Кыргызстандын ички дүң продукциясынын номиналдык көлөмү 2018-жылдын январь-сентябрь айларында 368 млрд сомду түзүп, 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1,2%га кобөйгөн. Бул тууралуу 10-октябрда Улуттук статистикалык комитетинин басма сөз кызматы билдирген.
Ошол эле учурда өлкө боюнча күндөлүк керектөөчү товарларга болгон баалар 1,1%га төмөндөгөн. Ал эми Нарын жана Ош облустарында көрсөткүч тескерисинче 1,4 жана 0,3%га көтөрүлгөн.
Иштелип чыгуучу продукциянын көлөмү үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде 4,7%га төмөндөп, 168 млрд сомду түзгөн.
Бул көрсөткүчтүн азаюусуна өлкөдө темир кендеринин ишмердүүлугү 65,9%га кыскарып, кымбат баалуу металлдарды өндүрүү 8,9%га төмөндөгөнү себеп болгон.
Аны менен бирге, аталган убакыттын ичинде нефть продукциясын, жеңил өнөр жай тармагын, резина менен пластмасс азыктарын жана ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүүдө өсүү байкалган.
Айыл-чарба тармагында өндүрүштүн 2,4%га, курулуш тармагында 7,2%га, дүң жана чекене соода алып барууда 5,6%га өсүүсү байкалган.
Ошондой эле Каржы министрлиги 2017-жылы ички дүң прдукциянын көлөмү 520,9 млрд сомдон ашып, 2016-жылга салыштырмалуу 4,6%га, ал эми колдонуучу индекси өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 3,2%га көбөйгөнүн билдирген.
Кыргызстандын ички дүң продукциясынын иштеп чыгуу өнөр жайы 2017-жылы 94,9 млрд сомду, же өлкөнүн ИДПсынын 18,2% түзгөн. Анын өсүү темптери 2016-жылга салыштырмалуу 10,3%га көбөйгөн.Өлкөнүн экономикасына айыл-чарба секторунун кошкон салымы 2017-жылы 64,2млрд сомдон ашкан, башкача айтканда республиканын ИДПсынын 12,3% түзгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ