Menu

Айнаш Токбаева: «Бузулган укуктарды калыбына келтирүүнүн ийгилиги сот актыларын реалдуу, толук кандуу жана өз убагында аткаруу болуп саналат»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-мартта,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда ”Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын айрым нормаларын  колдонуу боюнча маселелер” темасында  тегерек стол болуп өттү.

Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  жана  жергиликтүү соттордун судьялары, сот аткаруучулар, Жогорку сотунун алдындагы  Сот департаментинин  борбордук аппараты,   Жогорку сотунун алдындагы Сот адилеттигинин жогорку мектебинин лекторлору, эксперттер ошондой эле  Башкы прокуратура менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Өз сөзүндө  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева ар бир жаран жана  юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин талаптарына ылайык,  өз укуктары менен эркиндигин  сот тарабынан коргоого укуктуу экендигин айтты. Бирок, сот актыларын чыгаруу менен, жеке жана юридикалык тараптардын бузулган укуктары, эркиндиги жана мыйзамдуу  кызыкчылыктары  калыбына келет дегенди түшүндүрбөйт. Бузулган укуктарды калыбына келтирүүнүн ийгилиги бул  мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын өз убагында жана толук кандуу аткарылышы болуп саналат. Ошондуктан, сот актыларынын жана башка  аткарылуучу документтердин   аткарылышына өзгөчө көңүл бурулат. Айтсак,  2017-жылдын 1-июлунан  тартып ”Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын жаңы  Мыйзамы күчүнө кирип,   анын негизги максаты катары аткарылуучу документтердин өз убагында, эффективдүү, реалдуу ишке ашышы каралган.

А. Токбаеванын айтымында, мындай максат жөн жеринен белгиленген эмес. Анткени, аткаруу документтерин аткарбоо же болбосо талаптагыдай эмес аткаруу негизги көйгөй болуп, аны тиешелүү мыйзамдарды өркүндөтүү  же болбосо жаңы нормативдик- укуктук талаптарды кабыл алуу менен чечүү керек.

Мындан тышкары Төрайым көрсөтүлгөн мыйзамга ылайык, сот аткаруучу мыйзамда көрсөтүлгөн бардык аткаруу  аракетерин көрүп, жарандардын жана  юридикалык жактардын  укуктарын жана  мыйзамдуу кызыкчылыктарын кемсинтүүгө  жол бербеши керек экендигин белгиледи. Сот аткаруучулар тарабынан  бул мыйзамдын  талаптарынын сакталбашы, алардын мындай аракеттери сот тартибинде даттанууга алып келип, өз кезегинде аткаруу өндүрүшүндөгү тараптардын түшүнбөстүктөрүнө алып келиши ыктымал.

Тегерек столдун жүрүшүндө  докладдар менен  талкууланып жаткан мыйзамды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси  У. Сатаров,  Жогорку сотунун  алдындагы Сот департаментинин сот актыларын аткарууну камсыз кылуу боюнча башкармалыктын башчысы  Н.Пирназаров жана Аламүдүн районунун  соттук  аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн сот аткаруучусу  С. Николаева чыгышты.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү каралып,  ал айтылган маселелерди карап чыгып, бардыгын жалпылап, аларды чечүү  боюнча сунуш-пикирлерди чыгарат. Бул өз кезегинде аткарыла турган документтердин реалдуу  өз убагында аткарылышына көмөктөшөт.

Иш чара   Европа Биримдигинин  “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун көмөктөшүүсүнүн алкагында  Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан уюштурулду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: