Menu

Жумакадыр Акенеев, эксперт: «Түндүк-түштүккө бөлүнүү эң кооптуу маселе»

Бөлүшүү:

Кыргызстанга коркунуч жараткан эң негизи маселе – трайбализм. Калган маселелердин баарын жеңебиз, экономикабызды да өнүктүрөбүз. Ал эми түндүк-түштүккө бөлүнүү – эң кооптуу маселе.

Ошондуктан бул көйгөйдү болтурбоо үчүн көп иштерди алып барышыбыз керек. Түндүк-түштүк, айыл, көчө, урууларга бөлүнүүнүн өзү бизди артка тарткан олуттуу көйгөй. Биримдиктүү болсок, тышкы карыздан да кутулуп, өнүккөн мамлекеттердин катарына 5 жылда киргенге мамлекетибиздин толук мүмкүнчүлүгү жетет. Кыргызстан бул 6 миллион эли, 200 миң кв. км жери, суусу, жаратылышы, кен байлыктары менен эгемендикте өз алдынча жашап келаткан мамлекет. Ал эми тышкы карызыбыз 5 миллиард долларга жакындады. Бул андай деле көп эмес. Түбү кыргызстандык Ибраимов, Машкевич деген бизнесмен жарандарыбыздын топтогон байлыгы биздин тышкы карызыбыздан үч эсе көп. Ошон үчүн мунун бардыгы экономиканы туура багытка коюудан көз каранды. Ал эми экономиканы туура багытка коюу үчүн ынтымак болуш керек. Трайбализмдин бизде өрчүгөнүн кызматтарга адискөйлүгүнө карабай, тааныш-билиштердин дайындалышынан, Жогорку Кеңешке акчасы барлардын келишинен улам байкасак болот. Ошондуктан бул маселени биз түп-тамырынан бери жок кылышыбыз керек. Баам сала турган болсок, илгери баарынын аталары бий, бай, хан болуптур, карапайым эл жок экен, ушундай түшүнүк менен баратабыз. Бир убакта коррупцияга малынган аткаминерлер кабат-кабат үйлөрү, кымбат баалуу машинелери бар деген түшүнүк менен аларды биринчи орунга коюп, төргө өткөзүп дегендей, коомчулукта элита делинип бааланып калган. Кайсы адам өз кесибинде мыкты болсо, ошолорду сыйлашыбыз керек.

Булак: «Кыргыз Туусу»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: