5-6 класстарга арналган ичинде ката толо басылып чыккан китептерди колдонууга берүү фактысы боюнча атайын комиссия текшерүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин отурумунда Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда Билим берүү министрлигинин Дүйнөлүк Банктын долбоору менен иштеген бөлүмүнүн жана Кыргыз билим берүү академиясынын бул иште кетирген күнөөсүнүн деңгээли аныкталууда. Жазага тартуу тууралуу чечим текшерүү бүткөндөн соң кабыл алынат.
“Биз китеп басып чыгаруудагы бүт укук-нормативдик базаны карап чыгууга аракет кылдык. Анда сынак жарыялангандан тарта китептерди тираждоого чейинки баскычтар каралды. Апробация маселесине чоң көңүл бурдук. Системаны толугу менен өзгөрттүк. Эми болсо акцентти бир конкреттүү мугалимге жасап жатабыз. Компетенттүү мугалимдердин базасы түзүлдү. Алар 8-9 класстар үчүн басылуучу кол жазмаларды апробациялоону баштоодо. Окуу куралдарды тираждоого карата сынактын жүрүшүн дагы, аны жарыялоону дагы болушунча ачык кылууга аракет кылабыз”-деп белгилеген министр.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ