Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бизнес-омбудсмен институту киргизилет жана Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү Комитети түзүлөт

Бөлүшүү:

Ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Бизнес-омбудсмен институту киргизилет. Ал эми  Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү Комитети түзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 17-сентябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгында  билдирди.

«Биз көзөмөлдөөчү жана  укук коргоо органдарындагы  кемчиликтер менен  күрөш жүргүзөбүз. Ошондуктан ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Бизнес-омбудсмен институту киргизилет.Өнөр жай саясатыбызды өзүбүз аныктоочу мезгил келди. Ушул максат менен Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү Комитети түзүлөт», -деп маалымдады  Президент Сооронбай Жээнбеков.

Комитет коомдук башталышта иштейт. Анын статусун жогорулатуу  үчүн Мамлекет башчысы ага алдыңкы бизнес-ассоциациялардын жана эл аралык компаниялардын өкүлдөрүн  киргизүү зарылдыгын белгилеп, жолугушуунун катышуучуларын Комитеттин  ишине катышууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: