Menu

Атамбаевдин тагдыры Жекшенкулов айткандай болобу? Жакында камалат же качат

Бөлүшүү:

Парламенттен Камчыбек Жолдошбаев коррупцияга шектелип аткан бир катар чиновниктерди зекиген болчу. «Кусуп эле койгула, болбосо түрмөдөн «караларга»төлөйсүңөр…» деген маанайда. Көрсө, бул сөз бекер айтылбаптыр…

Көп өтпөй Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев камалды. (Кийинки жумада Бишкек мэри Албек Ибраимовдун УКМК СИЗОсуна киргизилерин эшиттик.) Тар чөйрөдөгү айрым кептерге караганда, Исаков, Кулматов, Артыкбаев ж.б. ТЭЦ боюнча камалган шериктери да чоң суммадагы акчага «сынышары», түрмө мыйзамына ылайык төлөп турушары ыраспы? Тергөөчүнүн астында жооп берүүдөн сырткары УКМК абагында моралдык-психологиялык жактан катуу соккуга кабылышарын да божурагандар жок эмес. Баса, буга чейин «Түндүк» бажысынын экс-начальниги Нурбек Айбашевдин хансарайы чагылдырылып, колуна кишен салынган. Айбашевдин мойнуна салык салынып, түрмөдөн 2 миллион доллар төлөп бердиби? Же мындай сөздөрдү күч органдары атайын эле чыгарып атышабы? Айтор, неси болсо да жооп берип коюшса жакшы болмок.

Ошентип, Алмазбек Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү текши уурулукка шектелип, четинен камалып атканда Аликбек Жекшенкулов «Независимая газетага» интервью берип, Кыргызстандагы саясый акыбал боюнча талдоо жүргүзгөн. Аликбек мырзанын баамында, Атамбаев жакында камалат же качат. Себеби, анын 6-7 жылдык бийликте жүргөн мезгилинде чоң коррупциялык иштер болгону айтылат. Атамбаевдин тагдырын чечүүдө Жекшенкулов бийликке идея берип атканы жөн жерден эмес. Анүстүнө «Независимая газета» эл аралык чөйрөгө жакшы тарайт. Сыягы, кектешүү, өч алуу жагынан катуу кеттик го…

Кубат Карачев

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: