Menu

Казакстан Кыргызстандан чыгарылган этке койгон чектөөсүн алды

Бөлүшүү:

Бүгүн,19-октябрда Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан  чыгарылган эт азыктарына карата убактылуу киргизген чектөөсүн  алды. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын маалымат катчылыгы маалымдады.

Маалыматка караганда, Казакстан   Кыргызстанда  эпизоотикалык абал туруксуз деп шектенип,  өлкөдө өндүрүлгөн 5 ишкананын азыктарына чектөө киргизген.

Инспекциянын катчылык кызматы биздин өлкөдө мындай маалымат чыкпагандыгын, чындыгында жаныбарлар арасында оору жайылып жатат деген шектенүүгө негиз жок болгондугун, буга карабай Казак тарап  12-октябрда эт азыктарына убактылуу чектөө киргизгендигин,  Кыргыз тарап өлкөдө эпизоотикалык абал туруктуу экенин далилдеген документтерди жөнөткөндөн кийин гана, кечээ 18-октябрда  чектөөнү алышкандыгы тууралуу айтат маалыматында.

Катчылыктын маалыматында Казакстан  “Кант Нан заводу”,  “Риха” ЖЧКсы, “Салих”,  “Баркад” ЖЧКсы,  ЖЧКсы, “Адал-Азык” ЖЧКсы ишканаларына  чектөө киргизген.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан “Алматы облусундагы канаттуулар фабрикасында куш тумоосу жайыла баштады” деген шек саноо менен 8-октябрда Казакстандан тоок эттерин киргизүүгө чектөө киргизген.  Казакстан аталган аймакта абал туруктуу экенин тастыктаган соң  Кыргызстан убактылуу киргизген чектөөнү  алган

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: