Menu

Видео – УКМК «Кулматов камакка алынды» деген маалыматты төгүндөдү

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов убактылуу камакка алынды» деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» билдирди.

– «Кубанычбек Кулматов камакка алынды» деген маалымат туура эмес. Кулматовго эч жакка чыкпоо боюнча бөгөт чарасы каралган. Ошол эле калат. Бөгөт чарасы каралгандан кийин башка чара көрүлбөсүн бардык эле юристтер билет. Ал «Альто Груп» ЖЧК жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, сынагы жок эле кытайлык компаниядан 1 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү каражатты түздөн-түз ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан сырткары, Калыс Ордодогу мектепти аягына чыгарыш үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 миллион сом бөлүнүп берилген. Учурда кылмыш ишинин алкагында жеке компаниянын жетекчилеринин бири УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, – деди УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов.

Мурдараак айрым маалымат каражаттары УКМКга сурак берүүгө барган Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов камакка алынганын өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан.

Кубанычбек Кулматов 14-майда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен өз ыктыяры менен кеткен. Андан үч күн мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылган.

Булак:  Борбор Азия жаңылыктар кызматы

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: