Menu

Ушул жылдын 15-октябрында колдонууга кире турган жаңы нормативдик- укуктук документтерди практикада колдонуу боюнча судьяларды окутуу башталат

Бөлүшүү:

Бүгүн,  2018-жылдын  4-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Гульбара Калиева жергиликтүү соттор менен видеоконференция өткөрдү.  Кеңешме жергиликтүү сотторго  “ тергөө судьясы”  штат  бирдигин киргизүүгө арналган.

Төрайым  Гульбара Калиева кеңешменин катышуучуларына   Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору жактыргандыгын  маалымдады.  Мыйзам долбооруна ылайык, «тергөө судьясы» институтун киргизүү максатында, жергиликтүү сотторго кошумча 56 штат бирдигин киргизүү сунушталууда. Ошондой эле Төрайым,  аталган мыйзам долбоору  Жогорку Кеңештин  жалпы жыйынында каралаарын кошумчалады.

Облустук жана райондук соттордун төрагаларына  пландалып  жаткан  окууларга судьялардын тизмесин берберүүдө талапкерлер кандай  негизде негизде сунушталып жатканын тактап жөнөтүүнү тапшырып,   судьялардын  тажрыйбасын  жана адистигин дагы эске алуу белгиленди.

Төрайым  ушул жылдын 15-октябрынан тартып  лекторлор  судьяларга суроо-жооп форматында окууларды баштай тургандыгын билдирди.

Мындан тышкары, Төрайым Гульбара Калиева  жаза аткаруу мекемелери, абак  жана тергөө изоляторлору ошондой  эле  убактылуу кармоочуу жайлары жайгашкан аймактарда көбүрөөк судьяларды  окутуу  керек экендигин  айтты. Аны менен бирге эле жаңы кодекстердин  колдонууга кириши менен декриминализация  жана депенализация процессинде   өлкө сотторуна  иштердин жана материалдардын көп түшүшү ыктымал деп  кошумчалады.

Өз кезегинде Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы боюнча Төрайымдын орун басары Каныбек Бокоев   судьялар  жаңы кодекстерге  өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасоо  керек экендигин белгилеп, убакыт өтө калгандыгын эскертти. Буга чейин Жазык-процесстик кодексинде  441 статья болсо, эми жаңы кодекс боюнча 535 статья болоорун айтып,  жаңы институт болуп кирип жаткан тергөө судьясына 43 статья арналаарын кошумчалады.

Видеоконференциянын соңунда  Төрайым Гульбара Калиева  судьяларды  2019-жылдын 1-январынан  күчүнө кире турган  жаңы кодекстерди кылдат иликтеп, даярдык көрүп, эмгек жана аткаруу тартибин   сактоого чакырды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: