Menu

-Бегалы агай, Кулматовго кылмыш иши козголгондо гана анын Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алганы билинип отурат. Буга чейин ал кызматтык секириктерди жасаганда неге анын жарандыгынан шек санашкан эмес же аны кимдир бирөө калкалаганбы? -Кубанычбек Кулматовдун кош жарандыгы бар экени эбак эле белгилүү болуп, бул одоно мыйзам бузуу экенин 2010-жылдан бери бир нече ММКлар жазышкан, КР Жогорку Кеңешинин трибунасынан бир нече депутат атайын билдирүү жасап, Кубанычбек Кулматов Россиянын жараны экенин, ошондуктан Кыргызстанда жогорку мамлекеттик кызматты ээлөөгө акысы жоктугун ал улам кызматка көтөрүлгөн сайын кыйкырып айтып турушкан. Айрыкча кесиби боюнча прокурор Тынчтыкбек Шайназаров деген депутат эки-үч жыл кайталап парламентте айтып жүрдү. Мыйзам иштеген өлкө болсо Кубанычбек Кулматовду 2011-жылы эле камап салышмак. Бирок биздин өлкөнү мыйзам эмес “самодурлар” башкарбадыбы. Укук коргоо органдары аны ошондо эле баса калышмак, бирок Кубанычбек Кулматовдун артында Алмаз Атамбаев турчу. 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштү каржылоого Россиянын Бажы башчысы, Кремль Кыргызстанга “куратор” кылып дайындаган Андрей Бельяниновдун ишарааты менен Кубанычбек Кулматов катышканын ММКлар канча жолу жазышты. Төңкөрүштөн кийин Атамбаев Убактылуу өкмөттүн төрайымынын экономика боюнча орун басары болуп турган учурда Кубанычбек Кулматовду дароо Бажы башчылыгына дайындады. Кулматов болсо бажы системасындагы миллиондорду чапчыган схемаларды андан ары өркүндөтүп, Атамбаев тарапка буруп берип, аны 7 жылда мультимиллионер кылды. Кулматов бажы кызматынан башка, үлкөн кызматтарга кеткенде да бажыны анын жан-жөкөрлөрү башкарып турду. Ошондуктан Атамбаев мыйзамга да, парламенттин кыйкырып жаткан депутаттарына да карабай Кулматовду “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай” кызматтан кызматка көтөрүп жүрдү. Эгер УКМКда, Генпрокуратурада, ИИМде Атамбаев дайындаган кишилер олтурса анан кайдагы мыйзам иштемек эле? Парламенттин депутаттары да кыйкырып-кыйкырып эч нерсе кыла албай олтуруп калышты. Атамбаев 7 жыл бою мамлекетти мыйзам менен эмес, орто кылымдардын денгээлинде “өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илип” башкарды. Ошондо кың дей албагандар бүгүн баатыр болуп жатышат. Эсиңердеби, Атамбаев: “Кулматов бажы башчылыгына келгенден бери бажы төлөмдөрү эки эсе көбөйдү” деп көп мактачу. Бирок, Кулматов бажы башчылыгына келген 2010-жылдан бери бажы төлөмдөрүн карапайым эл үчүн 3 жолу көтөргөнүн айтчу эмес. “Челноктордун” бажы төлөмдөрү ага чейин 1998-жылдан бери көтөрүлө элек болчу. Атамбаевди болсо орто кылымдардын денгээлинде ой жүгүрткөн регионалисттер “өзүбүздүн бала” деп колдоп турушту. Атамбаев мына эми азыр алардын “биздин балдар кыйын” деген мифин талкалады. Ушундай мамлекеттик системада Кулматов жазаланмак беле? Азыр эми башка башкару системасы орной баштагандыктан Кулматов сыяктуу мыйзамды көзгө илбеген, мурунку бийликтин эрке талтаңдары жоопкерчиликке тартыла баштады. -Исаковдун, Кулматовдун, Артыкбаевдин, Сатыбалдиевдин камалышы Атамбаевге салынган тузак деп кабыл алсак болобу? Эми президент Атамбаевге азуусун кайрай алабы? -Азырынча Атамбаевге эскертүү берилип жатса керек. Адатыңча элдин бир катмарын көтөрүп мамлекеттик төңкөрүш жасайм десең мыйзам алдында жооп бересиң таризинде. Анткени Исаков, Кулматов, Сатыбалдиев булар Атамбаевдин жакын табакташтары. Атамбаевдин мультимиллиондорунун сырын ушул үчөөсү жакшы билишет. Булар көп схемалардын авторлору. Бекеринен “мистер 10%” атыккан Жантөрө Сатыбалдиев Ош жана Бишкек шаарларын калыбына келтирүү дирекциясындагы 4 миллиард сомго отчет да бербей жүрөт. Бул отчетту Жогорку Кеңештин депутаттары да талап кылып, ала алышкан жок. Анткени анын артынан калкалап Атамбаев турду. Ал эми Атамбаев парламенттин 95%ын, өкмөттүн 100%ынын жүрөгүнүн үшүн алып, коркутуп алган болучу. Ал эми Осмонбек Артыкбаев менин оюмча уурулуктарга катышкан эмес, ал калпа кишинин баласы, экөөбүз бир кезде чоогу депутат болуп жүргөндө байкагам, барга топук кылып, бирок бизнесин таза жүргүзгөнгө аракает кылган адам. Ал киши мурунку бийликтин уурулуктарына каршы чыгалбагандыгы, алардын айткандарын аткаргандыгы, бийликтин саясатын жүргүзгөндүгү үчүн камалып калды. Ал кезде аткаруу бийлигинде олтурган кыргы жигиттеринин бири да Атамбаевдик режимге каршы чыга албады. Баары эле саясат деген ушул болот турбайбы деп Атамбаевдин эркине көнүп беришти. Аларга Атамбаев түбөлүк бийликте олтурчудай сезилди. Эгер коррупцияга каршы күрөш токтобой алга жылса биз Атамбаев канчалаган көп кишинин убалына калганына күбө болобуз. Артыкбаев Атамбаевден келген буйрукту аткаруу үчүн жыйындарды өткөрүп, ошонун сөзүн сүйлөгөнү үчүн айыпталып жатканын документтери менен көрсөтүп жатышпайбы. Бирок миллиондорду уурдаганы тууралу далил жок. Эми ушулардан кийин да Атамбаев мен Жээнбековду ордуна коём деп жулуна берсе анда силер айткандай тузакка илинет. Жээнбеков Атамбаевге 31-марттагы Атамбаевдин сөзүнөн кийин эле азуусун кайрай баштаган, бирок ал өзүнүн мүнөзүнө байланыштуу атамбаевчилеп айкырып чыкпастан унчукпай жасап жатат. -Садыр Жапаров, Аида Салянова боюнча Жогорку сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырганы эл арасында Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков тымызын сотторду баштагыдай эле көзөмөлдөп жатат деген кептин чыгышына жем таштады. Мурунку менен азыркы президент чын эле тымызын иш кылышпайбы? -Мен Жээнбеков менен Атамбаевдин тымызын сүйлөшүп алганына ишенбейм. Мына “Ата мекен” партиясынын өкүлдөрү мурунку президенттер Акаевди, Бакиевди, Атамбаевди соттордун ишине кийлигишет, сотторго кандай чечим чыгарууну айтып турушат таризинде 25 жыл айыптап келишти. Туура айыпташты. Бирок эми өздөрүнүн лидери камалганда президент Сооронбай Жээнбековду соттордун ишине кийлигишип, Текебаевди жана башка атамекенчилерди актап бересин деп президентти кылмышка түртүп жатышпайбы. Кана принципиалдуулук? Бир нерсе десең капа болушат, булардын айтканы гана туура , башкалардыкын туура эмес деп чыгышат. 2012-жылдан баштап коомчулук Атамбаев бийликти узурпациялап жатат деп айтса атамекенчилер силердики туура эмес деп Атамбаевди колдоп, анын жеке бийлигин чыңдап келишти. Анткени анда алар Атамбаев менен табакташ эле. Атамбаев буларды табактан сүрүп чыгаргандан кийин гана аны сындай башташты. Бир да партияда принципиалдуулук жок. Баардыгы өзүнүн кызыкчылыгынын тегерегинде гана демократ боло калышат. Андай адилеттүүлүктү соттон талап кылыш керек. Бүгүнкү сот системасын, анын кадрдык составын түзүүгө атамекенчилер активдүү катышышкан. Эсимде, 2011-жылы ошол эле Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште мыйзамдуу түрдө, өзүнүн функционалдык милдеттеринин негизинде сунуш кылган соттук реформаны, соттордун кадрдык составын Атамбаевдин митайым КСДПчыларына ушул атамекенчилер кошулуп алып, өткөрбөй коюшпады беле? Ошондон тарта соттук реформанын демилгесин “Ата-Журттан” КСДП менен Ата Мекен тартып алып, өздөрү жүргүзүшпөдү беле. Акыркы жылдарга чейин Атамбаев менен Текебаев эриш-аркак иштеп келишпедиби. Ажырашкандарына эки жыл боло элек. Эми аларга башкалар күнөлүү болуп жатат. 2010-жылы да конституциялык реформаны атамекенчилер көзөмөлдөшкөн, анда неге элге убада кылган парламенттик системаны орнотушкан жок? Конституцияда мурдагы Акаев, Бакиев учурундагыдай эле күчтүү президенттик бийликти калтырышты. Эгер ошондо парламенттик өлкөлөр сыяктуу президентти парламент шайлай турган бир эле норманы киргизишсе Атамбаев эч качан мындай ажыдаар боло албайт эле. Толук парламенттин көзөмөлүндө болот болчу. Мынчалык камоолор, соттук адилетсиздик, мынчалык коррупция өнүкпөйт болчу. Ошондо колунда турган ишти жасашкан жок. 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүндө өздөрү 15-20 жыл айтып келаткан идеяларын ишке ашырууга чоң шанс пайда болгон эле. Ошол шансты да жеке кызыкчылыктардан өйдө көтөрүлө албай жасашкан жок. Эми 8 жыл бийликте туруп, булардын бүгүнкү абалга башка бирөөлөрдү күнөөлөөгө, дагы бийликке умтулууга моралдык укуктары барбы? -Эгер Атамбаев жоопко тартылса кайсыл иштер үчүн жооп бериши керек? -Акыркы 7 жылдагы кризистердин баарына Атамбаев күнөөлүү. Азыр айыпталып камалып жатышкан коррупционерлер Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Жантөрө Сатыбалдиев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов жана башкалар Атамбаевдин көрсөтмөсү жок бир ишти жасаса аларды Атамбаев өзү ошондо эле камап салмак. Баардык иштердин түрмөгүн жандырса аягы Атамбаевдин мультимиллиондорунан келип чыгат. Атамбаевге айып тагам десе ондогон айыптар калкып чыгып турат. Бийликте турган 7 жылда эмнени гана жасабады? Бюджетти каалагандай чачты, тоо кендерин каалагандай сатты, мамлекеттик тендерлерди анын оң колдору коррупциялык жолдор менен өткөрүштү. Жер-Үй алтын кенинде 4 миллиард доллардык алтын болсо каалоочулар жок болуп жатат деп будамайлап, аны орусиялык чечендерге 100 миллион долларга саттык деп каттап коюшту. Албетте ал кымбатка сатылды. Андан да кызыгы эми Жер-Үйдө Кыргызстандын 1% да энчисин калтырбай, орусиялыктарга 100% каттап салышты. Мындай мыйзам бузуулардын ондогонун атаса болот. Бирок майнап чыгабы? Ошол эле Жер-Үйдөн түшкөн 100 миллион долларга Атамбаев 100 мектеп салып жатам деп мактанган. Азыр текшергилечи, 100 мектеп салынды бекен? -Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн саясый куугунтукка кабылгандарды бошотууну ойлоно элек? – Эми мен так билбейм, аны өзүнөн сураш керек. Менин оюмча президент өзү бошотпош керек. Эгер жаңы келген президент өзүнөн мурунку президент камагандарды бошото берсе анда азыр Жээнбеков камап жаткан Жантөрө, Сапарларды кийинки президенттен бошот деп талап кылып чыгабызбы? Президент күнөөсүз айыпталгандарды бошото турган, актай турган системаны куруш керек. Бул үчүн бир аз убакыт керек болсо керек. -Президенттин Россияга өз самолёту эмес эл менен кошо учканы боюнча кандай комментарий бересиз? Ал бул аракети менен чыгымды азайтайын деп жатабы же арзан кадыр барк күтөйүн деп жатабы? -Бул эң жакшы жөрөлгө, Муну баарыбыз жапа-тырмак колдоп, алкап турушубуз керек. Анткени президенттик самолеттун бир учуп-барып келиши эле бюджеттен 100 миң доллардын башын жейт. Атамбаевден айрымаланып Жээнбеков жан сакчыларын азайтты, жолду бууганын азайтты, катардагы каттам менен уча баштады. Мен ойлойм 2019-жылдагы бюджетке президенттин иш башкармалыгы резиденциядагы арак-шарапка, ойноп-күлмөйгө, командировкаларга да акчаны атамбаевчилерге окшоп миллиондоп киргизбей азайтат го деп. -Атамбаев бийликтен кеткени эмне өзгөрдү? -Атамбаев бийликтен кеткени коррупцияга каршы чыныгы күрөш жүрө баштады. Атамбаев өзүнүн оппоненттерин каматып, коркутуп, анан кийин чыгарып жиберчи. Айрым бизнесмендерди “обезжиривать” этишчү да кайра чыгарып жиберишчү. Сөз эркиндиги мурунку калыбына келе баштады. Айтор сезилерлик өзгөрүүлөр башталды. -Атамбаевдин дагы кайсыл кадрлары көз жаздымда калбай жоопко тартылышы керек? -Атамбаевдин бардык кадрларын текшериш керек, бир соосу жок. Айрыкча КСДПчылардын кимисине кылмыш иши ачылып, кийин Атамбаевдин тымызын амири менен жабылып калгандарын көтөрүшсө жакшы болмок. -Сооронбай Жээнбеков эмнени эске алышы керек? -Сооронбай Жээнбеков өтө этият болушу керек. Анткени анын колунда бир мамлекеттин тагдыры, келечеги турат. Душмандары акыркы 7 жылда эбегейсиз байып, акчанын үстүндө олтурушат. Кыргызстанда шайлоонун тагдырын акча эле чечип койгон сыяктуу төңкөрүштүн тагдырын да акча эле чечет. Азыр камап жаткан жана камала турган коррупционерлердин колунда эбегейсиз чоң байлык бар. Ошондуктан өзүнүн жана мамлекеттин коопсуздугуна өтө маани бериш керек. Тезинен экономиканы бутуна тургуза турган команданы түзүшү зарыл. Антпесе азыр эл аны коррупция менен болгон чечкиндүү күрөшү үчүн колдоп жатат, эртең эле экономика боюнча талаптар чыга баштайт. -Депутаттар Исаков алып келген отчетту жактырышпай ошол эле отчётту Абулгазиев алып келсе колдоп беришти го, буга не дейсиз? -Жок, андай болгон жок, 2017-жылга премьердин отчетун Абылгазиев эле алып келди. Ал өкмөттө Абылгазиев 8 ай вице-премьер болуп иштеген. Сапар Исаков өзү Бишкек ТЭЦи боюнча актанып жатканда айткандай, 2017-жылы аягында премьер-министр болуп келген. Отчеттук мезгилде 3-4 ай эле иштеген. Анын үстүнө Сапар Исаковду иштеген иши боюнча эмес, иштеп жүрүп тымызын уурдаганы үчүн жоопкерчиликке тартып жатышат. Адам жакшы иштемиш болуп жүрүп, анан тымызын уурдаса камабай коюш керекпи? Ким уурдаса ал ким экенине карабай камайм дебеди беле Жээнбеков. Мамлекеттик кызматка бардыңбы, таза иште. Уурдасаң камаласын деген принцип орношу керек бизде. Маектешкен Чынайым Кутманалиева

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол койду, ага ылайык Чечейбаев Эркин Маратович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы санитардык врачы болуп дайындалды.

Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: