Menu

“Кырчын” этношаарчасынын “Чүй ордосунда” илинген илбирстин териси боюнча иликтөө иштери башталды – 1,5 млн сом айыппул салынышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында пайда болгон “Кырчын” этношаарчасынын “Чүй ордосунда” тигилген боз үйлөрдүн биринде илинген илбирстин териси боюнча тийиштүү органдар иликтөө иштерин баштады. Бул тууралу бүгүн КР Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Анткени илбирс жоголуп бараткан жаныбар катары Кыргызстандын кызыл китебине киргизилген жана ага аңчылык кылууга, терисин пайдаланууга мамлекет тарабынан тыюу салынган. Илбирсти өлтүрүп, терисин пайдаланган кишиге 1,5 млн сом айыппул салынып же 1 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Азыр Кыргызстандын тоолорунда 324 баш гана илбирс калган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: