айыптоолорумду четке кагууга алардын моралдык укугу, мыйзамдык негиздери бар бекен? Таба алышабы ошондой негиздерди?

Областтык сот дагы, Жогорку сот дагы өздөрүнүн соттук актыларында караманча калпты шыпыртып «Ысык-Көл облустук прокуратурасы жогорудагы даттануу келтирилип жаткан райондук соттун аныктамасы жөнүндө 2017-жылдын 05-июнунда Ысык-Көл облустук райондор аралык сотунан Б.Жээнбековдун доо арызы боюнча иш менен таанышып жатканда билишкен. Прокуратура райондук соттун сот отурумуна катышпаган жана аныктаманын көчүрмөсүн алышпаган.

Мындай жагдайда апелляциялык инстанциядагы сот Ысык-Көл облусунун прокурору М.Таалайбековдун өтүнүчүн канааттандырууда талаштын предмети «Асыл-Таш» пансионатынын аймагындагы «Мун Вэй Трэвел» ЖЧКнына тиешелүү 1,73га жер тилкесинин 1га аянты Б.Жээнбековго тиешелүү деп табуу болуп жатат. Бул талаш жер тилкелери боюнча кылмыш иши козголуп, камак салынган. Андыктан биринчи инстанциядагы сот прокуратураны ишке катыштырууга тийиш болгон деп көрсөтүп, негиздүү жыйынтыкка келген.

Соттун жыйынтыгы мыйзам чегинде жана иштин материалдары менен тастыкталат. Соттук актынын негиздемелери менен соттук коллегия макул»-деген жыйынтыгы карандай калп экендигин төмөндөгү фактылар жана иштин ичиндеги далил документтер ачык-айкын тастыктап турат.

Мен дагы кайталайм, «1,73га жер тилкеси «Мун Вэй Трэвел» ЖЧКсына тиешелүү»-деген аныктаманын өзү Жогорку сот мүчөлөрүнүн ооруулуу фантазиясынан жаралган божомол болуп саналат жана алардын жарандык иштин материалдары менен таанышпагандыгынан гана кабар берет. Бул талаш жер тилкеси боюнча кылмыш иши козголмок турсун, жер аянты камакка алынмак турсун прокурор М.Таалайбековдун жандалбас аракети, калкалоосу астында  мамлекеттик 1,73га жер рейдерлерге берилсин деген чечимди областтык соттун «эргулдары» кабыл алып отурушпайбы.

Жогорку сот 2018-жылдын 8-февралындагы токтомунда «Ысык-Көл областтык прокуратурасы жогорудагы даттануу келтирилип жаткан райондук соттун аныктамасы жөнүндө 2017-жылдын 5-июнунда Ысык-Көл облустук райондор аралык сотунан Б.Жээнбековдун доо арызы боюнча иш менен таанышып жатканда билишкен»-деп белгилесе, облпрокуратуранын өкүлү катары ишке катышкан Д.Кадырова өзүнүн 2017-жылдын 31-июлундагы справкасында «с 25.07.2017-года по 31.07.2017-г. было изучено материалы административного дела №АД-138 /17-МИ, №АД-243/17-МИ по иску Б.Жээнбекова к Иссык-Кульскому районному госрегистру об обязывании исполнить определение Иссык-Кульского районного суда от 26.12.2016-года»-деп жазып отурат.

Мен болсо областтык сотко дагы, Жогорку сотко дагы жолдогон даттанууларымда «Ысык-Көл райондук сотунун 2016-жылдын 26-декабрындагы аныктамасын Башкы прокуратура 2017-жылдын февраль айынын 25теринде алган. 2-мартта Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы К.Асангелдиев №10/2-7 номерлүү кат менен Ысык-Көл областынын ал кездеги прокурору М.А.Айдарбековго (көчүрмөсү мага) «сиздин карооңузга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Б.Жээнбековдун  Ысык-Көл облустунун райондор арлык сотуна Башкы прокуратурага келтирген арызынын көчүрмөсүн жиберебиз»-деп Башкы прокуратура менин 22.02.2017-жылдагы арызымды алгандыгын, ага тиркелген документтердин арасында райондук соттун 2016-жылдын 26-декабрындагы аныктамасы дагы бар экендигин моюндап отурбайбы. Кайра-кайра тиешелүү сотторго берилген даттанууларымда мен буларды баса белгилеп, көрсөтүп жатсам эмне үчүн Ысык-Көл областтык соту дагы, Жогорку сот дагы бул далилдерди көргүсү келбейт? Областтык сот го мейли, убагында Бостерилик жер басып алуучулардан алган 10 миң долларын «актап» жатат дейли. Жогорку соттун иш боюнча баяндамачысы Т.Чаргынованы кайсы шайтан чаргытып отурат? Же ишти карап жаткан учурда Т.Чаргынованын көздөрү желкесине чыгып кетип же чатына түшүп кеткенби? Болбосо, көрөт эле да тиешелүү документтерди.

Эмнеси болсо да Ысык-Көл областтык соту дагы, КР Жогорку соту дагы мыйзам талаптарын каалагандай калчап, областтык прокурор каалагандай чечим чыгарууда аябай эле жан үрөштү,  материалдык жана процессуалдык мыйзамдардын нормаларын ыплас буттары менен тебелеп-тепсешти.

Бул маселе боюнча Жогорку соттун төрайымы А.Токбаева өз позициясын билдирип, соттор арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө алабы? Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы Конституцияда каралган ыйгарым укуктарынан пайдаланып, күнөөлүү сотторду тиешелүү жазага тарта алабы? Кыргыз Республкасынын Башкы прокурору И.Жолдубаева КР Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш жоопкерчилигине атайылап сот адилеттигине жатпаган чечимдерди кабыл алган сотторду  тарта алабы?

Же өлкө президенти С.Жээнбековдун акыркы айларда жасап келаткан алгылыктуу иш-аракеттерине бут тосуу, аны кыргыз элине  жаманатты кылуу менен алектенүүлөрүн уланта беришеби?

Бабырбек Жээнбеков 19.03.2018-жыл

Булак: “Майдан.kg”

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: