Menu

Адилеттүүлүк орнош үчүн  Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров “өлүш” керекпи?

Бөлүшүү:

Экс-президент А.Атамбаевдин айласын кетирген айыптоолор менен чыгып эл үнүн, чындыкты алып чыгууга жандалбас жасаганы үчүн “мамлекеттик бийликти кулатууга даярдык” көргөнү боюнча жасалма айып тагылып, соттолуп, абакта эски режим чектеген жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан ал кездеги оппозиционерлер Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров кайрадан ачкачылык жарыялашты.

Буга ушул убакка чейин Жогорку соттун 2018-жылдын 7-июнундагы чечими колдоруна тийбей жаткандыгы себеп болгон. “Жогорку соттун курьери дагы эле 2018-жылдын 7-июнундагы чечимди №47-колонияга саясий камактагы Кадыров менен Асановго алып келип беришкен эмес. Алар Атамбаевчил соттордун жалган жалаасы менен камалган, азыр ачакачылык жарыялап жатышат”, – деп маалымдашты абактагы саясатчылардын адвокаттары. Мындан тышкары, алар адам тагдыры менен ойногон Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын отставкасын талап кылышууда.

Буга чейин да бул эки инсан соттордун ишти адилетсиз карап жатышканын айтып, ачкачылык жарыялашкан. Аны менен катар, алар УКМКнын ошо кездеги төрагасы Абдил Сегизбаевдин да кызматтан кетишин талап кылып чыгышкан. Баарынан да Бектур Асанов бир айга чукул суу да ичпей, коомчулуктун чый-пыйын чыгарган. Ден-соолугуна олуттуу зыян келгенин эске алуу керек. Бул ирет дагы жакшы, алар тамактан гана баш тартышып, жалаң суу менен олтурушат.

Чындап келгенде, “Улуттук оппозициялык кыймылдын” лидерлери Б. Асанов, К.Кадыров, эксперт Э.Карыбеков жана коомдук ишмер Д.Сарыгуловду атамбаевдик бийлик ачуу сын-пикир үчүн эле камаган. Кылмыш иши токулуп, алардын революцияга даярдангандыгы тууралуу бир да так аныкталган фактыны көрсөтүп бере алышкан жок. Ушундай болгон сон, жаңы бийлик деле ойлонуп, саясий мотивде соттолгондорго мунапыс берип, абактан бошотуп койсо чоң соопчулук иш болмок да. Же адилеттүүлүк орнош үчүн алар “өлүшү” керекпи? Мурункулардан го муну күтсө боло тургандай эле, алар турганда булар тирүүсүндө абактан чыкмак да эмес. А Жээнбеков келгени – үмүт пайда болду да…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: