Menu

Кыргыз фермерлери мал башын жана үй канатууларын көбөйтүүдө

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү 2018-жылдын  январь-сентябрь айларында дыйкандар 283,7миң тонна тирүү эт азыктарын өндүргөн, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле убагына салыштырмалуу  2,1%га көп, аталган маалыматты 16-октябрда  Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Эт азыктары мал башынын жана үй канаттулардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу болгонун аталган ведомстводо айтышты.

Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде сүт азыктарын чыгаруу 2,1%га көбөйгөн, бул көрсөткүч саан уйлардын саны 19,8 миңге көбөйгөндүгүнө байланыштуу болгон.

Алынган сүттүн жалпы көлөмү 1 млн 239,4 миң тоннаны түзгөн.

Кыргызстандын бардык аймактарында жумуртка жана жүндүн  өндүрүлүшү жогорулаганы байкалган. Аталган убакыттын ичинде өндүрүлгөн жумуртканын саны 421,7 млн даанага жеткен, 2017-жылдын  январь-сентябрь айларына караганда  3,9%га көп.

Ошондой эле дыйкан  чарбалар 2018-жылдын 9 ай ичинде 12,8миң тонна жүн өндүргөн, бул былтыркы жылга салыштырмалуу  1,4%га көп.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: