Menu

Асынып турган жеринен табылган Эрмек Касымовдун сүйлөшкөн кызы андан келген акыркы смс билдирүүнү жарыялады

Бөлүшүү:

Маркум Эрмек Касымовдун сүйлөшкөн кызы Аида (ысымы өзөртүлгөн) журналисттерге берген маегинде алар Эрмек экөө 2 жылдан бери сүйлөшүп жүрүшкөнүн билдирген. 18-октябрь күнү Аиданын туулган күнү болчу. Ага чейин Эрмек ага белек катары жаңы телефон алып келип берген. Бул тууралуу Turmush басылмасы жарыялады.

“Ал телефонду мага туулган күнүмө арнап алып келгенин айткан. Баардыгы жакшы болчу, анын маанайы дагы көтөрүнкү эле, биз келечекке максаттарды куруп, бири-бирибизди сүйчүбүз.”-деп билдирген ал.

Кыздын айтымында, 21-октябрьда саат 15.00 чамасында ага Эрмектен смс келген. Анда ал айылдашы жазган мал уурдады деген  арызга катышы жок экенин, жана эч күнөөлүү эместигин билдирген.

“Смс күндүз келген, мен ага телефон чалганымда ал жооп берген эмес. Кечинде ал кайра чалып эшикке чыгууну суранды. Мен чыгып, биз сүйлөшүп турдук, ана ал бул биздин акыркы жолугушуубуз экенин, экинчи көрүшпөсүбүздү айтты. Мен ага мындай айтуу туура эместигин, баары али алдыда экенин айттым. Ал үйүнө кеткен, мен өз үйүмө киргем. Эртеси күнү чабандар аны талаада бакта асынып турган жеринен табышыптыр. Милициянын аны мал уурдады деп айткандарына ишенбейм. Ал андай эмес. Биз экөөбүз 2 жыл сүйлөшкөнбүз Ал иччү эмес, тамеки чекчү эмес, эки жака дагы көп басчу эмес, өзүн туура алып жүрчү,” – деп айтып берген Аида.

Эрмек менен Аида келечекке максаттарды куруп, эмки жылы күзүндө баш кошкону жатышкан.

“Мен 11-классты бүтөөрүм менен мага үйлөнөм деп жаткан. Мен университетке тапшырып, жок дегенде 1-курсту аяктоом керек деп айткам. Биз балдарыбыздын бактылуу ата-энеси болууну кылялданчубуз. Чоң үй бүлө куруп, бактылуу болсок дечибиз. Эми болсо ал жок. Мунун баары кээ бир адамдардын туура эмес иштеринин жана тыянактарынын кесепетинен болду,” – деп билдирген кыз.

Ысык-Көл облусунун ИИБда Эрмек мал уурдап, аны  12 миң сомго сатып, ал каражатка мобилдик телефон алган деген маалыматты таратышкан.

Маркумдун атасы Нурлан Асанбеков болсо анын уулу телефонду өз эмгеги менен тапкан акчага сатып алганын билдирген.

Бирок Ак-Суу районуну ИИБнин кызматкерлери кыздын үйүнө келип, телефон уурдалганын айтып, ага түшүнүк кат жаздырып, телефонду алып кетишкен. Кыз бойго жете элек, (2001-жылы туулган), бирок милиция кызматкерлери өткөргөн иш-чаралары жөнүндө анын ата-энесин маалымдашкан эмес. Бирок алынган телефонду материалдык далил катары сейфке сактоого салуунун ордуна милициянын Адилет аттуу кызматкери аны өзү алып алган.  Аны көрүп, телефонду  эмне үчүн  сейфке салып койбогондугун сураганда ага бул анын иши эмес экени деген жооп алган.

Ысык-Көл облусунун ИИБи буга чейин Эрмек аттуу жигит 22-октябрь күнү бакка асынып алгандыгы тууралуу маалымат тараткан. Бул маалымат боюнча Ак-Суу районунун оперативдик-иликтөө тобу окуя болгон жерге барган. Бөрү-Баш айылынын четиндеги талаанын батыш тарабында  Эрмек Касымов бакка асынып турган жеринен табылган. Күбөлөрдүн катышуусунда “Челпек” айылынын үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана сот-медициналык экпертизасынын кызматкери маркумдун денесин көрүү жүргүзүшкөн. Сырткы текшерүүдө даарыгерлер анын мойнунда жиптин изин табышкан. Аталган факт Ак-Суу райондук ИИБне катталып соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Облустук милициянын маалыматына караганда, Ак-Суу райондук ИИБна Бөрү-Баш айылыны тургуну К.Жыпаркүл арыз менен кайрылган. Ал арызында октябрдын 14нө караган түнү белгисиз адамдар анын сарайынын эшигин сындырып кирип, үч койун уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт милицияга катталып, ошол эле күнү уурулукка шектүү деп Эрмек Касымов кармалган. Ал мал уурдаганын мойнуна алып, аны атасынын “Митсубиси” үлгүсүндөгү унаасы менен Каракол шаарындагы мал базарга алып барып,  белгисиз адамдарга 12 миң сомго сатып, ал акчага сүйлөшкөн кызынын туулган күнүнө телефон сатып алганын билдирген.

Нурлан Асанбеков милициянын кызматкерлери анын уулуна күнөөнү мойнуна алдырыш үчүн ур-токмокко алып, башына баштык кийгизип кыйнап, суу толтурулган бөтөлкө менен сабаганын, кылмыш ишин токтотуу үчүн 70 миң сом талап кылышканын, эгерде макул болбосо уулун баңгизат менен кармалды деген айып менен түрмөгө отургузабыз деп коркутушканын билдирген.

Маркумдун атасы Нурлан Асанбеков

Кыргызчалаган:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: