Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) Жалал-Абад облусунун Токтогул району жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарлары боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагына мурунку аныкталган коррупциялык схема боюнча мамлекеттик бюджетке тийиштүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн жүк ташуучу автоунааларды контрабанда жолу менен ташуу фактысын аныкташты.
Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөн учурда “VOLVO FH12” маркасындагы автоунаа “ZREMB WROCLAW” чиркегичи жана “SCANIA R420” маркасындагы автоунаа “FLIEGL” чиркегичи менен кармалган.
Тергелип жаткан кылмыш иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган чараларды көрүп, аталган автоунаалардын ээлери тарабынан эки жүк ташуучу автоунаа боюнча келтирилген зыян 2 миллион 650 606 сом суммада толугу менен кайтарып алууну камсыздады.
Азыркы убакта Кызмат Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында ушундай фактыларды аныктоого багытталган текшерүү иш-чараларын улантып жатат.
Урматтуу жарандар ЭККМК Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык көңүлүңүздөрдү төмөнкүгө бурат (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесине эскертүү – Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган кылмышты биринчи жолу жасаган адам, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо жана контрабанданын предмети болуп саналган товарларга жана башка предметтерге бажы декларациясын жүргүзүү жана чыгаруу менен туумдарды кошуп алганда, тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасынын эки эселенген өлчөмүн өз ыктыяры менен төлөгөн учурда жазык жоопкерчилигинен бошотулат).
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ