Menu

Теңизбек Масылбеков, куткаруучу: “Чөгүп жаткан адамдын кыйкырып жардам сураганга чолосу тийбейт”

Бөлүшүү:

– Теңизбек, бул тармакта иштегениңизге канча убакыт болду? Быйыл сууга чөккөндөрдүн саны жылдагыдан көптөй сезилет?

– Куткаруучу тармагында иштегениме сегиз жылдан ашты. Байкообуз боюнча быйыл сууга чөккөндөрдүн саны жылдагыдан көп болууда. Өлкө боюнча быйыл 187 куткаруучу окуудан өтсө, 129 куткаруучу Ысык-Көлдөгү пансионаттарда иштеп жатат. Биз адатта Комсомол, Пионер көлмөлөрүнө нөөмөткө турабыз. Эс алуучуларга бере турган эң биринчи кеңешим, сууда сүзгөндү билбесеңер алыс, терең жерге кетпегиле дээр элем.

– Бирок сууда сүзгөндү билген киши деле чөгүп кеткен учурлар катталып атпайбы?

– Ооба, сууда мыкты сүзгөн киши деле чөгөт. Себеби көп учурда спирт ичимдиктерин ичип алып сүзүшөт. Биз эскертүү беребиз. Бирок “көлмө кеп болуп калыптырбы, Көкөмеренде сүзгөм” деген жоопту угабыз. Айрымдары, “эс алганы келсек ар кайсыны айтасыңар” деп жактырышпайт. Өкүнүчтүүсү, аягында ошол эле адамдарды суунун түбүнөн алып чыгабыз. Себеби спирт ичимдигин ичкен адамдын кан тамырлары ичкере түшөт. Ошондуктан бутунун тарамышы сууда сүзгөндө бат түйүлөт. Ал эми көл менен бул жактагы көлмөлөрдү салыштырып болбойт. Көлмөлөр балырлуу келет. Алар буту-колуңа оролуп сууда сүзүүдө бир топ тоскоолдук жаратат. Мындан сырткары, тердеп турганда да сууга дароо түшпөө керек. Дене муздак сууга тийгенге жыйрылат да, мындай абалда колу-буттун карышуу мүмкүнчүлүгү жогору болот. Андыктан сууга түшөрдө денени алгач акырындык менен көндүрүү керек.

– Сиздин практикаңызда эсиңизде кандай окуя калды?

– Бир ирет 3 кыз эс алганы келиптир. Кесиптешим экөөбүз нөөмөттө болчубуз. Бир маалда биринчи кыз чөккөн окшойт, аны куткарам деп экинчи кыз чуркаптыр. Биз жеткенде тиги экөөнү куткарам деп үчүнчүсү да сууда экен. Үчөө тең сууда сүзгөндү билбейт экен. Эки кыз суунун түбүнө түшүп кетиптир, үчүнчүсүн дароо жээке алып чыктык. Андан кийин кесиптешим экөөлөп кыздарды суудан таап чыктык. Жээктен биринчи жардамды көрсөтүп “Тез жардам” кызматына өткөрүп бергенбиз.

– Жаш балдарды сууга тушүрүүдө эне-аталарга кандай кеңеш бересиз?

– Балдарды кылдат кароого чакырам. Көлмөгө келип шерине берип, өздөрү спирт ичимдигин колдонуп жыргап жүрө берет. Балдары экинчи планда калат. Кичинекей бала өйдөлөнүп сууда жатып калса деле тура албай өпкөсүнө суу кирип тумчугуп калуусу мүмкүн.

– Дегеле сууга чөккөн адам кандай белгилерди берет?

– Кыйкырып жардамга чакырганга чолосу тийбейт. Андан улам жанында жүргөн адам деле анын көзүн карамайынча чөгүп жатканын билбейт. Дегеним, чөгүп жаткан адамдын көзүнүн чанагы чоңоёт. Башы чалкалаган абалда болуп, оозун суунун үстүнө чыгарып аба жутканга аракет кылат. Алгачкы секундда жардам сурап кыйкырам деп суу ууртап, өпкөсүн сууга толтуруп алгандыктан көбү чөгүшөт.

Анара Дүйшөналиева

Булак: “Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: